Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 13-82 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин
2025-жылдын 22-январындагы
№ 13-7 буйругуна тиркеме
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн
МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн ушул методикасы (мындан ары – Методика) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөдө бирдиктүү ыкманы түзүү максатында иштелип чыккан.
2. Чет өлкө валютасынын улуттук валютага карата курсун өзгөртүүгө тарифти кайра карап чыгуу инвестициялык макулдашуунун жана (же) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин алкагында ишке ашырылган ЭКБ объекттери үчүн жүргүзүлөт.
3. Бул Методика отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына, анын ичинде суунун, күндүн, биомассанын, шамалдын жана жердин энергиясын пайдалануучу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Методикага ылайык тарифтерди белгилөөнүн тартибин аныктайт.
4. ЭКБнын пайдаланган орнотмолор тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээли Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык белгиленет жана орнотуунун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке көбөйтүлөт.
2. Тарифтерди эсептөө
5. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор иштеп чыгаруучу электр энергиясына тариф төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Тk - коэффициентти эске алуу менен электр энергиясына тарифтин чоңдугу;
Т - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектүү деңгээли;