Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 759 токтомуна)
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ар түрдүү топторун сактоону уюштурууга карата коопсуздук талаптарын белгилейт.
2. Эрежелердин талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык фармацевтикалык уюмдарга (даяр дары формаларындагы дарыканалар, дарыкана пункттары жана киосктор, дары каражаттарын даярдоого укугу бар дарыканалар, кампалар) колдонулат.
3. Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо - келип түшкөн учурдан тартып керектөөчү алганга чейин сактоо шарттарын камсыз кылуу менен продукцияны жайгаштыруу (жыйыштыруу) процесси;
2) караңгы жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды күн жарыгынан корголгон жерде сактоо;
3) кургак жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60% ашык эмес жайларда сактоо;
4) салкын жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды +8 град. Цельсийден +15 град. Цельсийге чейинки температурада сактоо;
5) бөлмө температурасында сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды +15 град. Цельсийден +25 град. Цельсийге чейинки температурада (анын ичинде эгер температура көрсөтүлбөсө) сактоо;
6) муздаткыч элемент (мындан ары - муздак элемент) - сууну толтуруп, герметикалык жабылган төрт бурчтуу формадагы пластик же металл идиш, аны колдонуунун алдында тоңдурулат жана контейнерде +2 град. Цельсийден +8 град. Цельсийге чейинки температураны кармайт;
7) термоконтейнер - ичине тоңдурулган муздаткыч элементтерди салуу менен, оптималдуу температуралык режимди (+2 град. Цельсийден +8 град. Цельсийге чейин) камсыз кылган, жылуулукту өткөрбөгөн өзгөчөлүгү жана бекем жабылган капкагы менен, жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын, медициналык буюмдарды ташуу үчүн куту (же баштык);
8) сактоо жайлары - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды сактоого арналган атайын бөлүнгөн жана жабдылган өндүрүштүк жайлар;
9) санитардык кийим - персонал бөлүп чыгарган кошумча микробиологиялык жана башка булгануулардан медикаменттерди, материалдарды жана даяр продукцияны коргоо үчүн арналган медициналык халат, баш кийим жана таңгыч;
10) дары каражатынын жарактуулук мөөнөтү - дары каражаттарын колдонуу үчүн белгиленген убакыт, бул убакыттын ичинде сактоо шарттарын сактоодо алардын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана талаптагыдай сапаты кепилденет.
4. Фармацевтикалык уюм менен функционалдык жактан байланышпаган фармацевтикалык уюмдарды аянттарга жайгаштырууга жол берилбейт.
2-глава. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоого карата коопсуздуктун жалпы талаптары
5. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жайларынын түзүлүшү, курамы, аянттарынын өлчөмдөрү жана жабдуулары лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Сактоо жайларынын түзүлүшү, эксплуатацияланышы жана жабдуулары дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
6. Сактоо жайлары коргоонун жана өрткө каршы коопсуздуктун белгиленген ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
7. Сактоо жайларында белгиленген температура жана абанын нымдуулугу кармалууга, алар суткасына 1 жолудан кем эмес текшерилүүгө тийиш. Бул параметрлерге байкоо жүргүзүү үчүн кампа жайлары термометрлер жана гигрометрлер менен камсыз кылынат, алар сактагычтын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5-1,7 м бийиктикте жана эшиктен 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Бул приборлордун көрсөткүчтөрү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
8. Сактоо жайларындагы абанын тазалыгын сактоо үчүн механикалык иштеген агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен жабдуу зарыл. Сактоо жайларын агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен жабдуу мүмкүн болбогон учурда форточка, фрамуга, экинчи тор эшик ж.б. менен жабдуу сунушталат.
9. Дарыкана кампалары жана дарыканалар борбордук жылытуу приборлору менен жабдылат. Жайларды ачык оту бар газ приборлору же ачык электр спиралы бар электр жылыткычтар менен жылытууга жол берилбейт.
