Редакцияот 26.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 857-т тескемесине)

 

2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу ПРОГРАММАСЫ

 

Кыргыз Республикасынын туруктуу инклюзивдүү өнүктүрүүгө карай жолу саясий, экономикалык жана социалдык чакырыктар менен коштолууда. Экономиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле пандемия, геосаясий аныксыздык жана чек арадагы куралдуу чыр-чатактар сыяктуу факторлор дагы олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Бизнес жана адам укуктары темасы Кыргыз Республикасы үчүн жаңы болуп саналат, бирок ал дүйнөдө өзгөчө акыркы 15 жылда динамикалуу өнүгүүдө. Бизнестин түзүмү, бизнестин бири-бири менен, мамлекет, кызматкерлер менен өз ара мамилелери өзгөрүүдө. Эл аралык коомчулук, инвесторлор жана жарандык коом тарабынан бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө карата талаптар өсүп жатат.

Барган сайын көптөгөн дүйнөлүк компаниялар өзүнүн ички саясатына адам укуктарына тиешелүү болгон компоненттерди киргизип, алар алган милдеттенмелерди сактоо жана адам укуктары жана Эл аралык эмгекти уюштуруу стандарттары чөйрөсүндөгү эл аралык таанылган стандарттарды ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу ачык билдирүүдө.

Кыргыз Республикасы глобалдык процесстердин активдүү катышуучусу катары адам укуктарынын, анын ичинде адам укуктары аспектинде ишкердик иш жаатында дүйнөлүк тенденциялардан четте кала албайт.

1-глава. Негизги өбөлгөлөр

Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптеринин мааниси

2011-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин бир добуштан кабыл алган, ал бул маселеде глобалдык кадыр-барктуу негиз болуп калды.

Бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү глобалдык тренддер XX кылымдын 70-жылдарынын ортосунан тартып дүйнөлүк коомчулук жана глобалдык коомчулук менен бизнес жана адам укуктары темасын талкуулоодон башталган.

2011-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин (мындан ары - БУУнун Жетектөөчү принциптери, БУУнун ЖП) кабыл алуусу ушул теманын сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуусунда бурулуш окуя болуп калды жана алардын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири жана активдүү жайылуусуна өбөлгө түздү.

БУУнун ЖПсынын түпкү максаты - мамлекет, адамдар жана рыноктордун ортосундагы дисбалансты жоюу, ошондой эле экономикалык күчтөр менен адамдарга болгон сый-урматтын ортосундагы ажырымды көбүрөөк коркунучта тургандардын керектөөлөрүн эске алуу менен кыскартуу жана акырында жеңүү.

БУУнун Жетектөөчү принциптери аларды даярдоо процессине катышкан кызыкдар тараптардын көп жана ар түрдүү санынын жана БУУда алган консенсустук жактыруунун натыйжасында маанилүү ченемдик алкак катары эл аралык аренада чыңдалды.

Мамлекеттерге да, ишканаларга да даректелген бул принциптер мамлекет адам укуктарын колдоого, коргоого жана урматтоого тийиш болгондой эле, ишканалар да коомдун башка мүчөлөрү сыяктуу эле аларды сактоого милдеттүү экендигин ырастайт. Ошондуктан мамлекет адам укуктарын талаптагыдай сакталышына көмөктөшүү үчүн ченемдик жана саясий күч-аракеттерди көрүүгө тийиш, ошол эле учурда ишканалар көз карандысыз аракеттенүү менен коргоодогу мүмкүн болгон кемчиликтер бар болгон учурда дагы адам укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

БУУнун Жетектөөчү принциптери мамлекеттер үчүн да, ишканалар үчүн да жаңы милдеттенмелерди белгилебейт. Бирок алар адам укуктары чөйрөсүндөгү колдонуудагы стандарттарга кыйла так аныктама берет, мамлекет жана ишкана ушул контекстте көтөрүлүүчү жоопкерчиликти тактайт. Адам укуктары боюнча кеңеш 2014-жылы мамлекеттерди Бизнес жана адам укуктарынын маселелери боюнча иш-аракеттер планын кабыл алууга чакырган резолюцияны кабыл алган.

БУУнун Жетектөөчү принциптери менен сунушталган алкактар төмөнкүлөргө негизделген: ишканалар адам укуктарын урматтоого тийиш.

Мындай милдеттенме адам укуктарын коргоочу улуттук мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды сактоо милдеттенмесинен тышкары орун алат. Ошентип, адам укугу - бул ишканалар тарабынан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу стандарттар. БУУнун Жетектөөчү принциптери ишканаларга адам укуктарына байланышкан талаптагыдай этияттык механизмдерин колдонууну сунуштайт.

Бул алкактарда жамааттарга көмөктөшүү же өнүктүрүү үчүн ишканалар тарабынан көрүлүүчү башка бардык иш-аракеттер колдоого алынат, бирок бул алардын адам укуктарын сактоо милдеттерине карата экинчи орунда болуп саналат.

Белгилей кетсек, БУУнун Жетектөөчү принциптери кабыл алынган учурдан тартып кеңири жайылтылды жана жооптуу корпоративдик жүрүм-турумду илгерилетүүгө багытталган бир катар ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Глобалдык келишимге, көп улуттуу ишканалар үчүн Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) Жетектөөчү принциптерине, Эл аралык эмгек уюмунун (мындан ары - ЭЭУ) Үч тараптуу билдирүүсүнө, көп улуттуу ишканалар жана социалдык саясатка тиешелүү болгон ЭЭУнун принциптеринин Үч тараптуу декларациясына, ЮНИСЕФтин "Балдардын бизнес укугу", "Балдарды сактагыла" принциптерине киргизилди.

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) "2021-жылы адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" баяндамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ишкердик иш жана адам укуктары жаатында иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунуштамасы киргизилген.

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамасын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча ушул сунуштама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 307-VII токтому менен кабыл алынган.