РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы ПТ № 269 («Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун кайра атоо жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 18.11.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 18-ноябры ПТ № 269

 

Жарандардын руханий потенциалын жана диний агартуусун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, диний сабырдуулукту чыңдоодо мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду "Ыйман" коомдук фонду болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров