1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы N 747 токтомуна)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Азык-түлүк коопсуздугу - улуттук коопсуздукту түзүүчүлөрдүн бири, бардык адамдардын активдүү жана сергек жашоо мүнөзү үчүн зарыл, сандык жактан жетиштүү коопсуз тамак-ашка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кырдаал. Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча рим декларациясы (1996) боюнча ар бир мамлекет талаптагыдай тамактанууга жана ачарчылыктан көз карандысыз болуу укугуна ылайык ар бир адамдын ден соолук үчүн коопсуз жана толук кандуу тамак-аш азыктарына жетүү укугун камсыз кылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасы тарабынан тамак-аш, азык-түлүк коопсуздугу жана адам укуктары жаатындагы эл аралык макулдашуулар ратификацияланган, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн ылайыкташтырылган индикаторлор кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык программалар кабыл алынган, аларда тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы көйгөйлөрдүн артыкчылыгы жогору экендиги таанылган.
2020-2021-жылдардагы коронавирустук пандемия өндүрүштүк-сатуу чынжырчаларына терс таасирин тийгизип, азык-түлүктүн тартыштыгын күчөткөн, натыйжада ал дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында жашоого маанилүү тамак-аш азыктарына баалардын кымбатташына алып келген. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы 8,4%га төмөндөгөн, анын 6,7%ы өндүрүш чөйрөсүн түзгөн. Мындан тышкары дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалдын курчушу терең экономикалык кризиске жана социалдык-экономикалык толкундоолорго алып келди. Мунун баары өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун абалына олуттуу таасирин тийгизип, Кыргыз Республикасы автономиялуулукка жана азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылууга умтулушу керектигине түрткү берди. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өндүрүшкө кыйла тез жеткирүү жолдору менен дем берүү, азык-түлүк ресурстарынын ар түрдүү булактарын калыптандыруу жана калктын аялуу катмарларын колдоо системасын өркүндөтүү үчүн 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
Эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттерге ылайык 2030-жылга Кыргыз Республикасы балдардын жана аялдардын арасындагы аз кандуулукту, кичине салмак менен төрөлгөн, беш жашка чейин өрчүүсү кечиккен балдардын санын азайтууга; жалаң гана эмизип багуунун деңгээлин көбөйтүүгө; өмүрүнүн алгачкы беш жыл ичинде май басып, ашыкча семирүүнүн жайылышына жол бербөөгө милдеттенген (Токио саммити "Өөрчүү үчүн тамактануу", 2021-жыл).
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388 "2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету тууралуу" токтомуна ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасынын, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки ТӨМ максаттарын эске алат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Бул Программа экономикалык жана социалдык секторлордогу тармактарды өнүктүрүү программаларына интеграцияланууга тийиш талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт. Азык-түлүк коопсуздугунун белгиленген критерийлерин камсыз кылуу жагындагы алардын ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн жарандарынын ден соолугун жана бакубаттуулугун, алардын үзүрлүү иштөө, маданий жана руханий жактан өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу саясатынын маанилүү бөлүгү катары каралууга тийиш.
Программа төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырылат:
- негиздүүлүк - бардык иш-чаралар илимий изилдөөлөргө жана фактыларга негизделиши керек;
- көп секторлуулук - узак мөөнөттүү келечекти жана бардык жарандардын катышуусун караган принцип;
- кепилдик - укугу бар адамдардын социалдык корголушун милдеттүү түрдө камсыз кылуу;
- жеткиликтүүлүк - балансталган тамактануу боюнча маалыматка ылайык тамак-аш азыктарынын курамында коопсуз жана аш болумдуу заттарды алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- басмырлабоо - социалдык, мүлктүк, курактык, этностук, жыныстык жана башка статусуна карабастан бардык адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана Программанын иш-чараларына жетүүнү камсыз кылуу;
- калктын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы, ага зыян келтиргендиги үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматкерлеринин, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги.
Бул Программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тамак-аш коопсуздугу системасына тартылган бизнес-коомчулуктун, жарандык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн күч-аракеттерин жана ишин координациялоо зарыл.
