Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна) |
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) салыштыруу акты - тараптардын ортосунда белгилүү бир мезгил үчүн өз ара эсептешүүлөрүнүн абалын чагылдырган документ;
2) администрациялануучу эсептер - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан укук бузууларды, анын ичинде муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча ачылган эсептер;
3) "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Коопсуз шаар" АМС) - аппараттык-программалык комплекстер фиксациялаган маалыматты жана Жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди топтоо, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу, ЖКЭни бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жеткирүү/жеткирбөө статусун жана борбордук деңгээлде төлөөнү чагылдырган мамлекеттик маалыматтык система;
4) аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - транспорт каражаттарынын жалпы агымы, фиксацияланган ЖКЭни бузуулар жана видео байкоо жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматташтырып берүү системасын билдирген, фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар стационардык/көчмө сертификацияланган контролдук-өлчөөчү техникалык каражат;
5) Укук бузуулардын бирдиктүү реестри (мындан ары - "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМС) - катталган укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, ошондой эле аларга карата колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
6) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды берүүгө жеңүүчү аныктала турган тандоо.
2-глава. Айып пулдардын суммаларын түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төмөнкүлөргө уруксат берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды ("Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдарды кошпогондо) топтоо боюнча администрациялануучу эсепти ачууга;