Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берилген.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашырууну камтыган Ош облусунун Өзгөн районун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыккан.
Районду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармактык пландоонун, районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, айыл аймактарынын, министрликтердин жана ведомстволордун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн, өкүлчүлүктөрүнүн жана аймактык-мейкиндиктик пландоонун өз ара байланышын билдирет.
Тармактык программалар райондук өнүктүрүү программаларына шайкеш келет жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан ишке ашырылат.
Программа райондун социалдык-экономикалык жана жаратылыш-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу үчүн, ошондой эле комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын иш-чараларын жүзөгө ашырууга бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануунун, өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыгат.
Өзгөн району экономикалык, социалдык жана маданий жактан олуттуу потенциалга ээ болгон Ош облусунун негизги региондорунун бири болуп саналат.
2025-жылга комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы райондун туруктуу өсүшүн ишке ашырууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
Өзгөн районунун ландшафт жана жаратылыш шарттары
Райондун жалпы аянты - 3431,55 км2, райондун 60% аймагын тоолор ээлейт, деңиз деңгээлинен минималдуу жана максималдуу бийиктиги - 1025-2000 метрди түзөт. Өзгөн району батыш тараптан Кара-Суу району менен, түндүк жана түндүк-батыш тараптарынан Өзбекстан Республикасы жана Жалал-Абад облусу менен, түштүк жана түштүк-чыгыш тараптарынан Кара-Кулжа району менен, чыгыш тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа району менен чектешет.
Климаты континенталдык. Январда абанын орточо температурасы Цельсий боюнча -3,2 градус (мындан ары - градус), июлда +23,6 градус, тоолуу райондордо -10 градус, июлда +18 градус. Абанын жылдык орточо температурасы +11 градус, жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 350-600 мм, тоолордо - 900 мм.
Райондун түзүмү
Өзгөн районунун курамына 12 айыл аймагы, 1 шаар жана 105 айыл кирет. Административдик борбору - Өзгөн шаары. (айыл аймактарынын аталыштары: Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жазы, Жалпак-Таш, Ийри-Суу, Кароол, Куршаб, Кара-Шоро, Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Салам-Алик, Төрт-Көл жана Өзгөн шаары). Өзгөн району Ош облусунун көп улуттуу району болуп эсептелет.
2024-жылдын 1-январына карата райондун туруктуу калкынын саны 296,1 миң адамды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,9%га жогору.
Райондо катталган жумушсуздардын саны 2218 адамды түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 15,3%га төмөн.
2023-жылы убактылуу жок болгон калктын саны 44938 адамды түзгөн. Миграциянын деңгээли жогору бойдон калууда, бул аймактын демографиялык өзгөрүшүнө таасирин тийгизет.
Райондо орточо айлык номиналдык эмгек акы 2023-жылы 21842 сомду түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 18,5%га көп.
2023-жылы райондо 1344 жаңы жумуш оруну түзүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3%га көп болгон. Жаңы жумуш орундардын негизги бөлүгү экономиканын формалдуу эмес секторун ээлеген.
Өзгөн районунда 2022-2024-жылдары негизги экономикалык көрсөткүчтөрдө чагылдырылган экономикалык өнүгүүдө оң динамика байкалууда. Мында инвестиция жана өндүрүш көлөмү маанилүү ролду ойнойт.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2023-жылы 1944,0 млн. сомду түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 15%га жогору.
2023-жылы негизги капиталга инвестициялар 2755,5 млн. сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,1%га төмөн.
Тышкы жана өз ара соода. 2023-жылы райондун тышкы соода жүгүртүү көлөмү 21,3 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 46,7%га көбөйгөн. Мында товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 84,0%, импортко - 16,0% туура келген.
Экспорттук берүүлөр 17,9 млн. АКШ долларын түзүп, 58,7%га көбөйгөн.
Импорттук келип түшүүлөр 3,4 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 5,0%га көбөйгөн.
Өзгөн районунда мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүнүн олуттуу өндүрүшү байкалууда, бул региондун азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт.
2023-жылы союу үчүн 17087,0 тонна мал жана канаттуулар тирүү салмакта өндүрүлгөн, 2024-жылдын январь-сентябрында 11920,0 тонна өндүрүлгөн, бул 2,2%га көп жана бул райондо мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүп турат.
Райондо чийки сүт өндүрүү 2023-жылы 75032,0 тоннаны түздү, өсүү темпи 102,7%ды түздү, 2024-жылдын январь-сентябрында 57790,0 тонна сүт өндүрүлдү, бул 2023-жылдын тийиштүү мезгилинен 2,1%га жогору.
2023-жылы 11782 миң даана жумуртка өндүрүлүп, өсүү темпи 2022-жылга карата 101,0%ды түздү. 2024-жылдын январь-сентябрында 9623,0 миң даана жумуртка өндүрүлдү, өсүү темпи - 102,1%.
Район айыл чарбасын, тамак-аш өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүү ресурстарына ээ. Бирок, ишканаларды модернизациялоонун төмөн деңгээли жана инфраструктурага чектелген инвестициялар бар.
Райондун артыкчылыктары:
- Өзгөн району Бишкек - Ош - Жибек-Жолу трассасында жайгашкан, өзүнүн географиялык жайгашуусунан, аэропортко жана темир жолго жакындыгынан улам райондун экономикасын өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн;
- Өзгөн көмүр бассейнинин дээрлик бардык жогорку калориялуу көмүр запасы жайгашкан, Сары-Таш ракушечник таш кенинин кеңири запасы бар;
- туризмди өнүктүрүү үчүн тарыхый-археологиялык маданий мурас - XII кылымга таандык күмбөздөрдү жана мунараларды камтыган Өзгөн археологиялык комплекси бар. Ошондой эле "Кара-Шоро" мамлекеттик жаратылыш паркы жана минералдык дарылык суулары бар;
- региондогу Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларынын жээктери "Өзгөн" сортундагы күрүчтү өндүрүүгө жана экспорттоого ылайыктуу.