10. Температуранын уруксат берилген ченемдеринен жана абанын салыштырмалуу нымдуулугунан кеп четтөөлөр болгон климаттык зонада жайгашкан кампалардагы жана дарыканалардагы сактоо жайлары кондиционерлер менен жабдылууга жана зарыл болгон учурда агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен камсыз кылынууга тийиш.
11. Сактоо жайлары жетиштүү сандагы стеллаждар, шкафтар, поддондор жана товар койгучтар ж.б. менен камсыз кылынууга тийиш.
Стеллаждар тышкы дубалдан 0,6-0,7 м, шыптан 0,5 м кем эмес жана полдон 0,25 м кем эмес аралыкта орнотулат. Стеллаждар терезелерге карата өтүүчү жерлер жарык болгудай жайгаштырылат, ал эми стеллаждардын ортосундагы аралык 0,75 м кем эмес болот жана товарды оңой алууну камсыз кылат.
12. Дарыкана уюмдарынын жайлары таза кармалууга, жайлардын полу мезгил-мезгили (бирок күнүгө бир жолудан кем эмес) менен уруксат берилген жуучу каражаттарды колдонуп, нымдуу ыкма менен тазаланууга тийиш.
13. Сактоо жайларында дары каражаттарын аянтты бир кыйла толук колдонууну, фармацевтикалык уюмдардын кызматкерлери үчүн эң мыкты эмгек шарттарын, механизациялоо каражаттарын колдонуу жана фармацевтикалык тартипти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү эске алуу менен жайгаштыруу зарыл.
14. Дары каражаттарын стеллаждарда, шкафтарда, ал эми зарыл болгон учурда алдын ала поддонду, товар койгучту, атайын плитаны ж.б. коюп, полго жайгаштыруу зарыл.
15. Сактоо жайларында дары каражаттары төмөнкүдөй өзүнчө жайгаштырылат:
1) токсикологиялык топторго так шайкештикте;
2) уулуу жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттары;
3) заманбап технологияларды колдонууда фармакологиялык топторго ылайык дары каражаттарын жайгаштыруунун башка тартибине (алфавит, код ж.б. боюнча) уруксат берилет;
4) колдонуу ыкмасына жараша (ички, тышкы);
5) фармацевтикалык субстанциялар алардын агрегаттык абалына жараша (суюктук чубурмадан, газ түрүндөгүлөрдөн өзүнчө ж.б.);
6) дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жана тышкы чөйрөнүн ар түрдүү факторлорунун таасирине ылайык;
7) жарактуулук мөөнөтү чектелген дары препараттары үчүн сактоонун белгиленген мөөнөттөрүн эске алуу менен;
8) ар түрдүү дары формаларынын мүнөзүн эске алуу менен.
16. Аталышы окшош, жогорку дозалары өтө айырмаланган ичилүүчү дары каражаттарын жакын коюу, ошондой эле аларды алфавиттик тартипте жайгаштыруу сунушталбайт (заманбап технологияларды колдонууда дары каражаттарын жайгаштыруунун башка тартибин (алфавит, код ж.б. боюнча) колдонууга уруксат берилет).
17. Сактоо процессинде айына бир жолудан кем эмес дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тышкы өзгөрүүлөрүн, таранын абалын толук визуалдык контролдоо зарыл. Тара бузулган учурда милдеттүү түрдө анын кемчиликтерин жоюу же ичиндегилерди башка тарага салуу керек. Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сырты өзгөргөн учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуу боюнча орган тарабынан алардын сапаты контролдонот жана алардын пайдаланууга жарактуулугу аныкталат.
18. Сактоо жайларында, ошондой эле кампанын аймагында кемирүүчүлөргө, курт-кумурскаларга жана башка зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзүү керек.
19. Дары каражаттары тышкы чөйрөнүн ар түрдүү факторлорунун аларга тийгизген таасиринин физикалык жана физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкү топторго бөлүнөт:
1) жарыктан коргоону талап кылгандар;
2) нымдын таасиринен коргоону талап кылгандар;
3) учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылгандар;
4) жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылгандар;
5) төмөнкү температурадан коргоону талап кылгандар;
6) айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен коргоону талап кылгандар;
7) жыттуулар, боегучтар;
8) дезинфекциялык каражаттар.
