Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 719
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328, 2026-жылдын 25-апрелиндегт № 289 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият, спорт, илим жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 23-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 23-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
"21) "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 21-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;