Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы N 761 токтомуна)
2025-жылга СТАТИСТИКАЛЫК ПРОГРАММА
1-глава. Киришүү
2025-жылга статистикалык программа (мындан ары - Программа) "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекетти жана коомду расмий статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Программанын максаты улуттук статистика системасынын ишин пландаштыруу, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин натыйжалуу координациялоо, респонденттерден жеке маалыматтарды чогултуу үчүн укуктук негизди камсыздоо жана мамлекеттик органдардан административдик маалыматтарды алууну жөнгө салуу болуп саналат.
Программада төмөнкүлөр камтылган:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлүүчү расмий статистикалык маалыматтын тизмеси;
- статистикалык иштин бекитилген формулярларынын негизинде Улутстатком тарабынан жүргүзүлүүчү статистикалык текшерүүлөр;
- статистикалык максаттарда колдонулуучу мамлекеттик органдардын административдик маалыматтарынын тизмеси;
- расмий статистика жаатындагы негизги иштеп чыгуулар;
- Улутстатком жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси;
- Улутстаткомдун уюштуруучулук иши жөнүндө маалымат.
Респонденттерден (жеке, юридикалык жактардан жана үй чарбаларынан) алынуучу маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу максатында, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр аны статистикалык максаттарда гана пайдаланышат жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
2025-жылы Улутстатком мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун өткөрөт.
Программада төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
баяндама - Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык, демографиялык, экологиялык абалды мүнөздөөчү ыкчам расмий статистикалык маалыматты камтыган ар айлык маалыматтык-аналитикалык статистикалык басылма;
статистикалык жыйнак - узак мезгилге экономикадагы, коомдун турмушундагы жана ишиндеги процесстердин өнүгүүсүн мүнөздөөчү расмий статистикалык маалыматты камтыган маалыматтык сереп салынган статистикалык басылма;
статистикалык маалымдама - бир катар жылдардын динамикасында экономикадагы, коомдун турмушундагы жана ишиндеги процесстердин өнүгүүсүн мүнөздөөчү маанилүү расмий статистикалык маалыматты камтыган маалыматтык сереп салынган кыскача статистикалык басылма;
статистикалык бюллетень - белгилүү бир мезгилге коомдун турмушунун жана ишинин белгилүү жаатын мүнөздөөчү расмий статистикалык маалыматты камтыган маалыматтык мезгилдүү статистикалык басылма;
экспресс-маалымат - ыкчам маалымдоону талап кылган белгилүү бир маселе боюнча ыкчам жана актуалдуу расмий статистикалык маалыматты камтыган кыскача маалыматтык мезгилдүү статистикалык басылма;
Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) форматтары - ЕЭК тарабынан берилген расмий статистикалык маалыматтын формалары (ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 3-декабрындагы № 197 чечими);
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) схемалары - КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук статистикалык маалыматтарынын абалын текшерүү жана өнүктүрүү боюнча КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитетине жөнөтүлүүчү сурамжылоо барактары;
Open data - Улутстаткомдун сайтында, "Ачык маалыматтар" порталында жайгаштырылуучу маалыматтар.
Статистика органдары тарабынан статистикалык басылма түрүндө жарыялануучу расмий статистикалык маалымат экономикалык иштин түрлөрү, менчик формалары, аймак, уюштуруу-укуктук формасы жана башка түрлөрү боюнча алдын ала, ошондой эле такталган маалыматтарды камтыйт.
Эгерде расмий статистикалык маалыматты чыгаруу мөөнөтү ишемби, жекшемби жана майрам күнүнө туура келсе, мындай маалыматты чыгаруу күнү болуп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.