20. Жарыктан коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет: антибиотиктер, галендик препараттар (тундурмалар, экстракттар, өсүмдүк сырьесунун коңцентраттары), өсүмдүк дары сырьесу, органопрепараттар, витаминдер жана витамин препараттары; кортикостероиддер, эфир майлары, тоң майлар, драждалган препараттар, йод жана бром суутек кислотасынын туздары, галогенди алмаштыруучу кошулмалар, нитро жана нитрозо кошулмалар, нитраттар, нитриттер, амино жана амидо кошулмалар, фенолдук кошулмалар, фенотиазин туундулары.
21. Жарыктын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын жарыктан коргоочу материалдан жасалган тарада (кызгылт сары айнектен жасалган тарада, металл тарада, алюминий фольгадан же кара, күрөң же кызгылт сары түстөгү полимердик материалдардан жасалган таңгакта), караңгы жайда же ичи кара боек менен сырдалган, эшиктери жылчыксыз жабылган шкафтарда же капкагы тыгыз жабылган жылчыксыз жасалган кутуларда сактоо керек.
22. Жарыкты өтө сезгич дары каражаттарын сактоо үчүн (күмүш нитраты, прозерин ж.б.) айнек тарага жарык өткөрбөгөн кара кагаз чапталат. Жарыктын таасирине муктаж болгон дары каражаттарын (кычкылданган темир препараттары) ачык түстөгү чакан айнек тарада жарык тийген жерде сактоо керек. Күн шооласынын түз тийишине уруксат берилет.
23. Нымдын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет: гигроскопиялык заттар жана препараттар (мисалы, калий ацетаты, кургак экстракттар, өсүмдүк дары сырьесу, гидролизденген заттар, азоттук, азоттуу туздар, галогендүү суутек жана фосфор кислоталары, алкалоид туздары, натрий металл органикалык кошулмалар, гликозиддер, антибиотиктер, ферменттер, кургак органопрепараттар), фармакопея беренесинде "сууда өтө оңой эриген" катары мүнөздөлгөн дары заттары, ошондой эле аларды сактоо нускамасына жана абанын кычкылтеги менен кычкылданган дары заттарына ылайык нымдуулугу белгиленген чектен ашпаган дары заттары.
24. Суунун атмосфералык буусунун таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын салкын жерде, суунун буусу кирбеген материалдан (айнектен, металлдан, алюминий фольгадан) жасалган бекем жабылган тарада, калың пластмасса тарада сактоо керек.
25. Гигроскопиялык өзгөчөлүктөрү бар дары каражаттарын кургак жайда герметикалык жабылган, үстүнө парафин куюлган айнек тарада сактоо зарыл. Мындай дары заттар салынган тараны жабууда оозун жана тыгынды кылдат сүртүү зарыл.
26. Полимердик пленкадан жасалган таңгакта алынган жана фармацевтикалык уюмдарды жабдуу үчүн арналган, нымдын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын заводдун таңгагында сактоо же айнек, металл тарага салуу зарыл.
27. Какталган гипс жана порошок горчица сыяктуу препараттарды сактоону уюштуруу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, алар ным тартканда майда аморфтук порошоктон майда данга айланат - өз сапатын жоготот жана медициналык максатта колдонуу үчүн жараксыз болуп калат. Бузууну болтурбоо үчүн:
1) какталган гипсти жакшы жабылган тарада сактоо зарыл (ичине полиэтилен пленка салынган бекем кагылган жыгач кутуда же челекте сактоо керек);
2) порошок горчицаны ичине аба кирбеген жабык, ичи лакталган калай банкаларда сактоо керек;
3) горчичник пергамент кагаз же полиэтилен пленка менен таңгакталган пачкаларда сакталат, аларды бекем жабылган тарага (ичине полимер пленка чапталган картон коробкаларга) салат.
28. Учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары каражаттарына төмөнкүлөр кирет:
1) учуучу заттардын өзү;
2) учуучу эриткичти камтыган дары препараттары (спирт тундурмалары, суюк спирт концентраттар, коюу экстракттар);
3) учуучу заттардын эритмелери жана аралашмалары (эфир майлары, аммиактын, фомальдегиддин, хлордуу суутектин 13% жогору, карбол кислотасынын эритмелери, ар түрдүү концентрациядагы этил спирти ж.б.);
4) эфир майын камтыган өсүмдүк дары сырьесу;
5) кристаллданган сууну камтыган дары препараттары, кристаллогидраттар;
6) учуучу продуктуларды пайда кылуу менен эриген дары заттары (йодоформ, суутек кычкылы, хлорамин Б, натрий гидрокарбонаты);
7) нымдуулуктун эң төмөнкү чеги менен дары заттары (магний сульфаты, натрий пара-аминосалицилаты, иатрий сульфаты ж.б.).
29. Учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары каражаттарын салкын жерде, материалдардын заттарынын учуп кетишинен сактаган (айнектен, металлдан, алюминий фольгадан) жасалган герметикалык жабылган тарада сактоо керек.
30. Кристаллогидраттар абанын салыштырмалуу нымдуулугуна жараша гигроскопиялык да, учуучу заттардын да өзгөчөлүктөрүнө ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан аларды 50-65% абанын салыштырмалуу нымдуулугунда салкын жерде герметикалык жабылган айнек, металл же калың пластмасса тарада сактоо керек.
31. Жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарына төмөнкүлөр кирет:
1) учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары заттарынын тобу;
2) оңой эрүүчү заттар;
3) иммунобиологиялык препараттар;
4) антибиотиктер;
5) органопрепараттар;
6) гормоналдык препараттар;
7) витаминдер жана витамин препараттары;
8) гликозиддерди камтыган препараттар;
9) медициналык майлар;
10) майлуу негиздеги сүйкөөчү майлар жана башка заттар.
32. Жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын бөлмө температурасында (18-20 град. Цельсий), салкын (же муздак) (12-15 град. Цельсий) температурада сактоо керек. Айрым учурларда сактоо бир кыйла төмөн температурасы талап кылынат ((АТФ) аденозинтрифосфат үчүн - 3-5 град. Цельсий), ал этикеткада же препаратты колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлүүгө тийиш.
33. Иммунобиологиялык препараттарды өндүрүштүк таңгакта аталыштары боюнча өзүнчө, ар бир аталышы үчүн этикеткада же колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн температурада сактоо керек.
34. Бир аталыштагы иммунобиологиялык препараттар алардын жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сериялар боюнча сакталат.
35. Иммунобиологиялык препараттарды сактоо процессинде айына бир жолудан кем эмес визуалдык контролдоо зарыл.
36. Эгерде этикеткада башка көрсөтмөлөр болбосо, антибиотиктерди өндүрүштүк таңгакта бөлмө температурасында сактоо керек.
37. Эгерде этикеткада же препаратты колдонуу боюнча нускамада башка көрсөтмөлөр болбосо, органопрепаратгарды жарыктан корголгон салкын жана кургак жерде 0-15 град. Цельсий температурада сактоо керек.
38. Төмөн температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна тоңгондон кийин физикалык-химиялык абалы өзгөргөн, кийин бөлмө температурасына чейин жылытканда калыбына келбегендер кирет (40% формальдегид эритмеси, инсулин эритмеси ж.б.).
39. 40% формальдегид эритмесин (формалин) +9 град. Цельсийден төмөн эмес температурада сактоо керек. Тундурмасы пайда болсо, эритме бөлмө температурасында кармалат, андан кийин эритме этияттап куюлат жана формальдегиддин иш жүзүндө болушуна ылайык колдонулат.
40. Муз уксус кислотасын +9 град. Цельсийден төмөн эмес температурада сактоо керек. Тундурма пайда болгондо ал тундурмасы эригенче бөлмө температурасында кармалат.
