Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 24-декабрындагы № 785

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,

башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен

аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында

жоокерлердин жана сержанттардын контракт

боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө

жобо

 

1-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат

 

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын курамында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

2. Контракт боюнча аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - жарандар) Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди өз ыктыяры менен аткаруусуна негизделген аскердик кызмат.

Контракт боюнча аскердик кызматты мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынан (мындан ары - контракттык кызматтын аскер кызматчылары) тышкары, катардагы жоокерлердин жана сержанттардын курамындагы адамдар Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөйт.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган контракттык кызматтын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдар менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мыйзамга жана ушул Жобого, ошондой эле алардын негизинде чыгарылган улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин актыларына ылайык кызмат өтөйт.

Контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын арасынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.

3. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө, аскердик кызмат ордуна дайындоону, аскердик наамды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскер кызматчылардын кызматтык-укуктук абалы аныкталган башка жагдайларды камтыйт.

Контракт боюнча аскердик кызматка биринчи жолу кирген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант берет.

4. Эгерде кызмат өтөө (иштөө) биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдоосу менен байланышкан болсо, анда бири-бирине жакын тууган (ата-энелер, балдар, асырап алынган бир тууган жана тууган ага-ини жана эже-карындаш, чоң ата (таята), чоң эне (таене), неберелер) болуп саналган аскер кызматчыларына контракт боюнча аскер кызматын бир башкаруу органында, бир аскердик бөлүктө (мекемеде) өтөөгө жол берилбейт.

5. Аскер кызматчылар төмөнкүлөргө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында турган учурда аскердик эмес кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты контракт (жаңы контракт) түзбөстөн өтөшү мүмкүн:

- уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу -эки айдан ашык эмес;

- аскер кызматчыга карата кылмыш иши козголгонуна байланыштуу - кылмыш иши боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин - үч айдан ашык эмес;

- жубайы мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүкчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бүткүл мезгилинде беш жылдан ашык эмес.

6. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарын комплектөө үчүн контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алуу аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) өтүнүчү боюнча аскердик комиссариаттар аркылуу жүргүзүлөт, мында аларды кызмат ордуна дайындоо ошол аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) буйруктары менен жүргүзүлөт.

7. Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт жарандын жана Кыргыз Республикасынын атынан - жаран аскердик кызматка кирген же ал жерде аны өтөп жаткан мамлекеттик органдын ортосунда ушул Жобо менен аныкталган тартипте типтик форма боюнча жазуу жүзүндө түзүлөт.

Контрактта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) контракт түзгөн жарандын (аскер кызматчынын) аскердик наамы (эгер бар болсо), аты-жөнү, анын туулган күнү, айы жана жылы;

2) Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн ыйгарым укуктуу органдын аталышы, ушул органдын атынан контрактка кол койгон кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, аты-жөнү;

3) жаран (аскер кызматчы) жана Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн кызмат адамы тарабынан контрактка кол коюлган дата.

8. Контракттын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жарандын (аскер кызматчынын) контракт боюнча аскердик кызматты контрактта белгиленген мөөнөттүн ичинде өтөө милдетин, аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниет аткарууну;

2) аскер кызматчынын юридикалык жоопкерчилигин;

3) аскер кызматчыларынын статусун жана жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды кошуу менен аскердик кызматты өтөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарынын сакталышына жарандын (аскер кызматчынын) укугун.

9. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө жөнүндө биринчи контракт, ошондой эле ар бир кийинки контракт Мыйзамда белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта туруунун чектүү жашына же пенсияга чыгуу укугун берген кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү жеткенге чейин түзүлөт.

Контракт мамлекеттик тилде, ал эми жарандын (аскер кызматчынын) каалоосу боюнча расмий тилде үч нускада түзүлөт, биринчиси аскер бөлүгүнүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүү боюнча өзүнчө ишке көктөлөт, экинчиси аскер кызматчынын өздүк ишине кошулат, ал эми үчүнчүсү анын колуна берилет. Мында контракттын ар бир нускасы бирдей юридикалык күчкө ээ.

Контрактта жүргүзүлгөн жазуулар бардык үч нускага жазылат, аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) колу жана гербдүү мөөрү менен бекитилет.

Контракттын кайсы бир нускасы жоголгон учурда, ал аскер кызматчынын өздүк ишинде болгон нускадан (ал жок болгондо - бар болгон каалаган нускадан) көчүрүлүп, кадрдык органдын күбөлөндүрүүсү менен калыбына келтирилет.

10. Алты ай кызмат өтөгөн жогорку билими бар мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары өз каалоосу боюнча контракт боюнча аскердик кызматка өтүүгө укуктуу.

Аял кишилер контракттык кызматтагы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка бош аскердик кызмат орундар болгон учурда кабыл алынышы мүмкүн.

11. Контракттык кызматтагы жоокерлердин жана сержанттардын аскердик кызмат орундары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан тийиштүү штаттарда чагылдырылат.

12. Контракт төмөнкү учурларда токтотулат:

1) мөөнөтү аяктаганда, аскер кызматчынын каалоосу боюнча;

2) аскер кызматчы каза болгон учурда (ал дайынсыз жоголгон же каза болгон деп таанылганда);

3) ушул Жобонун 114, 115 жана 116-пункттарында каралган негиздер боюнча.

