Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 4-майы № 248
Нью-Дели шаарында 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Нью-Дели шаарында 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарлоону индия тарапка жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 26-майында N 64 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Нью-Дели шаары, 2016-жылдын 20-декабры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аркылуу көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Туризм министрлиги аркылуу көрсөтүлгөн Индия Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын эки тараптуу кызматташуусун кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдоо ниетин таанып, туристтик сектордун экономиканы өнүктүрүүдөгү жана калкты жумуш менен камсыз кылуудагы маанисин, ошондой эле тең укуктуулук негиздеги өз ара кызыкчылыктарын түшүнүү менен,
туризм чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөө, тереңдетүү жана кеңейтүү зарылчылыгын баса белгилеп,
туристтик сектордун эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда билимди жана өз ара түшүнүүнү бекемдөө маселелериндеги маанилүүлүгүн таануу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар ар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык туризм, соода жана мейманкана сектор чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылышат.
2-берене.
Тараптар тийиштүү мыйзамдарга, эрежелерге жана нускамаларга ылайык Тараптардын өлкөлөрүнө барып-келүү үчүн өздөрүнүн жарандарына шарттарды түзүп беришет. Тараптар туристтик кызматташууну жогорулатуу үчүн туризмде, соодада жана меймандостук индустрияда кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууга жана түз байланышууга көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында төмөнкү тармактарда кызматташууну чыңдоого умтулушат:
- туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү;
- туризм менен байланышкан маалыматтар менен алмашуу;
- туристтик иштин субъекттеринин, анын ичинде отелдер жана туроператорлордун ортосундагы кызматташууну шыктандыруу;
- адам ресурстарын өнүктүрүү, жаатындагы кызматташуу үчүн алмашуу программаларын түзүү;
- туризмге жана мейманкана чарбасына инвестицияларды салуу;
- эки тараптуу туризмди өнүктүрүү үчүн чечимдерин кабыл алуучу туроператорлор/ЖМК/жактар менен алмашуу боюнча визиттерди уюштуруу;
- алдыга жылдыруу, маркетинг, өнүктүрүү жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- Тараптардын өлкөлөрүндө туристтик көргөзмөлөргө/жарманкелерге катышуу;
- коопсуз, татыктуу жана туруктуу туризмге көмөк көрсөтүү.
4-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында, Тараптардын пикирлери менен алмашуу жана кызматташууну жакшыртуу үчүн жол картасын даярдоо максатында Тараптар, Тараптардын ар биринен бирдей сандагы мүчөлөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзө алышат. Биргелешкен жумушчу топ кезеги боюнча Тараптардын ортосунда алдын-ала аныкталган жана өз ара макулдашылган күнү, мүмкүн болушунча эки жылда бир жолу мезгил сайын жолугушууларды өткөрүп турат. Тараптар бул кеңешмелерге туристтик бизнестин жана мейманкана индустриянын өкүлдөрүн чакыра алышат.
5-берене.
Биргелешкен жумушчу топтун кеңешмелерине катышуу үчүн делегациянын баруусуна, тамактануусуна жана жашап туруусуна байланышкан чыгымдарды жиберүүчү Тарап өзүнө алат. Жолугушууну уюштуруу боюнча бардык чыгымдарды кабыл алуучу Тарап тартат.
6-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же жүзөгө ашыруу жана/же колдонуу менен байланышкан бардык айырмачылыктар же талаш-тартыштар, кандайдыр бир үчүнчү тараптарга же эл аралык трибуналга шилтеме келтирбестен, дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосунда өз ара консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
7-берене.
Тараптардын ар бири бул Меморандумдун бардык же каалагандай бөлүгүн өзгөртүү жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Тараптардын ортосунда макулдашылган бардык өзгөртүүлөр жазуу жүзүндө таризделиши керек жана ал ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
8-берене.
Ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып ушул Меморандум күчүнө кирет.
9-берене.
Ушул Меморандум беш жылдык мөөнөттүн ичинде күчүндө болот, эгерде Тараптардын бири аны өзгөртүү же колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө алдын-ала кеминде алты ай мурун дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка билдирбесе, анда ал кийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн-өзү узартылат.
Муну күбөлөндүрүү үчүн төмөндөгүлөр, тийиштүү түрдө өз өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктарына ээ болгон кызмат адамдары бул Меморандумга кол коюшту.
Нью-Дели шаарында 2016-жылдын 20-декабрында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус, англис, жана хинди тилдеринде түзүлдү, мында тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.