Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫНЫН БУЙРУГУ
2024-жылдын 2-августу № 199
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине (мындан ары – Бирдиктүү реестр) киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) Мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий сапарлар форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (Бирдиктүү реестрдин 10-главасынын 15-пункту) жана
2) Мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий сапарлар форматынан тышкары иш-чараларды, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (Бирдиктүү реестрдин 10-главасынын 16-пункту) тиркемеге ылайык.
2. Маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмү ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлгөн буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө эки нускада ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
3) ушул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук мекемелердин жетекчилерине жеткирсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Б.Э. Салимжановго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу |
| К.Туманбаев |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын
2025-жылдын 30-июнундагы № 163 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