Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна)
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 , 2026-жылдын 12-февралындагы № 95 , 2026-жылдын 21-июлу № 500 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө жана эсепке алуу, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду түзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) камсыздоочунун эсеби - Бирдиктүү казыналык эсептеги камсыздандыруу төгүмдөрүн, туумдарды жана айып санкцияларын чегерүү үчүн багытталган эсеп;
2) кошумча эмгек акы төлөө фонду - төлөөчүлөрдүн тиешелүү категориясы боюнча иш жүзүндө иштеген күндөрүнүн санына жараша өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 же 100 пайызына чейин кошумча эсептелген сумма;
3) камсыздандырылган адам - пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жүргүзүлгөн жеке жак;
4) эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгеги үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Эмгек акыга эсептелген райондук коэффициенттен сырткары, кызматтык (тарифтик) маянага абсолюттук чоңдукта же пайыздарда белгиленген үстөк жана кошумча акы түрүндө компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр;
5) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жана өлчөмдөрдө төлөнбөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
6) туумдар жана айыптар боюнча карыз - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөрдө эсептелген жана төлөнбөгөн туумдардын жана айыптардын суммалары;
7) жер үлүшү - менчик укугу күбөлүк менен күбөлөндүрүлгөн жер-агрардык реформанын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранына акысыз негизде менчикке берилген айыл чарба багытындагы (чарба жерлер боюнча) жер участогу;
8) жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген же өткөн жеке же юридикалык жак;
9) жеке ишкер - патенттин негизиндеги ишти кошкондо, уюм түзбөстөн ишкердик ишти жүргүзгөн жеке жак;
10) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигин далилдей алган адам;
11) жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигин далилдей албаган адам;
12) эл аралык уюм - өзүнүн уставдык ишин кеминде эки мамлекеттин аймагында ишке ашырган (расмий өкүлчүлүктөрү же алар тарабынан уюштурулган уюмдары бар) мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюм, ошондой эле коммерциялык эмес уюм;
13) эмгек акы төлөө - иш берүүчү тарабынан мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга, ички ченемдик актыларга жана эмгек келишимдерине ылайык кызматкерлерге эмгеги үчүн төлөмдөрдү белгилөөнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан мамилелердин системасы;
14) камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар жана айыптар боюнча ашыкча төлөмдөр - түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, туумдардын жана айыптардын суммалары менен эсептелген суммалардын ортосундагы оң айырманы билдирүүчү ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, туумдардын жана айыптардын суммалары;
15) жекече эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында ар бир камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды жекече эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү;
16) идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, ошол адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;
17) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр (мындан ары - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр):
- юридикалык жактар, анын ичинде уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан чет өлкөлүк жактар, алардын өзүнчө турган бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- дыйкан (фермердик) чарбалар - юридикалык жак статусуна ээ же болбосо өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын биргеликте өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандарынын жана башка адамдардын жеке эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, ал дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна же башка мүлккө негизделет;
- жеке ишкерлер жана жеке жактар (анын ичинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашыргандар);
- жеке жак (Кыргыз Республикасынын жараны; Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жаран; жарандыгы жок адам - кайсы бир мамлекеттин жарандыгына (букаралыгына) таандык экендигин далилдей албаган адам);
18) жер участогуна укук - жер участогуна менчик укугу же жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
19) текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлери - ишинин түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун "СВ" секциясынын 13, 14-бөлүмдөрүнө ылайык келген кызматкерлер;
20) кооперативдин кызматкери - белгилүү бир адистиги, квалификациясы же кызмат орду боюнча кооперативде иштөөгө тартылган жеке жак;
21) иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамиле түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм);
22) кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик мамиле түзгөн жеке жак;
23) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн колдонулуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - кийинки жылдын 1-январынан тартып колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жыл сайын белгиленген өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү;
24) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн каттоо номери - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу субъекттерин эсепке алуу үчүн ыйгарылуучу номер;
25) камсыздандыруу төгүмү - камсыздандыруучу же камсыздандырылган адам камсыздоочуга төгүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн акы;
26) камсыздоочу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруучу органы;
27) камсыздандыруучу - жарандарды эмгек келишимдери (контракттар) боюнча жалдаган жарандар, юридикалык жактар (менчигинин түрүнө жана ишинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка чарбалык субъект) жана алардын өзүнчө турган бөлүмдөрү (филиалдары, өкүлчүлүктөрү), жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдар, дипломатиялык мекемелер жана өкүлчүлүктөр;
28) айыл чарба кооперативи - кооперативдин мүчөлөрүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында акчалай баага ээ болгон мүлктүк үлүштүк төгүмдөрдү бириктирүүгө негизделген, биргелешкен өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн мүчөлүктүн негизиндеги айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ыктыярдуу бирикмеси;
29) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 500 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи - бардык негиздер боюнча эмгек акыга (кирешеге), сый акыга, гонорарга же өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө пайыздарда же төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн туруктуу өлчөмдөрдө эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү;
31) жаңылыш түшкөн төлөмдөр - камсыздоочунун эсебине түшкөн төмөнкү төлөмдөр:
- эгерде Бирдиктүү казыналык эсеп жана/же камсыздоочунун эсеби төлөөчү катталган ыйгарым укуктуу органдын каттоосу менен ылайык келбесе;
- эгерде төлөмдүн тексттик багыты төлөмдүн багытынын кодуна жана/же кирешелердин бюджеттик классификациясынын кодуна ылайык келбесе;
- бир эле төлөм документи боюнча төлөөчүнүн милдеттенмелери боюнча сумманы кайталап которууга алып келген төлөм документин банк тарабынан жаңылыш аткаруунун натыйжасында;
32) аныкталбаган төлөмдөр - төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлбөгөн же туура эмес көрсөтүлгөн камсыздоочунун эсебине түшкөн төлөмдөр;
33) камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөөнүшүн контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
34) кооперативдин мүчөсү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кооперативдин уставында каралган тартипте материалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында кооперативге кирген жеке адам;
35) эмгек акы төлөө фонду (мындан ары - ЭТФ) - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгеги үчүн берилүүчү сый акы (ордун толтуруу), дем берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү (анын ичинде бир жолку берилүүчү сый акылар), ошондой эле подряд келишимдери, тапшырмалар боюнча аткарылган иш үчүн кандай болбосун төлөмдөр жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарлар;
36) электрондук камсыздандыруу полиси - жеке жак, жеке ишкер тарабынан белгилүү өлчөмдө жана белгилүү бир мезгилге камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын веб-сайты аркылуу алынган электрондук документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)