Эгерде тундурма эрибесе, кислотанын суюк бөлүгү куюлат жана препараггагы уксус кислотасынын иш жүзүндө болушуна ылайык колдонулат.
41. Медициналык майлуу майларды +4 градустан +12 градуска чейинки Цельсий температурада сактоо керек. Тунмасы пайда болгон майлар медициналык практикада колдонулбайт.
42. Инсулин препараттарынын тоңуп калышына жол берилбейт.
43. Айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын сактоо өзгөчөлүктөрү.
Айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен өзгөргөн дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) аба кычкылтеги менен реакция жүргөн заттар: чектүү эмес көмүртек аралык байланыштары менен алифатикалык катардагы ар түрдүү кошулмалар, чектүү эмес көмүртек аралык байланыштары менен капталдагы алифатикалык топтору менен циклдик, фенолдук жана полифенолдук, морфин жана ордун толтурбаган гидроксилдик топтору менен анын туундулары;
2) күкүрттүү гетерогендик жана гетереоциклдик кошулмалар, ферменттер жана органопрепараттар;
3) абанын көмүр кычкыл газы менен реакция жүргөн заттар: щелочь металлдардын жана начар органикалык кислоталардын туздары (мисалы, барбитал-натрий, гексенал ж.б.), көп атомдуу аминдерди камтыган препараттар (мисалы, эуфиллин), магний кычкылы, жегич натрий, жегич калий ж.б.
44. Газдардын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын газ чыкпаган материалдардан жасалган, герметикалык жабылган, мүмкүн болушунча толук толтурулган тарада сактоо керек.
45. Аба кычкылтеги менен оңой кычкылданган дары каражаттарын герметикалык жабылган айнек тарада, кургак жайда сактоо керек.
46. Барбитурдук кислотанын натрий туздарын сактоо шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, аларды суунун атмосфералык буусу жана көмүр кычкыл газы кирбегидей материалдардан жасалган герметикалык жабылган тарада сактоо керек.
47. Жыттуулардын тобун жыты күчтүү, учуучу, учпаган дары каражаттары түзөт.
Боегуч дары каражаттарынын тобуна кадимки санитардык-гигиеналык тазалоодо кетпеген, тарада, жабылган каражаттарда, жабдууда жана башка предметтерде боелгон из калтырган заттар, алардын эритмелери, аралашмалары, препараттар ж.б. кирет.
48. Жыттуу дары каражаттарын жылчыксыз жабылган, жыт кирбеген тарада, аталыштары боюнча өзүнчө сактоо керек. Дары каражаттарын жана парафармацевтикалык продукцияны өзүнчө сактоо зарыл.
49. Боегуч дары каражаттарын атайын шкафта, бекем жабылган тарада, аталыштары боюнча өзүнчө сактоо зарыл. Боегуч заттар менен иштөө үчүн ар бир аталышка атайын тараза, жанчыгыч, шпатель жана башка инвентарды бөлүп берүү керек.
50. Даяр дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо Кыргыз Республикасында таанылган фармакопеялардын талаптарына жана алардын курамына кирген ингредиенттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, дары каражаттарын сактоого коюлган ушул Эреженин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Бардык даяр дары каражаттары жана медициналык буюмдар оригинал таңгакта тышына этикеткасы (маркировкасы) коюлуп, оролот жана салынат. Стеллаждарга, текчелерге, шкафтарга стеллаждык карта бекитилет, анда дарынын аталышы, сериясы, жарактуулук мөөнөтү, саны көрсөтүлөт. Карта калың кагазга басылат, дарынын өз убагында сатылышын контролдоо үчүн кайрадан келип түшкөн ар бир серияга түзүлөт. Мындан тышкары бөлүмдө жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн картотека болууга тийиш.
51. Таблеткалар жана дражелер башка дары каражаттарынан өзүнчө, тышкы таасирлерден сактаган жана айрым бейтаптарга жана саламаттык сактоо уюмдарына берүүгө арналган заводдук таңгакта сакталат. Таблеткалар жана дражелер кургак жана жарыктан корголгон жерде сакталат.
