Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 405-т, 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т, 2025-жылдын 3-октябрындагы № 854-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2025-жылдын 17-январы № 18-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планы (мындан ары - План) ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 27-январындагы № 39-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-январы № 18-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 405-т, 2025-жылдын 23-августундагы № 727-т, 2025-жылдын 3-октябрындагы № 854-т, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 969-т тескемесинин редакцияларына ылайык)