13. Жаңы контрактты түзүү жөнүндө чечим контракттык кызматтын аскер кызматчысы тарабынан контракттын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен кабыл алынышы керек. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчылары менен жаңы контракт ушул Жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары мурдагы контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү (эгер ал эс алуу же майрам күнүнө туш келсе -эс алуу же майрам күнүнөн кийинки иш күнү) түзүлөт.

14. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү токтойт. Мында аскердик кызматтан бошонууну каалаган аскер кызматчы контракттын мөөнөтү аяктай турган күнгө карата кезектеги өргүүнү колдонуп бүтүп, кызматын жана ишин өткөрүп бериши керек, ал эми контракт аяктаган күнү - өздүк курамдын тизмесинен чыгарылышы керек. Ушул Жобонун 48-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурларда контракттын колдонулушу ушул Жобонун 48-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары менен белгиленген тартипте улантылат.

Контракт боюнча аскердик кызматтын аяктаган күнү (акыркы күнү) болуп аскер бөлүгүнүн (мекеменин) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылган күн эсептелет.

Аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынан тышкары, курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы, ал жогорку аскердик окуу жайына кабыл алынган күн болуп эсептелет.

15. Аскердик кызматты өтөө мөөнөтүнө төмөнкү убакыт эсептелбейт:

1) кийин соттун айыптоо өкүмү чыгарылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши боюнча бөгөт коюу чаралары катары аскер кызматчысынын камакта болгон убактысы;

2) бөлүктү же кызмат өтөгөн ордун өз каалоосу менен таштап кеткен, ошондой эле кийин айыптоо өкүмү чыгарылган дезертирликте жүргөн убактысы.

16. Аскердик кызматтын жалпы узактыгына аскер кызматчынын чакыруу боюнча, ошондой эле контракт боюнча, анын ичинде аскердик кызматка экинчи жолу кирген учурлардагы аскердик кызматта өтөгөн бүткүл мезгил кирет.

17. Аскердик кызматтын мөөнөтүн календардык эсептөө - бул аскер кызматчынын жылдар, айлар жана суткалар менен белгиленген аскердик кызматта турган иш жүзүндөгү жалпы убактысы.

18. Кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга укугу бар контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, аскердик кызматты өтөгөн мезгилдери (календардык жана жеңилдетилген эсептөөдө) аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан комплекттөө маселелерин тейлеген орган тарабынан тастыкталат. Кызмат өтөө жылдарынын эсептөө пенсия органынын башчысы тарабынан түзүлөт, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана аскер кызматчынын өздүк делосуна көктөлөт.

 

2-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка

кирүүдө коюлуучу талаптар

 

19. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

Мында:

1) он тогуздан отуз жети жашка чейинки аял кишилер, мыйзамда белгиленген чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен - жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат;

2) мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн катардагы, сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр мыйзамда белгиленген чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен -запастагы прапорщиктер - жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат;

3) мөөнөттүү аскердик кызматты, чакырылуучу мобилизациялык резервдеги кызматты өтөгөн, альтернативдик кызматты, алгачкы аскердик жыйындарды, мобилизациялык резервдик жыйындарын өткөн же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарган, адистиги боюнча тиешелүү кесиптик даярдыгы бар жана Мыйзамда белгиленген аскердик наамына жараша аскердик кызматта туруунун чектик курактан улуу эмес аскерге милдеттүүлөр чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен -жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат.

20. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынышы мүмкүн эмес:

1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тарткан;

3) аскердик кызматка кирген учурга карата соттуулугу жоюлбаган же мыйзамдарда белгиленген тартипте алынып салынбаган же ага карата кылмыш иши козголгон;

4) аскердик кызматка киргенге чейин бир жыл аралыгында сот тартибинде атайын укук бузгандыгы үчүн административдик жаза салынган;

5) кызматына ылайык келбегендиги боюнча мамлекеттик (аскердик) кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо;

6) дискредитация боюнча аскердик кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо, запаска бошотулгандан кийин акыркы иштеген орду боюнча оң мүнөздөмө берилген болсо.

21. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда жарандарга башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкү жарандар кабыл алынышы мүмкүн эмес:

1) белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган;

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматты өтөбөгөн эркектер (курсанттардан тышкары);

3) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга жана/же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорусу бар;

4) аскердик жана башка мамлекеттик кызмат жөнүндө, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле ушул Жободо белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тарткан;

5) кызматка ылайык келбегендиги боюнча, дискредитация, ишенимди жоготуу, коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн иштен же мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматтан бошотулган;

6) чет мамлекеттин жарандыгы (букаралыгы) бар, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон, чет мамлекеттин аймагында жашап турууга же туруктуу жашоо укугуна башка тастыктоочу документи бар же аларды алуу үчүн документтерди тапшырган. Бул талап жубайына да колдонулат;

7) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн мурда тартиптик жоопкерчиликке тартылган;

