ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 29-августу № 232
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун “Ош шаарындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №23 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесиндеги “Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери” күчүн жоготту деп эсептелсин жана анын ордуна Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жаңыдан иштелип чыккан “Ош шаарындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” тиркемелери менен бекитилсин. (тиркелет)
2.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесиндеги “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети” өзгөртүүсүз калтырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: |
| С.С.Назылбеков |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №213 токтомуна 1-тиркеме |