Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 19-декабры ПЖ № 379

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин Иш башкармасы

Президенттин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент

Президенттин Архиви

Башкы кызмат орду

Б-А

Бөлүмдүн башчысы

Жетекчи

Жетекчинин орун басары

Архивдин башчысы

Б-Б

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысы

Архивдин башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Сектордун башчысы

Референт

У-Б

Референт

Башкы адис

Референт

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

 

".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 19-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров