Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т, 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2025-жылдын 4-февралы № 58-т
Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары –ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурсун;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлоруна республикалык сынак (мындан ары – Сынак) жарыяласын;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылсын;
4) Сынакка келип түшкөн долбоорлорду ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;
5) Сынактын байге фонду үчүн акча каражатын бөлүп берсин.
4. Ведомстволор аралык комиссия алгачкы үч мыкты долбоорду 2025-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.