1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы N 737 токтомуна)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу СТРАТЕГИЯСЫ
Жалпы жоболор
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Долбоордун аталышы: | 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясы |
Ишке ашыруу башталган дата: | 2025-жылдын 1-январы |
Ишке ашыруу аяктаган дата: | 2030-жылдын 31-декабры |
Узактыгы: | 72 ай |
Географиялык камтуу: | Кыргыз Республикасы |
Стратегиялык максаттар: | № 1. Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу |
№ 2. Чек арага жакын райондордо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу | |
№ 3. Эл аралык кызматташтык | |
№ 4. Институттук өнүгүү |
Стратегия Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу жаатында Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруунун максаттарына, принциптерине, милдеттерине жана артыкчылыктуу багыттарына расмий түрдө кабыл алынган көз караштардын системасын билдирет.
Стратегия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын башкаруунун интеграцияланган моделин киргизүүгө жана иштетүүгө карата мамилелердин бирдейлигин камсыз кылуу жолу менен чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Стратегия Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукту камсыз кылууну регламенттеген башка ченемдик укуктук актыларга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иштелип чыккан.
Стратегияны иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 183 токтому менен бекитилген 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын (мындан ары - МЧКБ стратегиясы) ишке ашыруунун натыйжалары боюнча маалыматтарды кылдат изилдөөнүн, чогултуунун, жалпылоонун жана талдоонун негизинде жүзөгө ашырылган.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик чек арадан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүүсүн, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жүктөлөт:
- чек ара жана миграциялык контроль - мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында бажы жана транспорттук контроль - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- санитардык-карантиндик контроль - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- ветеринардык контроль - ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- фитосанитардык контроль - фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо - ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
Ушуга байланыштуу Стратегияда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык 2025-жылдан тартып 2030-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуунун алкагында иштин келечектүү масштабдары жана багыты баяндалган.
Мындан тышкары Стратегия чек ара коопсуздугун сактоо проблемаларына бирдиктүү көз карашты түзүүгө, анын башкаруу системасындагы кыйла олуттуу коркунучтарды жана начар жерлерин аныктоого, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу жана коркунучтардын таасиринин кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктоого багытталган.
Стратегия өз ишин мамлекеттик чек арада жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган техникалык жана башка жардамдын макулдашылган пакетин берүү, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө анын ар тараптуу потенциалын жогорулатуу аркылуу артыкчылыктуу натыйжаларга жетүү үчүн чектерин сыпаттайт.
Стратегияда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукка чакырык - Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндигинде коркунучтун келип чыгышынын баштапкы баскычы;
мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин ортосундагы мамлекеттик чек араны анын өтүшүнүн толук сыпаттамасын түзүү менен карталар боюнча келишимдик аныктоо;
чек араны демаркациялоо - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылуучу жерде мамлекеттик чек ара линиясын так аныктоо жана чек ара белгилери менен белгилөө;
чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу - чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында башка мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдарынын (эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде) персоналын, технологиясын, күчүн жана каражаттарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин макулдашуу жана күч-аракеттерин координациялоо;
улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарын тышкы жана ички коркунучтардан коргоонун кепилденген абалы;
мамлекеттик чек араны абаттоо - мамлекеттик чек аранын инфраструктурасынын иштөө шарттарын түзүүгө багытталган иш-чаралардын системасы;
чек ара саясатынын объекттери - чек ара мейкиндигиндеги улуттук кызыкчылыктар, чек ара маселелери боюнча мамлекеттер аралык жана ички коомдук мамилелер, ошондой эле укуктук жана башка мамлекеттик жөнгө салууга муктаждык жараткан, алардан келип чыккан карама-каршылыктар;
чек ара коопсуздугу - чек ара мейкиндигинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын корголуу абалын билдирген улуттук коопсуздуктун курамдык бөлүгү;
чек ара иши - мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдарынын, коомдук бирикмелеринин жана жарандарынын жүргүзгөн иши (чаралар системасы);
чек ара саясаты - чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координацияланган, макулдашылган иши;
Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндиги - мамлекеттик чек ара жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин чегинде ага туташ жайгашкан аймак, ошондой эле чектеринде чек ара иши жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын аймагы.
Тарых, негиздеме жана проблематика
2007-жылы Вена (Австрия) шаарында Чек аралардын коопсуздугу боюнча Борбордук Азиянын демилгеси конференциясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араларды комплекстүү (интеграциялык) башкаруунун улуттук системасын өнүктүрүү боюнча ниети жарыяланган.
Андан ары кыргыз тарап МЧКБ стратегиясын киргизүүнүн деталдуу механизмин иштеп чыккан, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругу менен түзүлгөн МЧКБ стратегиясын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) иши аркылуу жалпысынан Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө жана натыйжалуулугуна түздөн-түз контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырган.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы МЧКБ стратегиясын түзүү жана киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырууда улуттук координациялоочу орган катары чек ара коопсуздугун камсыз кылуу субъекттери болуп саналган Кыргыз Республикасынын 12 министрлиги менен ведомствосунун биргелешкен ишин уюштуруу менен иш алып барган.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын демилгеси боюнча 2012-жылдын 20-ноябрында эл аралык конференция уюштурулган жана өткөрүлгөн, анын алкагында дипломатиялык корпустун, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык жана региондук уюмдардын өкүлдөрүнө МЧКБ стратегиясы сунушталган.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча конференциянын катышуучулары тарабынан чек араларды кайтаруу маселесинде Кыргыз Республикасынын жасаган кадамдарынын маанилүүлүгү, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөө жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген жыйынтыктоочу декларация кабыл алынган.
Мында МЧКБ стратегиясын ишке ашырууну каржылоонун негизги көздөмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу министрликтери жана ведомстволору үчүн ар жылдык негизде каралган өлчөмдө республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылган.
Мамлекеттик бюджеттин финансылык каражаттарынан тышкары эл аралык институттардын ичинен донорлордун колдоосундагы гранттык жана кайтарымсыз негизде тышкы каржылоо булактары тартылган.
Өз кезегинде МЧКБ стратегиясын ишке ашырууну баалоо тышкы эксперттик колдоо менен кызматташтыкта жүргүзүлгөн, анын натыйжалары кырдаалдын жана реалдуулуктун динамикалык өнүгүшүнө ылайык МЧКБ стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын өз убагында оңдоолордун жүрүшүндө эске алынган.
Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын (мындан ары - ВОМСА программасы) эксперттерин тартуу менен МЧКБ стратегиясынын иш-аракеттер планын ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланган.
МЧКБ стратегиясы күчүнө киргенден баштап Ведомстволор аралык комиссиянын 14 жыйыны, Улуттук координациялык борбордун 78 жыйыны уюштурулган жана өткөрүлгөн.
Мында МЧКБ стратегиясын түзүү жана киргизүү механизминин практикалык түзүүчүсү 2012-жылдан тартып 2022-жылды кошуп алган мезгилде МЧКБ стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - МЧКБ стратегиясынын планы) менен аныкталган.
Көрсөтүлгөн МЧКБ стратегиясынын планына ылайык Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматын өнүктүрүүдө негизги багыттар аныкталды, алар: чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу органдарды түзүү жана өнүктүрүү; кадрларды даярдоо жана чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү, материалдык-техникалык жактан жабдуулоо, ошондой эле бардык МЧКБ стратегиясынын иштеши боюнча чараларды көрүү.
Бекитилген МЧКБ стратегиясынын планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир мамлекеттик бийлик органы үчүн төрт негизги артыкчылык боюнча конкреттүү иш-чаралар аныкталган, атап айтканда: