Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгына) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргызстан элинин ассамблеясы" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - Ассамблея) - Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого ар тараптуу көмөк көрсөтүү, ошондой эле "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү максатын көздөгөн коомдук уюм катары өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына, Ассамблеянын уставына жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) ылайык жүзөгө ашырат. 2. Ассамблеянын кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу туруктуу иш жүргүзүүчү консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. 3. Кеңеш өзүнүн ишин төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзөт: - Кыргызстан элинин кызыкчылыктарынын артыкчылыктары; - Кеңештин мүчөлөрүнүн анын курамындагы иши үчүн тең укуктуулугу жана жоопкерчилиги; - Кеңештин ар бир мүчөсүнүн коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты сактоого, өлкө элинин биримдигин чыңдоого, ошондой эле жалпы жарандык өзгөчөлүктү калыптандырууга социалдык жоопкерчилик алуусу; - мыйзамдардын үстөмдүгү, адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана кадыр-баркын урматтоо.
2. Кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: - кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, мекенчилдикти, "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, ошондой эле этностук топтордун эне тилин сактоо; - элдин жана өлкөнүн биримдигин, достукту, тынчтыкты жана коомду өнүктүрүүнүн негизи катары коомдогу ынтымакты чыңдоо; - кыргыздар менен бирге Кыргызстан элин түзгөн этностордун тарыхый тагдырларынын жана кызыкчылыктарынын жалпылыгы жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу, өз ара аракеттенүүгө, өз ара түшүнүшүүгө жана каада-салт менен маданиятты өз ара байытууга көмөктөшүү; - этностук топтордун коомдук жана мамлекеттик турмушка катышуу укуктарын ишке ашырууга, алардын тилин, үрп-адатын, маданиятын жана каада-салтын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; - коомдо тынчтык диалогу үчүн жарандык коомду өнүктүрүү, жарандардын саясий маданиятын жана кыргыздардын, этностордун маданиятын калыптандыруу; - чет мамлекеттердин элдеринин ассамблеялары менен достукту чыңдоо. 5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик органдар, уюмдар жана жарандык коомдун институттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, этностор аралык ынтымакты жана эл биримдигин андан ары чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо; - жарандардын саясий-адеп-ахлактык маданиятын калыптандырууга катышуу; - Ассамблеянын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн этномаданий жана башка коомдук бирикмелердин күч-аракеттерин интеграциялоону камсыз кылуу; - мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын элинин каада-салттарын, эне тилдерин жана маданияттарын сактоо жана өнүктүрүү; - этномаданий көп түрдүүлүктү колдоо жана бардык этностук топтордун өнүгүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу. 6. Кеңештин ишинин негизги багыттары: - ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн негизги максаттарды ишке ашырууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда бардык мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү; - этностук коомчулуктарды эске алуу менен өлкөнү жана региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке ашырууга катышуу, аларды калк арасында, жарандык коомдун түзүмдөрүндө кеңири талкуулоону уюштуруу; - мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аны башка этностор арасында жайылтууга, ошондой эле ар бир этностун өз эне тилин сактоого жана көп тилдүүлүктү чыңдоого көмөк көрсөтүү; - коомдук ынтымакты, достукту жана жалпы улуттук биримдикти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштер. |