Бардык кызыкдар тараптар өз пландарын жана иш-чараларын ушул Программага ылайык шайкеш келтирүүгө тийиш. Бул Программага киргизилген милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үй чарбаларында азык-түлүк менен камсыз болушун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, калктын саламаттыгына жана өлкөнү андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашыруу жөнүндө кыскача маалымат:
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашыруу 80%ды түздү. Аткаруунун күтүлүүчү деңгээли 2023-жылдын аягына чейин 75%ды түзгөн. Чаралардын комплексин аткаруу Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтеринен жана административдик ведомстволорунан чоң көлөмдөгү аткарылган ишти талап кылды. Ошону менен бирге бул Программаны аткарууда 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашыруу тажрыйбасынан улам төмөнкүлөрдү көңүлгө алуу зарыл:
1. Айрым милдеттерди чечүү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн көмөгү менен өлкөнүн жана региондун деңгээлинде кырдаалды иликтөө менен изилдөө ыкмасын колдонууну болжолдойт. Ошону менен техникалык билимдердеги ажырымдарды жеңүүгө жардам берүүгө, эл аралык тажрыйбанын негизинде экспертизаны тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилүү бир милдеттерди жок дегенде паритеттик негизде мамлекеттик бюджеттин чыгымдарына киргизүүгө болот, бул изилдөөлөр үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн потенциалдуу заказчысы катары мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
2. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасына киргизилген айрым милдеттердин актуалдуулук же ишке ашыруу менен байланышкан көйгөйлөрү бар. Бул жок дегенде төрт милдетке тиешелүү. Мамлекеттик ветеринардык-санитардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш тамак-аш продукциясына, жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продукцияларды жана чийки затты алып өтүүгө (ташууга) мониторинг жүргүзүү системасын түзүү милдети аткарылган катары саналат. Ошол эле учурда бул маселе актуалдуу болбой калууда, анткени ал ЕАЭБдин колдонуудагы техникалык регламенти менен жөнгө салынган. Кыргызстан үчүн мамлекеттик ветеринардык-санитардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш тамак-аш продукциясына, жаныбарларды алып өтүүгө (ташууга) мониторинг жүргүзүүнүн өзүнчө системасын иштеп чыгуу ЕАЭБге киргенден кийин актуалдуу болуп саналбайт. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо боюнча ченемдик укуктук актылар 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасына караганда мурда кабыл алынган жана 2016-жылдан бери колдонулат.
3. Аткарылбаган милдеттердин жана 2023-жылга чейинки мезгилде ишке ашырууга мүмкүн болбогон милдеттердин олуттуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин компетенциясынын чөйрөсүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги башынан эле 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын аткаруучусу катары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен кийин негизги ролду ойногон. Саламаттык сактоого тиешелүү милдеттердин комплексинин аткарылбашы жалпысынан 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын аткаруунун солгундашына алып келди.
4. Айрым милдеттер жана алардын аткарылышы жетишсиз каржылоону эске алуу менен өтө оптимисттик маанайда баяндалган. 2019-2022-жылдардагы глобалдык жана ички кризистерден (пандемия, Кыргызстандагы саясий кризис) улам келип чыккан өлкөнү турбуленттүү өнүгүшү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бир катар милдеттерди аткарууга таасирин тийгизди. Туруксуздуктун кесепетинен айрым милдеттер жарым-жартылай аткарылып, ал эми башкалары таптакыр аткарылган эмес.
5. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу саясатын түзүү милдеттери процесске көп сандагы кызыкдар тараптардын тартылышынан улам ишке ашырууда кыйынчылыктарга такалат. Бул пландаштырылган ишке ашыруу мөөнөтүнө салыштырмалуу көп убакытты талап кылат.
6. Мамлекеттик эмес кызыкдар тараптардын ролу жалпысынан бир катар маселелерде маанилүү болуп саналат жана азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш жаатындагы саясий процесстин кыйла инклюзивдүү мүнөзүн камсыз кылат.
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы канааттандырарлык деп кабыл алынып, 2025-2030-жылдарга жаңы программаны иштеп чыгуу демилгеленген.