Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балыкчылык, балык өстүрүү жана балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашырууну мерчемдеп жаткан жана сынакка катышкан талапкерлерге бекитип берүү үчүн сынакты уюштуруу жана өткөрүүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Сынак өткөрүүнүн максатынан болуп сынакты жеңип чыккан катышуучуларга балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашыруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин пайдаланууга берүү жөнүндө бүтүмгө келишүүгө кол коюу укугун берүү саналат.
3. Ушул Тартиптин максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги түшүндүрүлөт .
4. Суу объекттерин балык чарбасы үчүн берүү сынагына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмеге киргизилген суу объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилип берилбеген табыгий жана жасалма көлмөлөр коюлат.
5. Сынакка коюлган бардык суу объекттери лотторго бөлүнүүгө тийиш, мында көлмөлөрдүн же алардын айрым участокторунун ар бири өзүнчө лотту түзөт.
6. Суу объекттерин (же алардын бир бөлүгүн) балык чарбасы ишине берүү үчүн сынактарды уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган республикадагы балык чарба суу фондунунун негизги пайдалануучусу жүзөгө ашырат (мындан ары – Сынакты уюштуруучу).
7. Сынак ачык болуп саналат жана бир көлмөгө (көлмө тилкесине) сыяктуу эле, бир катар көлмөлөргө же айрым тилкелерге карата өткөрүлөт.
8. Сынактын айкындуулук шарттары күнүн жана өткөрүлө турган жерин белгилөө менен Сынакты өткөрүү тууралуу билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу камсыз кылынат.
9. Сынакты уюштуруучу:
– сынакты өткөрүү мөөнөттөрү тууралуу чемиди кабыл алат;
– конкурстук комиссияны түзөт, комиссиянын курамын, анын ишмердүүлүгүн аныктайт.