ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 8
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 7-кезектеги сессиясынын № 3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, үй-бөлөлүк бюджетке чоң зыян алып келип жаткан, ашыкча үрп-адат, каада-салттарды кыскартуу боюнча Жобоону бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9-мартындагы № 02 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203 Жарлыгына таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгына карабастан, бир топ кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн демилгелүү топтун иштеп чыккан Жобоосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл имамдарынын, аксакалдар сотунун, айыл аксакалдарынын жана аялдар кенешинин, мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 2021-жылдын 19-ноябрындагы кезектеги № 7- сессиясынын № 3 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн комиссия курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен комиссия курамына Кызыл-Тейит айылынын имамы М.Исаков жана Темир-Корук айылынын имамы А.Дыйкановдор менен комиссиякурамы толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгында көрсөтүлгөн каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү иш-чараларды алып баруу түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу жагы имамдарга, айыл башчыларга, көчө комитеттерине жана айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |
|
| Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышы) 2022-жылдын 10- мартындагы № 8 Токтомуна Тиркеме |
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жарандардын үй -бүлөлүк экономикасына зыян тийгизүүчү ашыкча чыгым алып келүүчү, үрп -адаттарды, ырым-жырымдарды, каада салттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү
ЖОБО
Бул жобо коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды, үй-бүлөлүк үрп- адаттарды, коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан бидъаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирет жана андагы зыяндуу ашыкча убаракерчиликти, ысырапкерчиликти, ыгым- чыгымды жоюу менен жарандардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык социалдык жактан корголушун камсыздап,улуттук руханий маданияттын чыныгы баалуулуктарын аруулап таанууга, сактап калууга элдик каада салттарды урматтоого негиз болот.
Жобо Кыргыз Респуликасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2007-жылдын 7-февралында сунуштаган маркумду акыркы сапарга узаттуу жөнүндөгү жобосунун айылдык кенештерди жана жер жерлерде жалпы жыйындарда талкууланган сунуштардын негизинде иштелип чыкты. Жобого ар бир айыл өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүдө чек коюлбайт.
1. Жобонун максаты, милдетинин жана аракетинин чектери.
1. Бул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын коомдук жашоо турмушундагы ашыкча ыгым чыгымдарды жоюу менен Кыргызстандын жалпы элинин социалдык экономикалык таламдарын коргоо, үй бүлөлүк жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жарандардын турмушундагы социалдык экономикалык бекем пайдубалы моралдык нравалык баалуулуктарды адамдык, үй бүлөлүк улуттук элдик укуктарды камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.
2.Жобонун милдети элдик салттуу маданияттын жана дүйнөлүк азыркы цивилизациянын жетишкендиктеринин негизинде улуттук каада салттарды, үй бүлөлүк үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана коомдук салтанаттарды тартипке келтирүү болуп саналат.
3.Жобонун аракети бардык мамлекеттик органдарга коомдук уюмдарга, мекемелерге, бардык жарандарга жайылтылат.
4.Жобону турмушка ашыруу функциясы айылдык кенешке караштуу тиешелүү туруктуу комиссияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана алар ыксыз чыгымдарды талап кылган каада салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча чектөө иш чараларын киргизген айрым жерлердеги иш тажрыйбаларды жайылтат жана өз аймагындагы эл арасында жергиликтүү коомдук жана диний уюмдар, топтор аркылуу, маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү иш-чараларды өткөрөт .
Жобо аймактын жергиликтүү кенеши тарабынан бекитилет.
5.Жобону жүзөгө ашыруу айыл өкмөтүнүн алдында ашыкча чыгымдарды жана ашыкча үрп -адаттарды, каада салттарды тартипке келтирүү боюнча коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу комиссия түзүлөт жана жумушчу комиссия өзүнүн иш-чара планын иштеп чыгып, анын негизинде жобону ишке ашырат.
6. Жобонун аткарылышы жана жумушчу топтун ишинин айылдык аймактын жалпы жыйыны, айылдык кенеш жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып турат.
II. Ашыкчы чыгымдарды жана ашыкча үрп адаттарды, каада салттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ыйгарымдуулук укуктары:
Ушул жобонун жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык каада салттарды, үрп -адаттарды, ырым -жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүүнү көзөмөлдөө.
Каада салттарды, үрп -адаттарды, ырым -жырымдарды, тойлорду, майрамдык аземдерди үнөмдүү өткөрүү үчүн эрежелерди сунуштарды иштеп чыгуу.
Каада салттарды, үрп -адатттарды, ырым -жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелерди тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана калк арасында агартуу жана үгүттөө иштерин жүргүзүү,
Жарандардын укугун коргоодо жеке жана юридикалык жактарга иш чараларды өткөрүүдө көмөк көрсөтүү.
Бул жоболор сакталбаган учурда комиссия жана коомдук комитеттер керектүү кагаздарды даярдап, укуктук жана коомдук таасир этүү чарасын көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтөт.
III. Расмий салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убаракерчиликти жоюу:
Кыргыз Республикасынын Конституциясында кабыл алынган расмий майрамдарды белгилеп, мамлекеттик мыйзамдуулуктун чегинде өткөрүлөт.
Окуу жайларда, мектептердин окуучулардын турмушунда мурда салтта болбогон убаракерчиликтерге мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир тийгизген туулган күн, классташтар отурушу сыяктуу кечелерди уюштуруу, акча топтоп белек алып берүүлөргө элибиздин менталитети туура келбеген юбилейлерди өткөрүүгө чек коюлат. (Мектепти бүтүрүүчүлөр 10.20.30 ж.б. жылдык юбилейлерин белгилөөдө мектеп үчүн зарыл болгон буюмдарды макулдашуу менен белекке берүү сунушталат.)
Элдик салтта орду жок, кийинки кездерде келип чыккан абысындар отуруш, бажалар отурушу, туугандар отурушу, ажылар отурушу, кудалар отурушу, келиндер отурушу сыяктуу иш-чаралар өткөрүүгө чек коюу.
IV. Маркумду узатуу;
1.Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
2.Маркумду акыркы сапарга узатуу ар бир айылдын улуттук диндик өзгөчөлүктөрү эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
3. Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун урук туугандары, туугандарына кудаа сөөктөрүнө карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну жайгаштырууну кайра узатууну уюштуруу, сөөктү коюу күнүн убактысын белгилөө жана маркумдун жайын каздыруу жагы айыл башчысы, имам, айыл аксакалдар кенешинин жетекчиси, көчө комитетинин жетекчилиги аркылуу аныкталып уюштурулат. Маркум өткөн күнү жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан 3 күн ичинде коло-коңшулар жана жакын туугандары каражат жагынан жардамдашып, алыстан келген меймандар үчүн ысык тамак уюштурса болот. Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдик куюуга тыюу салынат. Маркум өткөн жерде жыртыш айрууга, коробка көтөрүп келүүгө, чыны берүүгө, көк кийүүгө, батага 30 жашка чейинки кыз-келиндердин келүүсүнө тыюу салынат, аза күткөндөргө салтанаттарга кийүүчү улуттук кийимдерди кийгизүүгө тыюу салынат. Уюштуруу иштерине бекитилген кишилер гана катышат.
4. Сөөк коюудан 3 күн өткөндөн кийин шартына жараша маркумдун үй-бүлөсү тарабынан бир жандык союп ихсан кылууга уруксат берилет.
5. Курбан айт, орозо айт (майрам) күндөрү маркум чыккан үйлөрдө куран окутуп, “айттык” өткөрүү тыюу салынсын.
6. Бейшембилик, кырктык, элүү экилик, жылдык сыяктуу ашыкча расымдар өткөрүлбөйт. Кийим кийгизмей, союш жетелеп баруу, чай ичирди болбойт.
7. Жакынын жоготкон үй-бүлөгө каражат жагынан колдоо көрсөтүүгө чек коюлбайт.
Жободо уруксат берилбеген ашыкча ысырапкерчиликтер үчүн куран окуган имамдарга чара көрүү сунушталат.
V. Үйлөнүү жана кыз узатуу тойлорун өткөрүү.
1. Үйлөнүү тою эки жашка тең мыйзамда уруксат берилген куракка жеткен инсандарды өз ыктыярлары менен эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлөт. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине сый кийимдерди белектерди берүүгө уруксат берилет.
2.Пата той, көчүрүп келгендерди сыйлоо, күйөө балдарды сыйлоодо ашыкча ыгым-чыгымдар жоюлсун.
3.Үйлөнүү тоюнда ЗАГСка чыгуучу автомашиналардын саны 3 кө чейин болууга тийиш же 1 жеңил автомашина жана 2 БУС маркасындагы автобус чыгууга уруксат берилет. Хаммер, ЖИП машиналары менен чыгууга тыюу салынат. Жогоруда айтылган жеңил машиналарга айыл өкмөтү тарабынан справка берилет.Уруксатсыз чыккан автомашиналардын айдоочуларына МАИ кызматкерлери тарабынан чара көрүлөт.
4.Калың 130 миң сомго чейин, союш 4кө чейин, эки таңгак пахта берүүгө уруксат.
5.Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан төшөнчүлөр, килемдер азайтылып турмуш тиричиликке зарыл болгон гана буюмдар берилет.
6.Элге той берүүдө бирторпок же кичине жандык союлуп, чакырылгын коноктор сыйланышат. Той себет пакеттер катмыга катышкан аксакалдарга гана тартылат. Себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат, меймандарга да себет тартылбайт.
7.Үйлөнүү тойлору үйдө же тойканада ичимдиксиз өткөрүлүп, түнкү саат 24:00 гө чейин бүткөрүлсүн.
8.Эки жашка ЖААЖ (ЗАГС) бөлүмүнөн же айыл өкмөтүнөн нике каттоодон өткөндөн кийин молдо тарабынан күндүзү нике кыюуга уруксат берилет.
9.Тойдон кийин салттык отко кирүү, келин көрдү төркүлөтүү сыяктуу кечелер өз ыктыяры менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15ке чейин адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
10. Кызды мажбурлап ала качып, турмуш курууга тыюу салынат .
VI. Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү:
Сүннөт той өткөргөн адам тойду бир күндө өткөрөт, мүмкүнчүлүгү болсо 2 жашар музооже майда жандык союуга уруксат жана андан ашпоого тыюу салынат, жакын туугандарынын жана өз айылынын тургундарынын катышуусунда гана өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү жана көтөрүп кетүүгө тыюу салынат. Кандай гана маараке болбосун катмыга катышкан аксакалдарга гана пакет берсе болот.
Сүннөткө жаткырылган балага ар түрдүү майда белектерди берүүгө чек коюлбайт.
2. Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз, үй бүлөлүк майрам катары белгиленет.
3. Ажы менен учурашуу жалпы элдик тойго айландырылбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын гана катышуусунда өткөрүлөт, мүмкүнчүлүгүнө жараша бир майда жандык союуга уруксат берилет.
Ажыга барган адам менен учурашууга келгендерге белек берилбейт, нан- пакет алынбайт.
VII.Мектептерде даталуу күндөрдү өткөрүү.
Мектептерде даталуу күндөрдө акыркы конгуроо, алиппе майрамы күндөрүндө мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
Мектептер үчүн гана муктаждыгына жараша ыктыярдуу түрдө керектүү буюмдар алынып тапшырылат.
«Бүтүрүү кечелери» сыяктуу кечелер ата энелердин катышуусунда, ашыкча чыгымдарсыз 4 сааттан ашпастан, күндүзү гана өткөрүлөт.
VIII. Бала төрөлгөндө өткөрүлө турган бешик той, ата көрдү
Акыйка аземибаланын атасы баласына атап мүмкүнчүлүгүнө жараша майда жандык союп, (акыйка) тоюн өткөрүп берсе болот. Келиндин ата-энеси жаңы төрөлгөн ымыркайга бир бешикти жасалгасы менен акыйка өткөргөн күнү алып келет. Башка белектерди алып келүүгө тыюу салынат.