Сравнение редакций…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 токтомуна) Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үнүн эркин экономикалык зонанын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмегине товарларды киргизүү ТАРТИБИ ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотулуучу товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизүү үчүн товарларды тандоо жол-жобосун жана критерийлерин белгилейт. 2. Тизмекке Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык иш жүргүзгөн ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, аларды Кыргыз Республикасынын калган аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЗ аймагынан ташып чыгууда ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган критерийлерге ылайык келген товарлар киргизилет. 3. Тизмекке киргизилген товарлар Тизмекке киргизилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып КНС төлөөдөн бошотулат. 4. Бул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет.
|