52. Инъекциялар үчүн дары формаларын салкын, жарыктан корголгон жерде өзүнчө шкафта же өзүнчө бөлүнгөн жайда, эгерде таңгакта башка көрсөтмө жок болсо, таранын өзгөчөлүктөрүн (морттугун) эске алуу менен сактоо зарыл.
53. Суюк дары формалары (сироптор, тундурмалар) бекем тыгындалган, толук толтурулган тарада, салкын, жарыктан корголгон жерде сакталат.
54. Плазма алмаштыруучу жана дезинтоксикациялык эритмелер 0 град. Цельсийден 40 град. Цельсийге чейинки температурада жарыктан корголгон жерде өзүнчө сакталат. Айрым учурларда, эгерде ал препараттын сапатына таасирин тигизбесе, эритменин тоңуп калышына жол берилет.
55. Экстракттар бурама капкагы жана тыгыны бар айнек тарада жарыктан корголгон жерде сакталат. Суюк жана коюу экстракттар 12-15 град. Цельсий температурада сакталат.
56. Сүйкөөчү майлар, линименттер салкын, жарыктан корголгон жерде бекем жабылган тарада сакталат. Зарыл болгон учурда сактоо шарттары ичиндеги ингредиенттердин өзгөчөлүктөрүнө жараша комбинацияланат (учуучу жана термолабилдүү заттарды камтыган препараттар 10 град. Цельсийден ашпаган темлературада сакталат).
Суппозиторийлер кургак, салкын, жарыктан корголгон жерде сакталууга тийиш.
57. Аэрозолдук таңгактагы дары каражаттарынын көбү +3төн +20 град. Цельсийге чейинки температурада, кургак, жарыктан корголгон жерде, оттон жана жылытуучу приборлордон алыс жерде сакталат. Аэрозолдук таңгактарды урунуудан жана механикалык бузулуудан сактоо керек.
58. Дары өсүмдүк сырьесу кургак, жакшы желдетилген жайда, жакшы жабылган тарада, дарыканаларда - айнек, металл тарада, капкагы бар кутуларда, кампаларда - таңгактарда же жабык кутуда стеллаждарга коюлуп сакталат. Кесилген сырье кездемеден жасалган капта, порошоктор - эки кат капта (ичкиси - көп кабаттуу кагаз, тышкысы - кездеме), картон таңгактарда сакталат.
Дары өсүмдүк сырьесунун физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша полимердик материалдардан жасалган таңгакка уруксат берилет.
59. Эфир майын камтыган дары өсүмдүк сырьесу жакшы жабылган тарада өзүнчө сакталат.
60. Айрым гигроскопиялык чөптөр, жалбырактар жана жемиштер (мисалы, наперстянка жалбырактары, бүчүр чай ж.б.) жакшы жабылган айнек же металл тарада сакталат.
61. Кургатылган ширелүү жемиштерди сактоодо амбардык зыянкечтер тарабынан келтирилүүчү зыяндын алдын алуу үчүн жемиштер салынган кутуга хлороформдуу флаконду салуу, анын капкагына хлороформ буулары кетүүчү түтүкчөнү коюу сунушталат. Хлороформ учуп жок болгон сайын толукталат.
62. Даяр дары өсүмдүктөр жыйымдарын фармацевтикалык уюмдарда жогоруда аталган жалпы эрежелерди сактоо менен сакталат.
63. Дары өсүмдүк сырьесу мезгил-мезгили менен контролдонууга тийиш. Чыныгы түсүн, жытын жана таасир берүүчү заттардын талап кылынган санын жоготкон, ошондой эле көгөрүп кеткен, амбардык зыянкечтер тарабынан зыян келтирилген чөптөр, тамырлар, жоон тамырлар, уруктар, жемиштер зыяндын даражасына жараша жокко чыгарылат же кайра иштетүүдөн жана контролдон өткөндөн кийин колдонулат.
