Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 15-сентябрындагы № 34/VI-27
Кант шаарындагы коллектордук-дренаждык тутумдарды жана башка агын сууларды чыгаруу тутумдарын реабилитациялоо жөнүндө
Инженер-гидротехник, Кыргыз Республикасынын суу чарбасынын отличниги
С.Б. Андрусевичтин «Кант шаарынын коллектордук-дренаждык тармактарын жана башка агын сууларды чыгаруу тутумдарын реабилитациялоо жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап
Жалпыга маалым болгондой, Кант шаары жер астындагы суулар кысылган аймакта жайгашкан. Жыл сайын өткөрүлгөн мониторингге ылайык, байкоочу кудуктардын жана көзөмөлдүк бургулоолордун тутуму аркылуу акыркы 20-25 жылда жер астындагы суунун деңгээли орто эсеп менен 0-2 мге чейин көтөрүлүп, акыркы 10-15 жыл ичинде жылдагы суунун абалына жараша жол берилбеген деңгээлде туруктуу болуп келгени аныкталган.
Жер астындагы суулардын эң жогорку деңгээли шаардын түштүк бөлүгүндө – БЧЧКнын таасир этүүчү зонасында жана өзгөчө вегетация мезгилинде канал сууга толгон учурда капталдарындагы топурактар аркылуу фильтирленип өткөн мезгилде байкалат. Жер астындагы массивдерде топтолгон жер астындагы суулар кыртыштын өзгөчө суу-физикалык жана механикалык касиеттерине ылайык төмөнкү горизонтторго жана андан ары Чу дарыясына эркин агып чыгууга ээ эмес. Натыйжада, ашыкча жер астындагы суулар күндүзгү бетине кысылып чыгат (УГВ = 0-0,5 м.)
Каралып жаткан жер астындагы суулардын кысылышы жана тайыздыкта пайда болуу зонасы пролювий-аллювий түздүгүнүн Ысык-Ата районунун түштүк бөлүгү менен чектелет жана стихиялуу агып чыгууну камсыз кылуучу жогорку пьезометриялык деңгээли бар басымдуу суулуу горизонттордун болушу менен мүнөздөлөт. Натыйжада жер астындагы суулардын интенсивдүү агып чыгуусунан жердин саздакталышы жана шорлонуусу пайда болот.
Кант шаарынын кийинки шарттуу зонасы болуп Чупра каналынын астынан Бишкек- Торугарт автожолуна чейинки аймак эсептелет. Бул аймакта жер астындагы суулардын деңгээли 0,5-1,0 м тереңдикте жайгашкан.
Үчүнчү шарттуу зона - Бишкек-Торугарт автожолунан шаардын түндүк чек арасына чейинки массивде жайгашкан, мында жер астындагы суунун деңгээли 1,0 мден 2,0 мге чейин.
Колдонуудагы ченемдик классификация боюнча жер астындагы суулардын деңгээли 0-2,0 м болгон калктуу конуш суу каптаган кризистик зонада жайгашкан. Жыйынтык жөнөкөй – Кант шаары коркунучтуу суу каптаган абалда турат.
Мурда шаарда бирдиктүү коллектордук-дренаждык тутум (КДС) иштеп келген. Учурда бул тутум талкаланган же шаардын айрым бөлүктөрүндө чачыранды түрдө шаардын сыртына дренаждык сууну эркин агыза албай иштеп жатат, бул инженердик жана илимий көз караштан алганда таптакыр жол берилгис көрүнүш болуп эсептелет.
Бул КДТ жетимишинчи жылдары компетенттүү советтик адистер тарабынан долбоорлонгон жана курулган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал кимдир бирөөлөргө тоскоолдук кылып, кызыкчылыктарын чечүүгө ыңгайсыздык жарата баштаган. Акыры, тиешелүү шаардык кызматтардын аракети жоктугунун жана жоопкерчиликсиздигинин натыйжасыда жана жергиликтүү бийлик органдарынын унчукпай макул болгондугунан улам КДТ акырындык менен жоюлуп, кайсы бир убакта бул тутум бирдиктүү механизм катары иштебей калган. Ашыкча суулар иштеген коллекторлорго жана дренаждарга топтолгон эмес, шаардын сыртындагы дренаждык тутумга куюлган эмес. Бул жылдар аралыгында алаарыбызды алдык, бирок жакынкы келечекте шаар жашоого жараксыз жерге айланат.
