Загрузка документа…
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтому менен бекитилди) Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 632 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо 3-глава. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу 4-глава. Чакырылуучуларды аскердик каттоо 5-глава. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө 6-глава. Жарандарды кызматка чакырууну уюштуруу 7-глава. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу 8-глава. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу 9-глава. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жана мөөнөттүү аскердик кызматтан бошотулган жарандарды ташуу 10-глава. Жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн киргизүү
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты. 2. Жобо төмөнкүлөрдү аныктайт: 1) жарандарды аскердик кызматка даярдоо, жарандарды аскердик кызматка чакыруу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин; 2) аскерге чейинки жана аскерге чакырылуучу курактагы жарандарды аскердик кызматка даярдоо тартибин; 3) жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын (мындан ары - аскер комиссариаттар) жарандар тарабынан аскердик каттоо эрежелеринин аткарылышын камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин; 4) жарандарды аскердик кызматка чакыруу тартибин; 5) жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу тартибин; 6) жарандарга чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жана кызматтан бошотуу тартибин. 3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизациялоо боюнча чакыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери баш ийген аскердик бөлүктөрдү (мекемелерди) өздүк курам менен комплекттөө үчүн жоопкерчилик тартышат. Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт: 1) баш ийген аскердик бөлүктөрдү комплекттөө пландарын өз убагында иштеп чыгуу; 2) баш ийген аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) жаш толуктоону кабыл алууну контролдоо жана моралдык, психологиялык сапаттарын, жалпы билимин жана техникалык даярдыгын эсепке алуу менен аларды штаттык кызмат орундар боюнча бөлүштүрүү. 5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда каралган тапшырмалардан башка, кошумча төмөнкүлөр жүктөлөт: 1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, аскер комиссариаттарында аскердик каттоону уюштуруу; 2) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу пландарын иштеп чыгуу; 3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизацияга чакыруу; 4) жогорку аскердик окуу жайларына талапкерлердин аскер комиссариаттары тарабынан тандалышын контролдоо. 6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн командирлерине (мекемелеринин башчыларына) төмөнкүлөр жүктөлөт: 1) жаш толуктоону кабыл алууну уюшкандыкта өткөрүү; 2) өздүк курамда жарандык адистиктердин, билими жана башка сапаттары болушун эске алуу менен бөлүкчөлөр, эсептер жана экипаждар боюнча жаш толуктоону бөлүштүрүү; 3) аскердик бөлүккө келген жаш толуктоону материалдык жана тиричилик жактан камсыздоо, анын ден соолугун сактоо жөнүндө күндө кам көрүү жана аскердик тартипти кармоо; 4) аскердик кызматты үгүттөө жана кадыр-баркын жогорулатуу боюнча маалыматтык ишти жүргүзүү, орто жалпы билим берүү уюмдарында окугандар менен жолугушууларды жана алардын аскердик бөлүктөргө (мекемелерге) келүүлөрүн уюштуруу. 7. Аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары (мындан ары - аскер комиссарлары) жарандарды аскердик кызматка даярдоону жетектейт жана жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну өз убагында өткөрүү үчүн жооп берет. Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт: 1) жарандардын жана аскер комиссариаттарынын кызмат адамдарынын Мыйзамдын талаптарын аткаруусун контролдоо; 2) жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну жүргүзүү; 3) чакыруу курагындагы адамдарды аскердик каттоону жүргүзүү; 4) тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кароосуна жарандарды аскердик кызматка даярдоо боюнча конкреттүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу жана берүү; 5) коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында Куралдуу Күчтөр үчүн зарыл болгон адистердин даярдалышына контролдоо жүргүзүү; 6) жарандарды алгачкы аскердик каттоого, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууга тартылган медициналык, техникалык кызматчыларды жана тейлөө персоналын тандоо жана даярдоо, аларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына бекитүүгө берүү; 7) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну белгиленген мөөнөттө уюштуруу жана өткөрүү.
|