64. Жүрөк гликозиддерин камтыган дары өсүмдүк сырьесун сактоого өзгөчө көңүл буруу керек. Дары өсүмдүк сырьесунун бул тобу үчүн сактоонун бир кыйла так мөөнөттөрү жана биологиялык активдүүлүктүн курамын кайра контролдоо белгиленет.
65. Баңги каражаттарын, психотроптук, уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары өсүмдүк сырьесу өзүнчө жайда же кулпу менен бекитилген өзүнчө шкафта сакталат.
66. Дезинфекциялык каражаттарды (хлорамин Б ж.б.) герметикалык жабылган тарада, жарыктан корголгон салкын жерде, өзүнчө жайда, пластмасса, резина жана металл буюмдарды сактоо жайларынан, сууну тазалоо жайларынан алыс сактоо керек.
67. Медициналык сүлүктөрдү сактоо үчүн жай жарык жана дарынын жыты жок болууга тийиш. Температураны кескин өзгөртүүгө жол берилбейт, анткени сүлүктөр өлүп калышы мүмкүн.
68. Дарыканада сүлүктөрдү оозу кең айнек идиште, 3 л сууда 50-100 сүлүктү кармоо зарыл. Сүлүктөрдүн сойлоп чыгып кетишин алдын алуу үчүн идиш без салфетка же марли эки каттап жабылат, шпагат же резинка менен катуу байланат.
69. Сүлүктөрдү кармаган суу таза болууга жана хлор, кычкыл кошулмалар, оор металлдардын туздары, механикалык булгануулар болбоого, бөлмө температурасында болууга тийиш. Идиштердеги сууну күн сайын алмаштыруу, аны колдонууга эки сутка калганда атайын даярдоо зарыл. Сууну алмаштырганда идиштин ичи жуулат, андан кийин идиштин оозун марли менен жабылат жана ал аркылуу суу төгүлөт. Идишке банканын 3/1 таза суу куюлат. Сүлүктөрдү максималдуу таза кармоо талап кылынат, аларды жыттуу же уулуу заттарга жакын кармоого жол берилбейт. Сүлүктөр ооруп калса (алсыз болуу) суу күнүнө эки жолу алмаштырылат.
70. Дары каражаттарын биринчи, экинчи, тобу менен транспорттук тарада сактоо жана ташуу керек.
71. Өндүрүштүк продукцияны кайра фасовкалоодо полимердик пленка же кагаздан жасалган алгачкы таңгакка оролгон дары каражаттарын алдын ала өзүнчө топко чогултуу зарыл, бул топтор атмосфера менен ным, буу же газ алмашуудан корголгон экинчи таңгакка оролот (полимердик пленкадан же комбинацияланган материалдардан жасалган пакет, ичи полиэтилен менен капталган картон коробка ж.б.) Учуучу, жыттуу, уулуу дары каражаттарын бир транспорттук тарага (куту, коробка, барабан ж.б.) бир аталыштан ашык эмес таңгактоо зарыл.
72. Алгачкы таранын жана таңгактын бардык түрлөрү тыгындап бекитүү каражаттарынын тиешелүү комплектин колдонуу менен (буралып жабылган такалмасы бар капкак, чоюлма капкак, металл капкак) же тыгындабай герметизациялоо методу менен жабылууга тийиш: термо ширетүү (полимердик жана комбинацияланган материалдар), желимдөө (целлофан, кагаз, картон) ж.б.
73. Транспорттук тара таңгакталган дары каражаттарын атмосферадагы жаан-чачындан жана чаңдан, күн тийүүдөн, механикалык бузулуудан коргоого тийиш.
Медициналык сүлүктөр үчүн тара абанын кирүүсүн камсыз кылууга тийиш.
74. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн тарага, таңгакка же тыгынга ченемдик документтер жок болгон учурда же каршы көрсөтмөлөр болгондо, тараны, таңгакты жана тыгынды тандоодо ушул Эрежелердин талаптарын жетекчиликке алуу керек.