8) соттуулугу жоюлганына же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш иши үчүн соттуулугу болгон; же болбосо ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган же реабилитацияланбаган негиздер боюнча өкүм чыгарылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү деп таанылган учурда;

9) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон документтерди же маалыматтарды бербеген же болбосо жасалма документтерди же өзү (жубайы) же анын же жубайынын жакын туугандары жөнүндө атайлап жалган маалыматтарды берген;

10) анын жубайы же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн белгиленген тартипте күнөөлүү деп таанылган; же болбосо аларга карата кылмыш иши (оор же өзгөчө оор кылмыштар боюнча) реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган; же болбосо алар белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган;

11) анын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катталган мүлккө менчик укугу, буюмдук укуктары, милдеттенмелери болгон учурда, эгерде бул оперативдик-кызматтык иштин милдеттерин чечүү менен шартталбаса;

12) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымга (сектага) же диндин эрежелерине тартылган же тутунган;

13) эгерде ал саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин мүчөсү болгон же алардын ишине катышкан;

14) анын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонгон факты аныкталган;

15) атайын текшерүүдөн же болбосо мамлекеттик сырга уруксат берүү жол-жоболорунан же полиграфиялык изилдөөдөн же болбосо психофизиологиялык же медициналык күбөлөндүрүүдөн же кызматка жарамдуулук үчүн тестирлөөдөн өтпөгөн;

16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

Улуттук коопсуздук органдары талапкерге аскер кызматка кабыл алуудан баш тартуунун себебин түшүндүрбөөгө укуктуу.

22. Жарандардын контракт боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагына) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.

 

3-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө үчүн

жарандарды тандоо тартиби

 

23. Контракт боюнча аскердик кызматка аныктоо үчүн алдын ала тандоо жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен контракт боюнча аскердик кызматка талапкерлерди алдын ала тандоо аскер комиссариаттарына, ал эми мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди алдын ала тандоо - аскер бөлүктөрүнүн командирлерине (мекемелердин башчыларына) жүктөлөт.

24. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жаран жашаган жери боюнча аскер комиссариатына же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) жарандын аскердик наамы (эгер болсо), аты-жөнү;

2) туулган күнү, айы, жылы жана жери;

3) жашаган жери;

4) болгон билими;

5) жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы, аскердик кызматка кирүү мотиви;

6) эгерде аскердик кызматты өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.

Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү берет:

- өз колу менен жазган өмүр баянды;

- аскердик-каттоо документтеринин (эгерде болсо) көчүрмөсүн;

- эмгек стажы болгондо эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- кесиптик же башка билимин ырастаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- паспорттун, туулгандыгы тууралуу, никеси тууралуу (эгер никеде турса), жана балдарынын туулгандыгы тууралуу (эгерде болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн.

25. Аскер комиссариаттары контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жарандардын арыздарын каттайт жана кароого кабыл алат.

Арызы кароого кабыл алынган жаран контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө талапкер (мындан ары - талапкер) болуп саналат.

26. Аскер комиссариаттары кабыл алынган арыздарды он жумуш күндүн ичинде карайт жана талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат.

Талапкердин таризделген документтери аскер комиссариаттары тарабынан ыйгарым укуктуу органга (талапкер аскердик кызматты өтөөнү каалаган) чечим кабыл алуу үчүн жиберилет.

27. Талапкер ченемдик укуктук актыларда аныкталган учурларда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарга уруксат алууну тариздөө жол-жобосун белгиленген тартипте өтөт.

28. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп таанылган талапкерге аскердик кызматка чакырууда (аныктоодо) аскер комиссариаттарында өздүк дело таризделет (эгерде мурда өздүк дело таризделбесе).

Аскердик кызматка чакырылгандан (аныкталгандан) кийин талапкердин өздүк делосу жана башка зарыл болгон документтер аскер комиссариаты тарабынан алардын андан ары аскердик кызматты өтөөчү жери боюнча жөнөтүлөт.

29. Жогорку билими бар, жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнү каалаган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы мөөнөттүү аскердик кызмат аяктоочу календардык мөөнөткө чейин жети айдан кем эмес, ошондой эле аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген жана жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү улантууну каалаган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы мөөнөттүү аскердик кызмат аяктоочу календардык мөөнөткө чейин бир айдан кем эмес түздөн-түз командирдин (башчынын) атына билдирме берет.

Билдирмеде контракт аскердик кызматка кирүү мотиви менен кошо аскер кызматчысынын төмөнкү жеке маалыматтары көрсөтүлөт:

1) кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү;

2) туулган күнү, айы, жылы жана жери;

3) жашаган жери;

4) чакыруу убактысы;

5) билими.

30. Билдирмеси кароого кабыл алынган аскер кызматчысы контракт боюнча аскердик кызматка кирүү үчүн талапкер (мындан ары - талапкер) болуп саналат.

Аскердик бөлүктөрдүн кадрдык органдары кабыл алынган билдирмени каттайт жана жети күндүн ичинде талапкерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат, анын жыйынтыктары талапкерди алдын ала изилдөө барагында чагылдырылат.

