Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна
|
1-глава. Жалпы тартиптер
1. Ушул Тартиптер балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо эрежелери жана штаттан тышкаркы балык коргоо инспекторлорун уюштуруунун жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптердин максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы караты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти чыгат (мындан ары – балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы).
3. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана талаптарды белгилөө;
2) балык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына жана көбөйүшүнө таасир этүүчү объекттерди жана курулуштарды куруу долбоорлорунда каралган балык запастарын коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
3) көлмөлөрдө суу топтогучтарды жана башка гидротехникалык курулуштарды эксплуатациялоодо жана суу биологиялык ресурстарына зыяндуу таасир тийгизген башка чарбалык иштерди жүргүзүүдө балык чарба көлмөлөрүнө жана балык запастарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
4) балык запастарын эсепке алууну жүргүзүү;
5) балык чарба көлмөлөрүндө балык өндүрүүнү чектөө жана алардагы балыктын жаңы түрлөрүн климатташтыруу;
6) балык запастарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;