Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма жол менен өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоо боюнча ишти аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу органы деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3.Өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого укук берүү балык өстүрүү заводдоруна, балык өстүрүү ишканаларына жана балык чарбаларына (мындан ары – балык субъекттери) инкубацияга икраны топтоо, салуу, жаштарын өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу максатында балык оорулары боюнча бакубат көлмөлөрдөн өнөр жайлык балык өндүргүчтөрүн кармоого уруксат берүү менен балык запастарын жасалма өндүрүүгө тиешелүү божомол-тапшырманы белгилөө жолу аркылуу (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-майындагы № 201-НИ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” буйругуна ылайык) жүзөгө ашырылат.
4. Жасалма өндүрүү максатында балык субъектилери тарабынан өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого укукту балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет.
5. Балык запастарын жасалма өндүрүп чыгууга бекитилген болжол-тапшырмасы жок өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү атайы уулоого тыюу салынат.
6. Жасалма өстүрүп чыгуу максатында өнөр жайлык балыктардын өндүргүчтөрүн атайлап уулоого төмөнкүлөргө укук берилет:
– биринчи кезекте, балык өстүрүү - икраны инкубациялоо жана балыктын жашоого туруштук бере алган жаштарын чыгарууга жарактуу болгон өндүрүштүк базасына ээ болгон (инкубациялык цехтер жана инкубациялык аппараттар) адистештирилген балык өстүрүү чарбаларына (балык заводдоруна жана балык питомниктерине);
– экинчи кезекте, икраны тандап алуу, даярдоо, уруктандыруу жана ташып жеткирүүгө квалификацияланган балык өстүрүүчү-адистерди тартуу шартында, келишимдик негизде аларды заводдук инкубациялоо жана балык личинкалары менен жаштарын өстүрүү максатында, белгиленген тартипте икраны инкубациялык аппаратка берүү жана салуу боюнча балык заводдору менен келишим түзүшөн башка балык өстүрүү чарбаларына.
7. 7. Өнөр жайлык балыгын өндүргүчтөрдү кармоого арызды кызыкчылыгы болгон балык субъектилери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, илимий уюмдун биологиялык негиздемеси же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиологиялык кызматынын корутундусу менен белгиленген балыктын урук чачуу миграциясы келип жетүүсү боолжолдонуп жаткан күнгө чейинки, кеминде 15 күнгө чейин жөнөтүшөт.
8. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү кармоого балык уулоо билеттери, балык субъекттерине илимий биологиялык негиздеме же ихтиологиялык кызматтын корутундусу алынгандан кийин гана, балыктын урук чачуу мөөнөттөрүнүн келип жетүүсүн, урук чачуу райондорун жана көлмө менен суулардагы урук чачуу тилкелерин көрсөтүү менен берилет.
9. Аларды жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүргүчтөрдү кармоого чейин балык субъектилери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
– балыктын өндүргүчтөрүн кабыл алуу жана кармап туруу үчүн имараттарды, кампаларды, суу менен камсыз кылуу тутумдарын, инкубациялык цехтерди, балык өстүрүү жабдууларын, бассейндерди жана ошондой эле икраны инкубацияга салуу жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өстүрүү үчүн инкубациялык аппараттарды даярдоого;
– балык чарбасынын балык чарбалык ишин жүргүзүү жана кармалып алынган балыктардын өндүргүчтөрүн сатуу менен байланыштуу болгон каржы операцияларын эсепке алуу жана жүргүзүү жана балык запастарын өндүрүү боюнча иш-чараны өткөрүүгө чыгымдарды эсепке алуу үчүн бухгалтерди жумушка кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук чыгаруу жана анын көчүрмөсүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө;