Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-декабры № 818-т
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү 2025-жылга эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 690-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-декабры № 818-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-августундагы № 710-т тескемесинин редакциясына ылайык)