Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-декабры № 751
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыз мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ), жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, "Электр станциялар", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору", "Чакан ГЭС", "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК), "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) жана Оштогу "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы:";
- 2, 3, 10 жана 16-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргызжылуулукэнерго" МИ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
1) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү, өткөрүү жана керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү, үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, "Электр станциялар", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомдорунун, жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине;
2) электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" жана "Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору" ачык акционердик коомдорунун жетекчилерине;
3) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Электр станциялар", "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомдорунун, жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине;
4) электр жана жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилиши үчүн - бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.";
- 13-пунктта "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин филиалдары" деген сөздөр "жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
1-пунктчада "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин филиалдарына" деген сөздөр "жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Ош шаарынын ЖЭБине жана жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларга жагылуучу мазутту жеткирүүнү камсыздоо.";
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 2, 5, 6, 8, 9, 18 жана 20-тиркемелеринде тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргызжылуулукэнерго" МИ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7, 10, 11, 12, 14, 15 жана 16-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.