| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемеси менен бекитилди) |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т, 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынакты (мындан ары - Сынак) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ишин ишке ашырууну аныктайт.
2. Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Маданият министрлиги) жүзөгө ашырат.
3. Сынакка сунушталган музыкалык чыгармаларды баалоо жана мыкты долбоорлорду аныктоо ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Сынакты өткөрүүнүн максаты жана милдеттери
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемеси менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы
редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун
тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынакты (мындан ары – Сынак) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары – Маданият министрлиги) жүзөгө ашырат.
3. Сынакка сунушталган музыкалык чыгармаларды баалоо жана мыкты долбоорлорду аныктоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Ведомстволор аралык комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ведомстволор аралык комиссия ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Сынакты өткөрүүнүн максаты жана милдеттери
5. Сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун аныктоо үчүн өткөрүлөт.
6. Сынактын милдети патриоттук сезимге жана Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.
7. Сынак Кыргыз Республикасынын эркиндигин, адилеттүүлүгүн, элинин биримдигин даңазалаган жогорку көркөм музыкалык чыгарманы тандоого багытталган.
3-глава. Сынакка катышууга талаптар
8. Сынак ачык болуп саналат.
9. Сынакка композиторлор, музыканттар, обончулар жана акындар, автордук жамааттар (музыкалык, чыгармачылык жамааттар, студиялар, союздар, ошондой эле башка уюмдар – 5 адамдан ашпаган) катыша алышат (мындан ары – Сынактын катышуучулары).
10. Сынакка автордук укукту сактоо менен жаңы, ошондой эле мурда аткарылып жүргөн жана басылып чыккан музыкалык чыгармалар сунушталышы мүмкүн. Сынактын ар бир катышуучусу Сынакка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорунун бир же бир нече вариантын (мындан ары – Гимндин долбоору) сунуштай алат.
11. Сынакка катышуу үчүн өтүнмө (Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада) берилет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
- туулган күнү, айы, жылы, жери;
- ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген дата, аны берген органдын аталышы;
- жашаган жери, катталган дареги;
- байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалымат.
12. Эгерде Сынакка автордук жамааттар катышса, анда Сынакка катышууга өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда аталган маалыматтар көрсөтүлөт.
13. Сынакка катышууга өтүнмөгө төмөнкү документтер (мындан ары – сынактык долбоор) тиркелет:
- чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда үн/хор же оркестрдин коштоосунда үн/хор менен вокалдык жана аспаптык аткаруу USB-флеш-алып жүрүүчүдө Гимндин долбоорунун видеожазуу же аудиожазуу түрүндө музыкасынын жазуусу;
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү музыкасынын ноталык жазуусу (партитурасы);
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык).
14. Сынакка жогорку көркөм деңгээлде аткарылган бүтүн музыкалык чыгармалар гана кабыл алынат.
15. Сынактык долбоор 2ден ашпаган куплетке жана 1 кайырмага, аткаруу узактыгы 3төн ашпаган мүнөткө эсептелиши керек. Сынактык долбоордун кыска варианты аспаптык аткарууда 2 мүнөттөн ашпашы керек.
16. Сынакка катышууга өтүнмөнүн кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 20-мартына чейин 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дареги боюнча жөнөтүлөт.
17. Сынакка катышууга өтүнмөнүн электрондук (сканерленген) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 20-мартына чейин gimn.nov.redak2025@gmail.com электрондук дареги боюнча жөнөтүлөт.
18. Сынакка катышууга өтүнмөлөр тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге андан ары ведомстволор аралык комиссияга берүү үчүн Маданият министрлигинде катталат.
4-глава. Комиссия
19. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринен, жазуучулардан, композиторлордон, окумуштуулардан жана башка маданият ишмерлеринен жана чыгармачыл адамдардан түзүлөт.
20. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
21. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кирет. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн саны адамдардын так санынан турат жана 49 адамдан ашпоого тийиш.
22. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген адамдар Сынактын катышуучусу боло албайт.
23. Ведомстволор аралык комиссияны төрага жетектейт, ал ведомстволор аралык комиссиянын ишин жалпы жетектейт жана анын жыйналыштарына төрагалык кылат.
24. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы:
1) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасын, убактысын жана жерин дайындайт;
2) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоорун киргизет;
3) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын алып барат;
4) ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланышкан материалдар жана документтер менен ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн өз убагында камсыз болушун контролдойт;
5) ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине жана жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
6) анын карамагына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн ишин координациялайт;
7) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен катчыны дайындайт;
8) ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
25. Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы:
1) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, жери жана убактысы жөнүндө кабарлайт;
2) ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына даярдыкты уюштурат;
3) материалдарды даярдайт, жыйналыштардын протоколдорун жүргүзөт, ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин тариздейт;
4) ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү койгон баалардын суммасын чыгарат, сынактык долбоорлордун рейтингин түзөт;
5) жыйналыштардын протоколдоруна, ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине кол коёт;
6) Гимндин мыкты долбоорлорун аныктоодо добуш берет.
26. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана сынактык долбоорлорду кабыл алат;
2) сынактык долбоорлор боюнча жарандардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды карайт;
3) сынактык долбоорлор тиркелген өтүнмөлөрдү карайт жана баалайт;
4) мыкты сынактык долбоорлорду тандайт;
5) Сынактын жеңүүчүсүн аныктайт;
6) Сынактын катышуучуларынын кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
7) Сынакты өткөрүүгө байланышкан башка функцияларды жүзөгө ашырат.
27. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн тартиби жана күн тартибинин долбоору төрага тарабынан жарыяланат жана талкуулоодон кийин бекитилет.
28. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштары түз катышуу формасында өткөрүлөт, ал эми ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналыштарга катышуусу милдеттүү болуп саналат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү жыйналышка аралыктан катышуу форматында (ВКБ режиминде) катышууга ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынан уруксат алууга милдеттүү. Бул жагдай ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын протоколунда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
Бирок добуш берүүдө ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына мүчөлөрдүн катышпай калуусуна жол берилбейт. Добуш берүүдө мүчө/мүчөлөр жок болгон учурда, добуш берүү жараксыз деп эсептелет.
29. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, ага ведомстволор аралык комиссиянын бардык курамы кол коёт.
30. Маселени кароонун жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү алган маалыматтар ведомстволор аралык комиссия тиешелүү чечим кабыл алганга чейин ачыкка чыгарылбайт.
31. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ жана добуш берүү укугун башка адамдарга берүүгө укугу жок.
32. “Макул” жана “каршы” добуштардын саны бирдей болгон учурда, ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
5-глава. Сынактык долбоорду баалоо критерийлери
33. Мыкты сынактык долбоорлорду тандоодо ведомстволор аралык комиссия төмөнкү баалоо критерийлерин жетекчиликке алат:
1) композициянын бүтүндүгү, жогорку көркөм таасири;
2) көтөрүңкү маанай, мекенчилдик, эмоционалдуулук, улуттук мотивдер, жашоого шыктандыруучу мүнөз;
3) обондун жагымдуулугу, үндүн гармониялуулугу, оригиналдуулук, оңой эстеп калуу;
4) чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин эрежелерине ылайык келиши;
5) Гимнди ар түрдүү жаш курактагы, улуттагы жана диндеги жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алууга жана аткарууга жеңилдиги;
6) Гимндин текстинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
- тарыхтагы маанилүү окуялар, көп улуттуулук, элдин биримдиги, бай маданий мурастар, руханий салттар жана мамлекеттин жогорку жетишкендиктери;
- Кыргыз Республикасынын табигый жана географиялык өзгөчөлүктөрү, көп кырдуулугу жана индивидуалдуулугу;
- мекенди сүйүү.
34. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан сынактык долбоорлорду ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча баалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) 0дөн 1 баллга чейин – критерийлерге жооп бербейт;
2) 2ден 4 баллга чейин – критерийлерге канааттандырарлык деңгээлде жооп берет;
3) 5тен 7 баллга чейин – критерийлерге жакшы деңгээлде жооп берет;
4) 8ден 10 баллга чейин – критерийлерге жогорку деңгээлде жооп берет.
6-глава. Байгелүү орундар жана сыйлыктар
35. Байге фонду Маданият министрлигинин бюджетинин каражатынын эсебинен түзүлөт.
Сынак аяктагандан кийин, ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Гимндин үч мыкты долбоору жиберилет, анда Гимндин мыкты долбоору үчүн төмөнкү байгелүү орундар аныкталат:
- биринчи орун: 1 500 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык. Жеңүүчү диплому;
- экинчи орун: 1 000 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык. Экинчи орундун лауреатынын диплому;
- үчүнчү орун: 500 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык. Үчүнчү орундун лауреаты диплому.
Атайын байгелер боюнча байгелүү орундарды ведомстволор аралык комиссия аныктайт:
- төртүнчү орун: 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык. Катышуучу диплому;
- бешинчи орун: 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык. Катышуучу диплому.
7-глава. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү тартиби
36. Сынак эки этапта өткөрүлөт:
37. Биринчи этапта Сынактын катышуучулары Сынакка катышуу үчүн сынактык долбоорлор тиркелген өтүнмөлөрүн Маданият министрлигине жөнөтүшөт.
38. Маданият министрлиги:
1) Сынакка катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт;
2) ушул Жобонун 3-главасына ылайык документтердин жана материалдардын толуктугун текшерет;
3) Сынакка мындан ары катышууга жол берилген өтүнмөлөрдү жана сынактык долбоорлорду ведомстволор аралык комиссияга жөнөтөт;
4) Сынакты жарыялоо, ведомстволор аралык комиссиянын өткөрүлгөн жыйналыштары жана Сынакты өткөрүүгө байланышкан башка иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарында, социалдык тармактарында жайгаштырууну уюштурат;
5) улуттук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларында Гимндин мыкты долбоорлорун тандоо боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө чагылдырат;
6) жарандардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кабыл алып, каттап, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет.
39. Сынакка катышуу үчүн ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген материалдар жана сынактык долбоорлор тиркелген өтүнмөлөргө Сынакка катышууга жол берилбейт жана кайра кайтарылбайт.
40. Сынактын экинчи этабында ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү 15 жумуш күндүн ичинде сынактык долбоорлорду ушул Жобонун 5-главасында көрсөтүлгөн критерийлер боюнча тиешелүү баалоо барагында балл коюу жолу менен баалашат жана балл коюунун жыйынтыгы боюнча баалоо баракчасынын сканерленген көчүрмөсүн төмөнкү дарекке жөнөтүшөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, gimn.nov.redak2025@gmail.com.
41. Сынак төмөнкү учурларда өткөн жок деп табылат жана кайра жарыяланат:
1) эгерде Сынакка катышууга бир дагы өтүнмө келип түшпөсө;
2) эгерде Сынакка катышууга бештен аз өтүнмө келсе;
3) эгерде сунушталган конкурстук долбоорлордун бири да ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын алгачкы үч мыкты долбоору катары тандалбаса.
41. Сынактын натыйжасы боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын алгачкы үч мыкты долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.