Шаардын ыңгайсыз аймактарын изилдөө жана жашоочулар менен жолугушууда төмөндөгүлөр аныкталды. Эл огороддорун айдай албай, үйлөрдү, гараждарды, жертөлөлөрдү, ажатканаларды суу каптап, сууну жылына 2-3 жолу сордурууга туура келет. Жер астындагы суулар үйлөрдүн пайдубалдарын, бетон аянтчаларын жана жолдордун бузуулуусуна алып келүүдө. Дубалдарды бойлото пайдубал аркылуу ным көтөрүлүп, имараттын ичинде нымдуулук пайда болот, полдун астында көк пайда болот. Бетон фундаментке салынган дарбазалар, тосмолор жер астындагы тоңгон суулардан улам жарылууда. Турак жайларда жана чарбалык курулуштарда туруктуу нымдуулук алардын бузулушуна өбөлгө түзөт жана күтүлбөгөн чыгымдар менен үзгүлтүксүз оңдоо иштерин жүргүзүүгө мажбурлайт. Ашыкча нымдуу аба жана турак жайлардын ичиндеги дайыма нымдуулук оорулардын көбөйүшүнө алып келип, шаар тургундарынын өмүрүнүн кыскарышына шарт түзөт.
Мындан тышкары азыркы мезгилде биз жер бетиндеги глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшү көйгөйүнө көз жумуп коё албайбыз. Көптөгөн дүйнөлүк болжоолор боюнча жакшы климат күтүлбөйт.
Климаттын өзгөрүшү - бул жамгыр, нөшөр, мөндүр, суу каптоо, суу ташкыны, сел ж.б. Ал эми Кант шаарында селдин суусу кеткен канализациясы, арыктар жок, коллектордук-дренаждык тутуму бирдиктүү организм катары иштебейт, б.а. шаар жогорудагы белгиленип өткөн кырсыктарга, ал тургай ашыкча жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды агызууга байланыштуу учурдагы көйгөйлөргө таптакыр даяр эмес.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Б. Андрусевичтин «Кант шаарынын коллектордук-дренаждык тармактарын жана башка агын сууларды чыгаруу тутумдарын реабилитациялоо жөнүндө» маалыматы №1-2-тиркемелерге ылайык эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы менен биргеликте Кант шаарынын мурдагы КДТ жана башка агын сууларды чыгаруучу тутумдарын калыбына келтирүү боюнча толук комплекстүү оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Кант шаарынын мэриясы ишти этап-этабы менен шартсыз ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды (инвестиция ж.б.) караштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жана Кант шаарынын вице-мэрине (Мусаев У.М.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |
|
| № 1-тиркеме |
Кант шаарындагы реабилитациялоого тийиш болгон
негизги (артыкчылыктуу) суу чарба объекттеринин тизмеси
1. ББЧК трассасынын боюн (түндүк тарабы) кесип өтүүчү коллекторду куруу.
2. Темир жол трассасындагы коллекторду реконструкциялоо (түштүк тарабы).
3. Чупра коллекторун капиталдык оңдоодон өткөрүү.
4. Дренаждарды механикалык тазалоо жана жол боюндагы түтүктөрдү тазалоо Полевая көч.
5. Дренаждарды механикалык тазалоо жана темир жолдун астындагы түтүктөрдү тазалоо Люксембург көч.
6. жол боюндагы түтүктөрдү тазалоо Ленина көч.17.
7. Чехов көч. Ванахун жана Жакыпов көч. аралыгындагы дренаждарды механикалык тазалоо.
8. Ленин көч.алдындагы түтүктү тазалоо Забайкальская көч.
9. Дзержинский көч.алдындагы түтүктү тазалоо жана “Жеңиш” паркындагы аркт тутумдарын оңдоо.
10. Совет көч. Гагарин көч. жана цемент завод айланма жолунун боюндагы Эмен багындагы коллекторду калыбына келтирүү.
11. Райондук ооруканадан кийинки Милянфан жолунун боюндагы коллекторду капиталдык оңдоо жана 1-кич.районунан гаражга чейин жолдун астындагы тутумдарды тазалоо.
12. Кант типографиясынын жанындагы коллекторду механикалык тазалоо.
13. Дачная көч.дренажды механикалык тазалоо.
14. Октябрь –Куренкеев көч.дренаждарды тазалоо.
15. Зеленая көч. дренажды калыбына келтирүү (оорукана тарап).
16. Фрунзе көч. ортосуна дренаж куруу.
17. Зеленая көч.астына (1-кич.рай.) темир-бетон түтүгүн орнотуу.
18. Бакинская көч.дренажды механикалык тазалоо. 2 кич.рай. тартып Ленин көч. боюндагы сол тараптагы дренажды калыбына келтирүү жана Панфилов көч. менен Ленин көч. астындагы түтүктөрдү тазалоо.
|
| № 2-тиркеме |
«Эко-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) 1998-жылдын 24-августунан тартып өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бардык уруксат кагаздарына жана 1-даражадагы жоопкерчилик лицензиясына ээ.
Жогорку квалификациялуу кадрларга, заманбап технологияларга, жакшы материалдык ресурстарга жана жабдууларга, долбоордук ишмердүүлүктө көп жылдык тажрыйбага ээ. «Эко-Сервис» республиканын тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлоо тармагындагы абройлуу уюмдардын бири болуп саналат.
Өз ишмердүүлүгүндө “Эко-Сервистин” адистери долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгышты жана төмөнкү негизги объекттерде экологиялык изилдөөлөрдү, инженердик геотехникалык жана геодезиялык иштерди жүргүзүштү:Кумтөр, Ширальджин, Джеруй, Терексай, Талдыбулак, Левобережный, Иштамберды, Шамбесай, Кра-Казык, Кумбель, Чаарал, Куранджайляу, Солтон-Сары алтын кендери; Бозымчак, Андаш, Куру-Тегерек жез-алтын кендери: Трудовое, Учкошкон, Кенеу калай-вольфрам кендери;
Кутисай сейрек кездешүүчү металлдар кени, Жогорку-Нарын гидроэлектростанция каскады объектиси.
Кызматтар:
1. Объекттердин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу (инженердик инфратүзүм жана аймакты коргоо).
2. Объектти архитектуралык долбоорлоо (өнөр жай багытындагы коомдук имараттардын объектилери жана курулуштар).
3.Курулуштук долбоорлоо жана конструктурлоо (өнөр жай багытындагы коомдук имараттардын объектилери жана курулуштар, жолдор, транспорттук курулуштар, көпүрөлөр)
4. Технологиялык долбоорлоо (отоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, коммуналдык чарба объектилери)
5. Гидротехникалык жана мелиоративдик курулмалар (калдык сактоочу жайлар, дамбалар жана каналдар).
6. Ички жана тышкы инженердик тармактарды, тутумдарды жана курулмаларды долбоорлоо.
7. Бөлүштүрүү аппараттары жана трансформатордук подстанцияларэлектр зымдары.
8. Суу жабдыктары жана канализация.
9. Откана.
10. Жылуулук тутуму.
11. Долбоордун атайын бөлүмдөрүн иштеп чыгуу (айлана-чөйрөнү коргоо, курулушту уюштуруу, техникалык-экономикалык негиздеме, смета, ОВОС.
12. Башкы долбоорчунун функцияларын аткаруу.
13. Инженердик-геодезиялык изилдөө (топографиялык сүрөттөр, линиялык сүрөттөр, геодезиялык трассанын базасын түзүү)
14. Курулуш-обьектилердин астында инженердик-геологиялык изилдөө.