Аскер кызматчынын билдирмеси, ошондой эле анын түздөн-түз командири (башчысы) жазган кызматтык мүнөздөмөсү жана өтүнмө туруктуу иштеген аттестациялык комиссия тарабынан он күндүк мөөнөттө каралат, ал ушул аскер кызматчысын контракт боюнча аскердик кызматка киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянак чыгарат.

31. Аскердик бөлүктөрдүн кадрдык органдары аттестациялык комиссиянын жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдарды жана таризделген аскердик-кесиптик тандоо картасын баш ийүүсү боюнча аскердик бөлүктүн командирине талапкердин талапкерлигин андан ары кароо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн берет.

Командирдин чечими талапкердин ким экендигин алдын ала изилдөө барагында чагылдырылат.

32. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 19-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга тийиш.

Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылган учурда, талапкерге жазуу жүзүндөгү жооп жиберилет, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.

33. Талапкерди контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылса, аскер комиссариаттарында же аскердик бөлүктөрдө протокол түзүлөт, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Протоколду аскер комиссары же аскердик бөлүктүн командири бекитет жана талапкерге кол койдуруу менен жеткирилет.

Баш тартуу тууралуу протоколдун түп нускасы аскер комиссариатында же аскердик бөлүктө белгиленген тартипте сакталат.

34. Контракт боюнча аскердик кызматка коюлган талаптарга ылайык келген жана эң жогорку натыйжаларды көрсөткөн талапкерлер аныкталат.

Мындай талапкерлер менен ушул Жободо аныкталган тартипте биринчи контракт түзүлөт.

 

4-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды

кабыл алууга байланыштуу кызмат адамдарынын милдеттери

 

35. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алууга байланыштуу төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) аскер комиссариаттарына:

- жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына, аскердик-каттоо адистиктерине жана кызмат өтөө жерлери боюнча талапкерлерди тандоого аскердик бөлүктөрдүн өтүнмөлөрүн топтоо жана жалпылоо;

- жарандардын ичинен талапкерлерди алдын ала тандоону уюштуруу;

- контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө жарандардын арыздарын кароо;

- талапкерлердин маалыматтар базасын түзүү;

- аскердик кызматка кирүүнү каалаган жарандарга аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) өтүнмөлөрүнө ылайык мүмкүн болгон кызмат өтөө жерлери жана кызмат орундары жөнүндө маалымат берүү;

- өздүк делолорду тариздөө жана талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн, зарыл болгон текшерүүлөрдөн өтүү үчүн жиберүү;

- мыйзамдарда аныкталган учурларда - улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу жана талапкерге мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү тариздөө;

- зарыл болгон аскердик-каттоо адистиктери боюнча талапкерлердин болушу жөнүндө аскердик бөлүктөргө (мекемелерге) кабарлоо;

- талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүү, алардын аскердик-каттоо адистиктерге ылайык келишин аныктоо үчүн аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) өкүлдөрү менен талапкерлердин жолугушууларын уюштуруу;

- контракт боюнча аскердик кызматка чакыруу (аныктоо) үчүн зарыл болгон материалдарды өз убагында тариздөө жана тиешелүү кадрдык органдын дарегине жиберүү;

- талапкерлердин өздүк делолорун аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына жиберүү;

- талапкерлерди контракт боюнча аскердик кызматка аныктоо жөнүндө келип түшкөн буйруктардын көчүрмөлөрүнүн негизинде кызмат өтөө жерине жиберүү;

2) аскердик бөлүктүн (мекеменин) кол башчылыгына:

- аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен аскердик бөлүктө (мекемеде) болгон контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын бош кызмат орундарына комплектөөгө өтүнмөлөрдү команда боюнча берүү;

- жарандардын жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын (прапорщиктердин) ичинен талапкерлерди тандоону уюштуруу;

- талапкерлердин ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн аныктоо боюнча аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу;

- контракт боюнча аскердик кызматка кирүүнү каалаган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн документтерин кабыл алуу;

- аскер кызматчылары жана мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлер менен контракттарды түзүү боюнча ишти уюштуруу;

- талапкерлердин өздүк делолорун жана башка материалдарын тариздөө боюнча ишти уюштуруу;

3) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине:

- зарыл болгон документтерди тариздөө боюнча кадрдык органдардын ишин уюштуруу жана контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жарандарды (аскер кызматчыларын) аларды тандоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жиберүү;

- Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын контракттарды түзүү боюнча кызмат адамдарынын (аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин, мекемелердин жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн башчыларынын) ыйгарым укуктарын аныктоо.

36. Болгон бош кызмат орундарын ээлөөгө өтүнмөлөр (аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен) аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары) тарабынан аскер комиссариаттарына берилет.

 

5-глава. Контракт түзүү тартиби.

Контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы,

мөөнөттөрү жана аякташы

 

37. Биринчи контрактты төмөнкүлөр түзөт:

1) мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөбөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары:

- он сегиз жаштан жаш эмес жана Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен кырк беш жаштан улуу эмес курактагылар;

- он тогуз жаштагы жана Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен отуз жети жаштан улуу эмес курактагы аял кишилер;

2) мурда мөөнөттү аскердик кызматты өтөгөн аскерге милдеттүүлөр;

3) аскердик кызматты өтөп жаткан жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөөгө контракт түзбөгөн аскер кызматчылары;

4) жогорку билими бар жана 6 ай кызмат өтөгөн, мөөнөттүү кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнү улантууга каалоосун билдирген мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары.

