КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-декабры № 778
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар:
1) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин талаптарына ылайык келтирсин;
2) өздөрүнүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин талаптарына ылайык келтирсин жана чараларды көрсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү;
2) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин талаптарына ылайык келтирүү.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;