Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706
токтому менен бекитилди)
Жергиликтүү бюджеттерге республикалык
бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү
тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартибин жана жол-жобосун аныктайт.
2. Бюджеттик ссудаларды берүү тартиби
2. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик жылдын ичинде эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча, тамак-аш азыктарын, медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, социалдык төлөмдөргө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоо, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттердин финансылык кыйынчылыктары болгон учурда берилет.
3. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселени кароо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине жөнөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө маселени демилгелейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселелерди кароо үчүн зарыл болгон документтер:
1) тиешелүү мезгилде жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин аткарылышы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар;
2) тиешелүү мезгилде чыгашалардын бардык беренелери боюнча кредитордук карыз жөнүндө ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча маалыматтар;
3) тиешелүү мезгилде мурда алынган келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле аларды төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын бюджеттик ссуда берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык документтердин тизмеги берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө бул кайрылууну карабай коюуга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат.
9. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссуданы берүү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык Бюджеттик ссуда жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан кол коюлат жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт.
10. Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим 3 нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт жана кол коюлат.
3. Бюджеттик ссудаларды берүү мөөнөтү
жана бюджеттик ссудаларды максаттуу
пайдалануу үчүн жоопкерчилик
11. Бюджеттик ссуда жергиликтүү бюджеттерге кайтарымдуу, мөөнөттүү жана пайызсыз негизде берилет. Бюджеттик ссудалар 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик ссуданы максаттуу пайдалануу жана келишимде белгиленген мөөнөттө аны өз учурунда кайтаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Алынган бюджеттик ссуданы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары максаттуу багыты боюнча пайдаланбаган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.