Мындан сырткары аскердик өкуу жайларга өтүүдө биринчи контрактты төмөнкүлөр түзөт:

1) окууга тапшырган жылы он жети жашка толгон, бирок жыйырма бир жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) аскердик кызматты өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар, алар окууга тапшырган жылы жыйырма төрт жашка чыкканга чейин;

3) жоокердик жана сержанттык курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, жыйырма төрт жашка чейин курактагы аскер кызматчылары.

38. Жоокердик жана сержанттык курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты (анын ичинде мөөнөттү аскер кызматты) өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик окуу жайына кабыл алууда, аларды кабыл алуу менен бир эле учурда биринчи (жаңы) контракт түзөт.

39. Талапкер менен биринчи контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:

1) контракт боюнча аскердик кызматка кирип жаткан жарандар менен (1-тиркеме);

2) аскердик окуу жайына тапшырып жаткан жарандар (аскер кызматчылары) менен (2-тиркеме).

Аскердик окуу жайына кабыл алынган күнгө карата он сегиз жашка толо элек жаран, аскердик окуу жайында аскер кызматчысынын окуусуна контрактка он сегиз жашка толгондо кол коет. Мындай адамдардын контрактка кол коюу тартиби аларды окууга жиберген ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат. Мындай жарандар аскердик окуу жайына өткөн учурда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү окуу жөнүндө контрактка, билим алуучунун контракттын талаптарын сактоосу жөнүндө милдеттенмеге кол коёт (3-тиркеме).

Он сегиз жашка толгон жана аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок билим алып жаткан аскер кызматчысы контрактка кол коюудан баш тарткан учурда ал мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошуундарга жана бөлүктөргө жиберилет.

40. Талапкер менен биринчи контрактка ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жетекчисинин чечими менен укук берилген кызмат адамы кол коёт.

41. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан жана аны улантууну каалаган аскер кызматчысы төмөнкү учурларда жаңы контракт түзөт:

1) мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаганда;

2) аскердик окуу жайына кабыл алынганда;

3) аскердик окуу жайынан чыгарылганда.

42. Жаңы контракт запаста турган, мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн, аскердик кызматта туруунун чектүү курагына чыга элек жарандар менен мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаганда түзүлүшү мүмкүн.

43. Жаңы контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:

1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен - аскердик кызматта туруунун чектүү курагы же пенсияга укук берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу;

2) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары менен аскер окуу жайына кабыл алууда.

44. Аскер кызматчысы менен жаңы контрактка ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коёт.

45. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган, колдонуудагы контрактынын мөөнөтү бүтүп жаткан аскер кызматчысы жаңы контракт түзүү үчүн колдонуудагы контрактынын мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен команда боюнча билдирме берет.

Аскер кызматчынын билдирмеси белгиленген тартипте катталат. Билдирмелерди өз убагында берилишин контролдоону тийиштүү кадрдык орган же аскердик бөлүктүн (мекеменин) комплектөө органы ишке ашырат.

46. Тиешелүү командирлер (башчылар) аскер кызматчысы менен жаңы контракт түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди колдонуудагы контракттын мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен кабыл алат.

47. Аскердик кызматта туруунун чектүү курагына жете элек, мурда жакшы аттестацияланган аскер кызматчысына жаңы контракт түзүүгө баш тартылбайт.

48. Аскер кызматчыларынын аскердик кызматта туруусунун чектүү курагы Мыйзам менен белгиленет.

49. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, белгиленген мөөнөттө жаңы контракт түзүүнү каалабаган аскер кызматчысы контракттын мөөнөтү аяктаганда аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүлөт.

50. Жаңы контракт түзүү мүмкүнчүлүгүн объективдүү жокко чыгарган (мыйзамдар менен аныкталган күжүрмөн аракеттерге катышуу; дарыланууда болуу; кош бойлуу жана төрөт боюнча өргүүдө болуу; бала багуу боюнча өргүүдө болуу; чет мамлекетте иш сапарларда, чет мамлекеттик курстук окууларда, окуу семинарларында болуу; туткунда болуу, барымтада же эркиндигинен ажыратылган абалда жана башка ушул сыяктуу абалдарда) шарттарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысы, аскер кызматчысынын статусун сактайт жана мурда түзүлгөн контракттын шарттарында аскердик кызматты улантат.

Көрсөтүлгөн жагдайлар токтогондо аскер кызматчысы аскердик бөлүккө (мекемеге) келгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде аскердик кызматты өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүү же аскердик кызматтан бошонуу жөнүндө билдирме берет.

Тийиштүү командирлер (башчылар) он күндүк мөөнөттө, Мыйзамда жана ушул Жободо каралган негиздер боюнча мындай аскер кызматчысы менен жаңы контрактты түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышат.

51. Кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болууга чейин үч жылдан көп эмес убакыт калган аскер кызматчысы ушул Жобонун 114-пунктунун 4-9-пунктчалары жана 115-пункту менен белгиленген негиздер боюнча бошотула турган учурлардан тышкары аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн эмес.

Мындай аскер кызматчысы менен, кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болууга зарыл болгон мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.

 

6-глава. Кызматтарды комплекттөө

 

52. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары ээлөөгө тийиш болгон жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундары жана ушул кызмат орундарына тиешелүү аскердик наамдар атайын тизмелерде аныкталат жана штатта каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.

53. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары менен комплекттелүүчү жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына төмөнкүлөр дайындалат:

1) жогорку билимге ээ жана 6 ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары (алардын каалоосу боюнча);

2) запастагы жоокерлер жана сержанттар, анын ичинде аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жетпеген, контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөгөндөр, альтернативдик кызмат өтөгөндөр, алгачкы аскердик жыйындардан, мобилизациялык резервдик жыйындардан өткөндөр же коомдук пайдалуу жумуштарды аткаргандар;

3) мурда аскердик каттоодо турбаган, контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу 37 жаштан улуу эмес аял кишилер;

4) жоокерлердин жана сержанттардын кызмат ордунда контракт боюнча аскердик кызмат өтөө каалоосун билдирген, Мыйзамда белгиленген аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер (контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу запастагы прапорщиктер);

5) аскердик кызматта турган контракттык кызматтын аскер кызматчылары.

Контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын бош кызмат орундарын мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары, аларды контракт боюнча аскердик кызматка киргизбестен жана контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары боюнча аскердик наам ыйгарбастан убактылуу ээлей алат.

Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары ээлей турган контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилген кызмат орундарынын тизмеги менен аныкталат.

 

7-глава. Кызматка дайындоо, кызмат боюнча орун которуу

 

54. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы жогорку, тең жана төмөнкү кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.

Эгерде штат менен мурдагы кызмат ордунан кыйла жогору аскердик наам каралса - жогору турган кызмат орун деп, ал эми бирдиктүү тарифтик торчо боюнча кыйла жогору акчалай камсыздоо каралса - тең аскердик наам деп эсептелет.

Штат менен бирдей аскердик наам жана бирдиктүү тарифтик торчо боюнча акчалай камсыздоонун бирдей маянасы каралса, кызмат орун тең деп эсептелет.

Эгерде штат менен ал үчүн кыйла төмөн аскердик наам каралса - төмөн турган кызмат орун деп, ал эми бирдиктүү тарифтик торчо боюнча кыйла төмөн акчалай камсыздоо каралса - тең аскердик наам деп эсептелет.

55. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын жогору турган кызмат ордуна дайындоо алардын кесиптик сапаттарына жана кызматтагы жетишкен натыйжаларына ылайык ырааттуулук менен жүргүзүлөт.

Командирлер жана башчылар жаңы дайындалган аскер кызматчыларына анын конкреттүү кызмат ордунда калыптанышын камсыз кылган жеке иштерди өткөрүүгө, ага керектүү практикалык жардамды берүүгө милдеттүү.

56. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын тең кызмат ордуна дайындоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) кызматтык зарылчылыкка байланыштуу, анын ичинде бош кызмат орундарын комплекттөө зарыл болгондо;

2) уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу;

3) аскер кызматчысын аскердик кызматта кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн анын кесиптик даярдыгын, мүмкүнчүлүктөрүн, ыктарын, эптүүлүгүн же иш тажрыйбасын эске алуу менен;

4) үй-бүлөлүк шарты боюнча - аскер кызматчысынын өтүнүчү боюнча;

5) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча.

57. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын төмөн турган кызмат ордуна дайындоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу, аскер кызматчысын тең кызматка дайындоо мүмкүн болбогондо;

2) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

3) үй-бүлөлүк шарты боюнча - аскер кызматчысынын өтүнүчү боюнча;

4) алардын моралдык-иштиктүү сапаттарына жараша, аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, ошондой эле жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн натыйжасы боюнча жумуштун көлөмү аз кызмат орундарына;

5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык берилген тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде.

58. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо аскердик бөлүктүн тиешелүү командири (мекеменин башчысы) жана андан жогору тургандар тарабынан жүргүзөт.

Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындоодо төмөнкүдөй шарттар сакталат:

1) негизги же аскердик-каттоо адистигине жакын адистик боюнча же болбосо ээ болгон тажрыйбасына ылайык дайындоо, ал эми аскер кызматчылары үчүн жаңы адистик боюнча кызмат ордуна дайындоо жаңы кызмат орунда бир айдын ичинде кызматтык милдеттерди убактылуу аткаргандан кийин камсыздалат;

2) Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн нөөмөттү өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарды көрсөткөн же болбосо аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткан аскер кызматчылар жылдыруу үчүн кадрлардын резервине киргизилет;

3) дайындоо, эреже катары тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагына киргизилбестен жүргүзүлөт. Тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагында турган аскер кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок мурдакы кызмат ордунан аларды бошотулган күндөн эки айдан ашык эмес убакытта жүргүзүлөт. Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн учурунда ээлеген кызмат орду кыскартылганына байланыштуу карамагында турган катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчыларына өргүүсү аяктагандан кийин карамагына киргизилгенге чейинки ээлеген кызмат ордуна тең кызмат орду, алар жок болгондо - төмөн турган кызмат орду, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген учурда, берилиши керек.

