Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 24-декабрындагы № 785

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,

башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен

аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында

жоокерлердин жана сержанттардын контракт

боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө

жобо

 

            (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 , 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 , 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат

 

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын курамында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

2. Контракт боюнча аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - жарандар) Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди өз ыктыяры менен аткаруусуна негизделген аскердик кызмат.

Контракт боюнча аскердик кызматты мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынан (мындан ары - контракттык кызматтын аскер кызматчылары) тышкары, катардагы жоокерлердин жана сержанттардын курамындагы адамдар Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөйт.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган контракттык кызматтын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдар менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мыйзамга жана ушул Жобого, ошондой эле алардын негизинде чыгарылган улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин актыларына ылайык кызмат өтөйт.

Контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын арасынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.

3. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө, аскердик кызмат ордуна дайындоону, аскердик наамды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскер кызматчылардын кызматтык-укуктук абалы аныкталган башка жагдайларды камтыйт.

Контракт боюнча аскердик кызматка биринчи жолу кирген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант берет.

4. Эгерде кызмат өтөө (иштөө) биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдоосу менен байланышкан болсо, анда бири-бирине жакын тууган (ата-энелер, балдар, асырап алынган бир тууган жана тууган ага-ини жана эже-карындаш, чоң ата (таята), чоң эне (таене), неберелер) болуп саналган аскер кызматчыларына контракт боюнча аскер кызматын бир башкаруу органында, бир аскердик бөлүктө (мекемеде) өтөөгө жол берилбейт.

5. Аскер кызматчылары төмөнкү учурларда контракт (жаңы контракт) түзбөстөн контракт боюнча аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарында өтөй алат:

‒ командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ эки айдан ашык эмес;

‒ уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ үч айдан ашык эмес;

‒ аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу ‒ бул чара жокко чыгарылганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим (кылмыш-жаза куугунтуктоосун, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) чыгышы) кабыл алынганга чейин командирдин (башчынын) карамагында болгондо;

‒ жубайы кызматы боюнча мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүкчөсүнө которулганда жана ишке орношуу мүмкүн болбогондо аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)