Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 559 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 153 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-октябры № 559
Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 153 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1, 2-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүүгө жана координациялоого, инновациялык технологияларды киргизүүгө, ошондой эле өлкөнүн тездетилген санариптик өнүгүүсүнө жетишүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүүчү туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ачыктык жана калыстык;
2) чечимдерди даярдоодо жана түзүүдө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык тренддерди колдонуу;
3) даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
5) акыркы натыйжага багытталгандык.
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Кеңештин максаты жана милдеттери
4. Кеңештин максаты болуп санариптик башкаруунун архитектурасын курууга жана эксперттик коомчулукту санариптик трансформация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялык чечимдерди укуктук жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ишке тартууга көмөк көрсөтүү саналат.
5. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында санариптик башкаруунун архитектурасын куруу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында санариптик технологияларды киргизүү деңгээлин системалуу натыйжалуу талдоону жана баалоону камсыз кылуу;
3) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, ошондой эле электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) санариптик башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмөктөшүү;
5) Кеңештин сунуштамаларын ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баалоо.
3-глава. Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңештин ыйгарым укуктары:
1) Кыргыз Республикасында санариптик трансформация үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык мамилелерди колдонуу, киберкоопсуздукту башкарууда жана камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда инновациялык мамилелерди колдонуу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоого катышат;
3) санариптик трансформация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана илгерилетет;
4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана башка адамдардын демилгеси боюнча өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү маалыматтарды угат;
5) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды киргизет жана алардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
6) каралып жаткан багыттар боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде эл аралык эксперттерди тартат;
7) санариптик башкарууну ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
8) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте сурайт;
9) Кеңештин кабыл алынган чечимдерин ишке ашырууну баалоого мониторинг жүргүзүү системасын бекитет.