Бош кызмат орундары жок учурда аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга тийиш.

Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аял-аскер кызматчылары, алардын макулдугу жок ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн эмес.

59. Бир аскердик бөлүктөн (мекемеден) экинчисине, анын ичинде мамлекеттик органдардын ортосунда которуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда:

- кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскердик (күчтөрдүн) мекемелердин, дивизиянын контракттык кызматтын аскер кызматчыларын - тийиштүү кол башчылардын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;

- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин ортосундагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларын - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;

- башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын ортосунда - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;

2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталуучу тартипте;

3) аскердик прокуратура органдарында - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун буйруктары менен;

4) кылмыш-жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөлөрүндө - кылмыш-жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүнүн жетекчисинин буйруктары менен;

5) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органында - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйруктары менен;

6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен;

7) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынч убакта катардан тышкаркы аскердик кызматка жарактуу дап таанылган, аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жете элек аскер кызматчыларын ден соолугунун абалын, даярдыгын жана кызмат өтөө тажрыйбасын эске алуу менен милдеттерди аткара ала турган башка кызматтарга дайындоо зарылчылыгын түздөн-түз башчылар аныктайт;

8) катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылар (прапорщиктер) тынч убакта контракттык кызматтын аскер кызматчысы кызмат ордуна ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилген кызмат орундардын тизмеги боюнча дайындалат;

9) уюштуруу-штаттык иш-чараларга, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу төмөн турган кызмат орундарына дайындалган жана мурдагы кызмат ордуна тең кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызмат боюнча көтөрүлүүгө артыкчылыктуу укугун колдонушат;

10) тартиптик жаза тартибинде кызмат ордунан төмөндөтүлгөн контракттык кызматтын аскер кызматчылары жогору турган кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн, бирок төмөндөтүлгөндөн кийин бир жылдан эрте эмес;

11) аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) жана жогору тургандардын буйруктары менен контракттык кызматтын аскер кызматчыларына офицердик курамдын бош жана бош эмес кызмат орундары боюнча милдеттерди убактылуу аткарууга уруксат берилиши мүмкүн, мында алардын кол алдында офицерлер болбошу керек;

12) катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылар (прапорщиктер) кош бойлуулугуна же баланы 3 жашка чейин кароо зарылчылыгына байланыштуу, алардын макулдугу менен жумушу аз көлөмдөгү контракттык кызматтын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.

60. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын 3 айдан ашык окуу мөөнөтү менен сержанттарды даярдоо мектебине (аскердик окуу бөлүгүнө), аскердик окуу жайларына кабыл алууда алар мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана тиешелүү окуу жайында (аскердик окуу бөлүгүндө) билим алуучулар үчүн каралган курсант кызмат ордуна же башка кызмат ордуна дайындалат.

61. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана командирдин (башчынын) карамагына киргизүү үчүн керектүү документтердин формасы жана мазмуну, ошондой эле аларды тариздөө жана берүү тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу, бирок көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчисинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес кызмат адамы тарабынан белгиленет.

62. Аскер кызматчысын жаңы аскердик кызмат өтөй турган жерге которууда анын үй-бүлөсүнүн жашаган орду алмашылса, ал эми аялы (күйөөсү) да аскер кызматчысы болсо, аскер кызматчысын жаңы аскердик кызмат өтөй турган жерге которуу чечими менен бирге анын аялын (күйөөсүн) которуу жөнүндө маселе каралат. Бош кызмат орундар жок болгондо, мындай аскер кызматчысы үй-бүлөлүк шарты боюнча аскердик кызматтан бошонууга укуктуу.

63. Кызмат боюнча которулган аскер кызматчылары, жаңы кызмат өтөй турган жерине ишин жана кызмат ордун тапшыргандан кийин, бирок аскер кызматчысы кезектеги өргүүдө же дарыланууда жүргөн учурларынан тышкары, аскердик бөлүк кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн (кат жүзүндө кабарлоо) алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жиберилет.

Аскер кызматчысы жаңы кызмат өтөй турган жерге кетүүдө, аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө жаңы кызмат өтөй турган жердин кол башчылыгына аскер кызматчысы кеткендигин жана бара турган мөөнөтүн көрсөтүү менен кабарлайт. Аскер кызматчысы жаңы кызмат өтөй турган жерге келгенде, аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө эски кызмат өтөгөн жердин кол башчылыгына аскер кызматчысы келгендигин кабарлайт.

64. Аскердик окуу жайынан же сержанттарды даярдоо мектебинен (аскердик окуу бөлүгүнөн) чыгарылган аскер кызматчылары, аскердик кызматтан бошотулат, ал эми аскердик кызматты улантуу каалоосун билдиргендер (өз калоосу боюнча, тартипсиздиги, ден соолугунун абалы боюнча жана соттолгондугуна байланыштуулардан тышкары) жаңы кызмат өтөй турган жерге жиберилет жана жаңы контракт түзүшөт.

