Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 токтомуна)
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө МЕТОДИКАСЫ
1. Бул Методика жабырлануучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүүдө камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө тартибин (мындан ары - Методика) аныктайт жана жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруунун (камсыздандыруу төлөмүнүн) суммасын аныктоо үчүн, ошондой эле ушул Методиканын тиркемесине ылайык жабырлануучунун жаракатына жана ден соолугунун бузулуу даражасына жараша анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебине компенсацияны аныктоо үчүн критерийлерди (мындан ары - Критерийлер) белгилейт.
2. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат, атап айтканда:
1) ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча ташуу учурунда жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян боюнча;
2) кооптуу өндүрүш объекттерин эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча кооптуу өндүрүш объектиндеги авариянын натыйжасында үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян боюнча;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча транспорт каражатын эксплуатациялоодо жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян боюнча;
4) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян боюнча.
3. Камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча бир жабырлануучуга көрсөтүлгөн пайыз менен туюндурулган камсыздандыруу суммасын Критерийлерге көбөйтүү жолу менен эсептелет.
4. Эгерде жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыян ар түрдүү мүнөздө болсо жана ушул Методиканын тиркемесине ылайык Критерийлердин бир нече пункттарында каралган болсо, анда камсыздандыруунун ордун толтуруунун өлчөмү Критерийлерди кошуу жана келип чыккан сумманы жабырлануучунун ден соолугуна келтирген зыян үчүн жарандык жоопкерчиликтин тобокелдиги боюнча көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
5. Жабырлануучунун майыптык алгандыгына байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруунун өлчөмү жаракаттын кесепеттери менен шартталган, жашоо-тиричиликтин чектелишине (жарандын өзүн-өзү тейлөө, өз алдынча кыймылдоо, багыт алуу, баарлашуу, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо, билим алуу же эмгек ишин жүргүзүү жөндөмүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу) алып келген органдардын жана системалардын функцияларынын катуу жабыркоосу менен коштолгон ден соолуктун бузулуусу, майыптуулуктун тобу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда белгиленген тартипте аныкталат жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдү түзөт:
- I топ - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
- II топ - 150000 (бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндө;
- III топ - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
- "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясына - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө.
6. Майыптуулукка байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын төлөө жабырлануучуга майыптуулук белгиленген учурда майыптуулукка байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндө белгиленген майыптуулук тобун жана жабырлануучунун ден соолугунун бузулуусунун мүнөзүнө жана даражасына жараша мурда төлөп берилген камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 токтомуна)
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө МЕТОДИКАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)