Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы N 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 16-майы № 292
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. II главада:
1) II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар".
2. 7-беренеде:
1) 7-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруунун тартиби";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Чарба жүргүзүүчү субъект "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган аныктама менен түшүндүрүлөт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - мыйзам долбоору) чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө жаралган маселелерди чечүүдө 2017-жылдын 3-февраль күнүнөн баштап түзүлгөн № 64 "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө коюлуучу тартиптен минималдуу талап боюнча Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө тартип ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленсин деп "бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жетинчи беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт.
"Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүүдө коюлуучу тартиптен минималдуу талап боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 3-февралындагы № 64, 2015-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катынын негизинде 2015-жылдын 18-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен иштелип чыккан.
1994-жылдын 23-июлдагы Улуттук банктын башкаруу жарлыгынын № 1/7 боюнча "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби" кабыл алынган. Бул тартипке кардарларга кассалык тейлөө жүргүзгөн банк мекемелери жана Байланыш министрлигинин ишканаларынан башка бардык ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, мекемелердин таризи жана мүлкүнө карабастан кассалык иш-аракеттери баш ийиши керек болгон.
Жогоруда айтылган тартип 1992-жылдын 12-декабрындагы № 1055-XII "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде бекитилген.
Бирок, бул Закон 1997-жылдын 29-июлундагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алынуусунун негизинде 1997-жылы күчүн жоготкон. Күчүн жоготкон Мыйзамдын 9-беренеси менен Кыргыз Республикасында кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча ыйгарым укук Улуттук банкка берилген.
1997-жылдын 29-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" № 59 Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун негизине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акча жүргүзүүнү уюштуруу максатында Улуттук банк тарабынан уруксаттамалоо иш-аракети финансы-насыялык гана мекемелерге кассалык операцияларды киргизүүдө тартипти иштеп чыгуу жана бекитүү укугу Улуттук банкта дайындалган.
2013-жылдын 27-мартындагы № 10/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкаруу жарлыгына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарга жана банктардан тышкары финансы-насыялык мекемелерге кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды коюу жөнүндөгү жобо" бекитилген. Бирок бул жобо бир гана банк секторлорун камтыган.
Мындан тышкары белгилеп кетүүчү нерсе, 2002-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасындагы уюмдардын жана бухгалтердик эсепти киргизүүнүн укук-ченемдеринин жана усулдарынын негизинде кабыл алынган жана бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулуктун мамлекеттик тартиби белгиленген.
Ошол эле учурда бул Мыйзамда Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими каралган эмес.
"Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды коюу боюнча Убактылуу жобону бекитүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 3-февралындагы № 64, убактылуу мүнөзгө ээ болуп 12 айга жарактуу деп саналат жана күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын укук-ченемдүүлүк актысынын долбоорун иштеп чыгуу каралат.
Мына ушундай жол менен азыркы күндө Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды киргизүүдө жаралган маселелерди чечүү керек болду. Ушуга байланыштуу ушул мыйзамды кабыл алынды деп эсептейбиз.
Буга байланыштуу 2017-жылдын 3-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды коюу боюнча Убактылуу жобону бекитүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктарын ишке ашыруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кассалык операцияларды киргизүү тартибин жөнгө салуу ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн 2017-жылдын 8-февраль күнүнөн тартып Мамфинкөзөмөлдүн № 20-п буйругу менен жумушчу тобу түзүлгөн.
Жумушчу тобунун иш-аракетинин жыйынтыгында "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ушул мыйзам долбоору 2017-жылдын 2-март күнүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына (www.gov.kg) жана 2017-жылдын 3-мартынан тартып коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтына (www.fsa.kg) жайгаштырылды. Ушуну менен катары, коомдук талкуунун жыйынтыгы менен сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок.
Ушул мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирдин талдоосун өткөрүүнү талап кылбайт, анткени бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамына "Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилеринин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген ченемди киргизүүнү карап жатат. Жөнгө салуучу таасирди талдоо кийинчерээк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдонмо катарында бекитилген сунуштамага ылайык, Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилеринин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө укуктук ченемдик актынын долбооруна жазылат.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору Конституциянын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган тартипте бекитилген эл аралык мыйзам ченемдүүлүктөргө каршы келбейт жана ошондой эле коомдук, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык талаптарга жооп берет жана коррупциялык иштерди жүргүзбөйт.
Мындан тышкары бул мыйзамдын кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен финансылык (кошумча) каржылоону талап кылбайт.