 

8-глава. Командирдин карамагына киргизүү тартиби

 

65. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысы) карамагына, ушул командирдин (башчынын) буйругу менен киргизилиши мүмкүн.

Контракттык кызматтын аскер кызматчысын аскердик бөлүктүн командиринин (башчынын) карамагына киргизүү төмөнкүлөргө байланыштуу учурларда жүргүзүлөт:

1) өткөрүлүп жаткан уюштуруу-штаттык иш чаралардын натыйжасында кызмат орду кыскарганына байланыштуу;

2) алты айдан ашык аскердик окуу жайына билим алууга же кызматтык иш сапарга жиберилгенине байланыштуу;

3) аскер кызматчысы туткунда болуу, барымтада же эркиндигинен ажыратылган абалда жана мыйзам менен аныкталган башка ушул сыяктуу абалдарда болгонуна байланыштуу - бардык болгон убагында;

4) кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, тергөө жүргүзүп жаткан органдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү болгон учурда (кызмат ордунан четтетилген аскер кызматчылары, бул учурда кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим чыкканга чейин карамагында турушат);

5) жубайынын (күйөөсүнүн/аялынын) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес;

6) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечими менен, аскер кызматчысынын жеке өтүнүчүнүн негизинде.

66. Карамагында болгон контракттык кызматтын аскер кызматчылары (аскердик окуу жайына билим алууга же чет өлкөгө кызматтык иш сапарларга жиберилген, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчыларынан тышкары) өздүк курамынын тизмесине кирген аскердик бөлүккө (мекемеге) күн сайын келүүгө милдеттүү. Аталган аскер кызматчыларына кызмат убагында бөлүктүн (мекеменин) жайгашкан жеринен чыгууга уруксат аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан берилет.

Уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүнүн натыйжасында жана кол башчылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын контракттык кызматтын аскер кызматчылары, бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн контракттык кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары, үч айдан көп эмес карамагында турушу мүмкүн, андан кийин алар кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө, тең кызматка же аскер кызматчысынын жеке макулдугу боюнча төмөн турган кызматка дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары командирдин (башчынын) карамагында турган мезгилде кадр органдары кол башчылык менен макулдашуу боюнча тең турган же төмөн турган кызматка дайындоону бир жолу сунуштоого милдеттүү. Сунушталган кызмат ордунан баш тартуу же макул болуу протокол менен таризделип, ал аскер кызматчысынын өздүк делосуна тиркелет.

67. Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн контракттык кызматтын аскер кызматчылары ушул Жобонун 62-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларынан тышкары алардын макулдугу жок ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн эмес.

 

9-глава. Контракттык кызматтын аскер

кызматчыларын аскердик бөлүктөр

(мекемелер) ортосунда которуу тартиби

 

68. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызматты мындан ары улантуу үчүн аскердик бөлүктөр (мекемелер) ортосунда которулушу мүмкүн.

Которуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери аныктаган тартипте, бирок мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес тиешелүү башчылар ортосунда өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана ушул кызмат адамдарынын буйруктары менен таризделет.

69. Контракттык кызматтын кызматчысы которулууда мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жана жаңы кызмат өтөй турган жери боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет. Мында көрсөтүлгөн аскер кызматчысы менен мурда түзүлгөн контракт мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.

Мындай аскер кызматчысынын мурдагы кызмат өтөгөн жеринен кетүүсү жана анын жаңы кызмат өтөй турган жерге келүүсү жөнүндө билдирүү ушул Жобонун 63-пунктунун экинчи абзацына ылайык жүргүзүлөт.

 

10-глава. Контракттык кызматтын аскер

кызматчыларынын аскердик наамдары жана

аларды ыйгаруу тартиби

 

70. Аскердик наам аскер кызматчыларына, алардын аскердик же атайын даярдыгына, кызмат өтөгөн жылдарына, ошондой эле аскердик кызматтагы тажрыйбасына ылайык жеке ыйгарылат.

71. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына старшина аскердик наамын кошпогондо, аскердик наамдар аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) буйруктары менен ыйгарылат.

Старшина аскердик наамы аскер кызматчыларына ээлеген кызмат орду боюнча штаттык категория ыйгарылуучу аскердик наамга ылайык келгенде жана аскердик наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат:

1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда:

- кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскер мекемелеринин (күчтөрдүн), дивизиянын контракттык кызматынын аскер кызматчыларына - тийиштүү кол башчылардын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;

- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин контракттык кызматынын аскер кызматчыларына - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;

2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда - аскердик коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары менен аныкталган тартипте;

3) аскердик прокуратура органдарында - Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен;

4) жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүндө - жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүнүн жетекчисинин буйруктары менен;

5) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары менен;

6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен.

72. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын (аскерге милдеттүүлөрдүн) төмөнкүдөй аскер кызматчылар курамдары жана аларга тиешелүү аскердик наамдар белгиленген:

 

Аскер кызматчыларынын

курамдары

Аскердик наамдар

Жоокерлер

Катардагы жоокер,

ефрейтор

Сержанттар

Кенже сержант, сержант, улук

сержант, старшина