Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы тартип
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү бекитип берүү шарттарын жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти чыгат (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) акватория – табыгий чектер, жасалма жана шарттуу чек аралар менен чектелген көлмө суу бетинин тилкеси;
2) балык чарба маанидеги суу объекттери – балык чарбасы жана балык уулоо үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон табыгий жана жасалма көлмөлөр, суулар, ошондой эле алардын айрым тилкелери;
3) вегетациялык мезгил – жаратылыш факторлору менен байланышкан балкытын өсүшү үчүн жагымдуу болгон (абанын жана суунун температурасы, жарык күндүн узактыгы жана башкалар) балык өстүрүү сезону, ал, эреже катары, апрелден октябырга чейин созулат;
4) табыгий балык өндүрүмдүүлүк – бул, анын табыгий азык базасынын (кг/га) эсебинен көлмөнүн аянтынын бирдигине карата балык биомассасынын саны;
5) суунун күзгүсү - жээк менен чектелген ачык көлмөлөрдүн суу беттери;
6) зообентос - балыктар үчүн азык болуп саналган, көлмөнүн түбүндө отурукташкан суу организмдеринин топтому,
7) зоопланктон – балык үчүн азык болуп саналган, суу катмарында отурукташкан, суунун агымы менен акырындап жүргөн суу тоют организмдеринин топтому;
8) тоют коэффициенти – бул балык массасынын 1 кг алыш үчүн балык тарабынан желген табыгий же жасалма тоюттун сандык катышы;
9) көлмөнүн паспорту – бул балык чарбалык өздөштүрүү үчүн көлмөнүн балык чарба потенциалын аныктоо максатында көлмөнүн физикалык-химиялык жана балык өстүрүүчү-биологиялык параметрлеринин мүнөздөмөлөрүн камтыган документ: морфометриялык, гидрологиялык, гидрохимиялык, гидрофизикалык, гидробиологиялык, географиялык жана башка балык чарбалык мүнөздөмөлөр;