Документке
Мурунку27.06.2025

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 токтомуна)

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо

 

 (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

Жаңы02.12.2024

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 токтомуна)

 

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндөУБАКТЫЛУУ ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) "Электрондук виза" порталы менен интеграцияланган "Бирдиктүү терезе" аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында болууга жана эмгек ишин жүзөгө ашырууга укук берген Бирдиктүү уруксатты тариздөө тартибин аныктайт.

2. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.

3. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдарда белгиленген тартипте чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квотанын чектүү санын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелейт.

Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын (мындан ары - ТМЭБС) маалыматтарынын негизинде социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен ички эмгек рыногуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт.

4. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга ар жылдык квотаны бекитүүдө төмөнкү критерийлер эске алынат:

- ишке орношуу максатында келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны;

- эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү;

- өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү (экономиканын конкреттүү тармактарынын өнүгүүсү);

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногундагы бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укугу.

5. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.

6. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - жогорку билими, иштин конкреттүү чөйрөсүндө иш тажрыйбасы, кесиптик көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;

2) жарактуу документ - ким экендигин күбөлөндүргөн, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген, талаптагыдай таризделген жана ыйгарым укук берилген органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын таандык болгон жана жасалмасы жок документ;

3) чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилген патенттин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;

4) чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү билими, керектүү квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;

5) чет өлкөлүк жумушчу - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис, чет өлкөлүк адис жана чет өлкөлүк жеке ишкер;

6) "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы - Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын компоненти болуп саналган жана Бирдиктүү уруксат тууралуу маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана түзүү модулдарды камтыган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;

7) чакыруучу тарап - (иш берүүчү) чет өлкөлүк жумушчу менен эмгек мамилелерин түзгөн жеке же юридикалык жак;

8) иштөөгө уруксат - чет өлкөлүк жумушчунун Кыргыз Республикасында эмгек же жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырууга укугун ырастаган документ;

9) QR код - Бирдиктүү уруксаттын маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган оптикалык белги;

10) чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга электрондук уруксат - чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жумушчуну кабыл алуу/жалдоо укугун документ түрүндө ырастоо;

11) Бирдиктүү уруксат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк жумушчуга электрондук тартипте берилген жана ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча атайын окулуучу QR кодго ээ болгон эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат жана иштөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды камтыган документ.

7. Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн чакыруучу тарап ушул Убактылуу жобонун 2-главасында каралган тартипте милдеттүү кепилдик төгүмүн төлөйт.

8. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө "Электрондук виза" порталы аркылуу берилет.

Бирдиктүү уруксатты узартууга өтүнмө Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү жана/же визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү (Бирдиктүү уруксатты алгачкы тариздеген учурда) аяктаганга чейин 10 жумуш күн мурда берилет.

Өтүнмө ушул Убактылуу жободо каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 7 жумуш күнгө чейин каралат.

9. Иш берүүчү ишин токтоткондо (юридикалык жак жоюлганда, жеке ишкердин ишин токтотулганда) Бирдиктүү уруксат ал берилген мөөнөттөн көз карандысыз күчүн жоготот.

Бирдиктүү уруксат башка иш берүүчүгө берилбейт. Иш берүүчү тарткан чет өлкөлүк жумушчу башка иш берүүчүгө ишке которулбайт.

Иши токтотулган учурда чет өлкөлүк жумушчуга Бирдиктүү уруксаттын негизинде 30 күндүн ичинде өлкөдөн өз алдынча ыктыярдуу түрдө чыгуу укугу берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин Бирдиктүү уруксат автоматтык түрдө жокко чыгарылууга тийиш.