(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 763 токтомуна)
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конвейердик транспорту (мындан ары - конвейердик транспорт) бар көмүр логистикалык борборлорунун ишин уюштуруу тартибин, көмүрдү ташууга арналган конвейердик транспорттун конструкциясына карата милдеттүү техникалык талаптарды, анын ичинде аны башкаруу системасын, көмүрдү коопсуз ташууну уюштурууга карата талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу конвейердик транспорт менен көмүр продукциясын ташууда бажылык жөнгө салууну жүзөгө ашырууну белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкү терминдер колдонулат:
конвейердик транспорт - бул көмүр продукциясынын чубурма, кесек же даана жүктөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) аркылуу ташууга арналган үзгүлтүксүз транспорт механизми;
бажылык декларациялоо - чек ара аймагына (аймактарына), чек ара тилкесине (тилкелерине) көмүр продукциясын ташып келүүгө (ташып чыгууга) уруксат алуу жана аны Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары ташуу үчүн зарыл болгон товарлар жөнүндө, тандалган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматтарды жана (же) башка маалыматтарды бажы декларациясын пайдалануу менен бажы органына билдирүү;
декларант - көмүр продукциясын жайгаштырууда бажы декларациясын берүүчү же анын атынан бажы декларациясы берилүүчү, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишкана же чарбалык субъект;
жүктөө жана түшүрүү кампалары - көмүр продукциясын жүктөөдө жана түшүрүүдө көмүр продукциясын сактоочу жайлар.
3. Конвейердик транспорт Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарына жакын орнотулат.
2-глава. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорунун ишин уюштурууга карата жалпы талаптар
4. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорун долбоорлоо жана куруу экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана бажы кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар (мындан ары - контролдоочу мамлекеттик органдар) менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин, КЧжЭ 2.05.07-91* (Өнөр жай транспорту) талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорун долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундуларын алгандан кийин жүзөгө ашырылат.
6. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборун жетектөө, конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунда иштөө үчүн чет өлкөлүк адистерди тартуу, инвестицияларды тартуу жолу менен уюштурулган учурда конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишинен түшкөн пайданы бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жетишилген макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Жүктөө жана түшүрүү кампалары
7. Жүктөө жана түшүрүү кампалары ушул Жобонун 11 жана 13-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, конвейердик транспортту токтотпостон көмүр продукциясын ыңгайлуу жана коопсуз жүктөөнү жана түшүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
8. Жүктөө жана түшүрүү кампалары жарылуудан коопсуз стационардык шам чырактар, тараза жабдуулары, конвейердик транспорттун бардык участогу боюнча орнотулган онлайн-байкоо камералары, ташылуучу көмүр продукциясын сканерлөө үчүн түзүлүштөр, радиациялык контролдоо жана өрткө каршы коопсуздук түзүлүштөрү менен жабдылат, ошондой эле тиешелүү техника жана жабдуулар (өрт өчүрүү автомашинасы, комплекттеги өрт өчүргүч калкандары ж.б.) менен комплекттелет.
9. Жүктөө жана түшүрүү кампаларынан тышкары конвейердик транспорт бийиктиги 2,2 метрден кем эмес тосмолор (дубал), конвейердик транспорттун бардык участогу боюнча орнотулган онлайн-байкоо камералары, кыймыл көрсөткүчтөрү, чектеш мамлекеттин мамлекеттик чек арасына чейин корголуучу зона менен (конвейердик транспорттон периметри боюнча 20 м) жабдылууга тийиш.
4-глава. Сигнализация, байланыш, шашылыш өчүрүү жана коргоо түзүлүштөрү