Сравнение редакций…
| 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун СТРАТЕГИЯСЫ
1-глава. Киришүү 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкөнүн карызын туруктуу жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Стратегия Кыргыз Республикасынын финансылык керектөөлөрүн алгылыктуу чыгымдар жана тобокелдиктин жол берилген деңгээли менен камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат. Стратегия карыз алууну пландаштыруудан жана каражаттарды тартуудан тартып карыздык тобокелдиктерди талдоого жана карыздын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүүгө чейинки мамлекеттик карызды башкаруунун бардык аспекттерин камтыйт. Макроэкономикалык кырдаалдарга жараша ички жана тышкы рыноктордогу конъюнктуранын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен Стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкөнүн карызын туруктуу жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Стратегия Кыргыз Республикасынын финансылык керектөөлөрүн алгылыктуу чыгымдар жана тобокелдиктин жол берилген деңгээли менен камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат. Стратегия карыз алууну пландаштыруудан жана каражаттарды тартуудан тартып карыздык тобокелдиктерди талдоого жана карыздын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүүгө чейинки мамлекеттик карызды башкаруунун бардык аспекттерин камтыйт. Макроэкономикалык кырдаалдарга жараша ички жана тышкы рыноктордогу конъюнктуранын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен Стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүлөт жана максаттуу көрсөткүчтөрдүн жана коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалымат жарым жылдык мезгилдүүлүк менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында берилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары жана милдеттери
2025-2027-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаты чыгымдарды азайтууну жана тобокелдиктерди башкарууну эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте оптималдуу шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүн каржылоону камсыз кылуу болуп саналат. Жогорудагы максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталган: - баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун масштабын кеңейтүү; - тышкы жана ички карыз алууларды тең салмактуу айкалыштыруунун эсебинен мамлекеттик карыз портфелинин туруктуулугун жогорулатуу; - төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрбөстөн мамлекеттик карызды өз убагында жана толук тейлөөнү камсыз кылуу; - жеткиликтүү механизмдердин алкагында тышкы карызды реструктуризациялоо жана кыскартуу боюнча иштерди, анын ичинде карызды конверсиялоо боюнча операцияларды жүргүзүү; - мамлекеттик карыздын түзүмү, тышкы жана ички мамлекеттик карызды тейлөө жана Стратегияда белгиленген талаптарды сактоо жөнүндө маалыматтарды дайыма жаңылоо жана жарыялоо жолу менен мамлекеттик карыз менен операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатуу; - мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана отчеттуулуктун ачыктыгын камсыз кылуу үчүн карыздарды башкаруунун жана финансылык талдоонун жаңы DMFAS системасына (мындан ары - DMFAS) өтүү.
3-глава. Стратегияны камтуу
Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыздык милдеттенмелери Стратегияны колдонуу чөйрөсүнө кирбейт. Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2025-2027-жылдар мезгилине жайылтылат. Зарыл болгондо макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салык саясатынын параметрлеринин жана ата мекендик жана эл аралык финансы рынокторундагы динамиканын өзгөрүүсүн эске алуу менен Стратегияны жаңылоо жүргүзүлөт.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө болгон бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго тартылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген тышкы мамлекеттик карыз алууларды гана тартуу саясатын улантат: жаңы тышкы кредиттер грант-элементтин 35 пайыздык минималдуу маанисин сактоо менен тартылат. Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууда бир нече булактардан зайымдарды тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен айкалыштыруунун эсебинен бардык тартылган зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдиктердин деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант-элементтин мааниси ошондой эле 35 пайыздан кем болбоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тартылуучу инвестициялар инфраструктуралык жана экономикалык пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган учурларда грант-элементтин минималдуу маанисин сактабастан инвестицияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, бул келечекте өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт. Тышкы карыздын ашыкча топтолушу менен коштолгон потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу бир кредитордун алдында тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан ашпаган тышкы карыздын сандык чектелишин белгилөө жана сактоо менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды эл аралык капитал рыногунда чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды (пайдалуу купондук ставкалар, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли ж.б.) түзүүдө чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мындай учурда минималдуу грант-элементке жана жеңилдиктердин деңгээлине карата талаптар жайылтылбайт, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар рыноктук шарттарда жеңилдетилген кредиттик механизмдерге байланбастан чыгарылат. Мында валюталык жана пайыздык тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн тышкы карыз алуунун шарттарына үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары тартылган каражаттар финансы-кредиттик уюмдардагы депозиттерде жайгаштырылат, ошондой эле башка эмитенттердин баалуу кагаздарына жана финансылык инструменттерине инвестицияланат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу тышкы карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеткиликтүү механизмдердин, анын ичинде көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу форматтарда карыздарды конверсиялоо боюнча операциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо жана/же кыскартуу боюнча ишти улантат.
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды каржылоо максатында рыноктук эмес механизмдер аркылуу казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу укугун өзүнө калтырат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узак мөөнөттүү мамлекеттик казыналык облигацияларды (10, 15 жана 20 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен) сунуш кылууну колдойт. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети келечекте экономикалык пайда алып келе турган инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн ички рынокто чет өлкө валютасында каражаттарды тартууну карайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу ички карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатына жетүү үчүн мамлекеттик ички карызды башкаруу боюнча операциялар ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана ликвиддүүлүк принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкү чараларды карайт: - эмиссиянын ар кварталдык календарын жарыялоо практикасын киргизүү; - мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү.
6-глава. Карызды башкаруу инфраструктурасын өнүктүрүү
DMFASке өтүү карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана төмөнкүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлерин жаңы платформаны колдонууга окутуу; - мамлекеттин бардык карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу жана талдоо үчүн DMFASти толук тестирлөө жана интеграциялоо; - башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн DMFAS системасындагы маалыматтарды дайыма жаңыртып туруу жана системанын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
7-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун зарыл болгон ченемдик укуктук базасын иштеп чыгат жана бекитет, ал Кыргыз Республикасынын суверендүү карыздык кепилдиктерин чыгаруу менен байланышкан укуктук мамилелерге тартылган жана катышкан тараптардын максаттарын, зарыл талаптарын, чектөөлөрүн, укуктарын жана милдеттерин кылдат түрдө аныктайт. Кыргыз Республикасы үчүн кепил катары тобокелдиктерди жана кесепеттерди минималдаштыруу суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун негизги принциби болот. Демек, мамлекеттик кепилдиктерди чыгарууну жөнгө салуучу жоболор жана башка ченемдик укуктук документтер суверендүү кепилдик менен жабуунун өлчөмүн аныктоодо зайымчынын тобокелдиктерин баалоого негизделет. Суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун жол берилген жыйынды көлөмү Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугу менен учурдагы жана күтүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен катуу тартипте аныкталат.
8-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана тобокелдиктерин үзгүлтүксүз контролдойт жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун жана мамлекеттик карыздын туруктуулук индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат. Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун ортосундагы координация мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү Стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү менен макулдашылгандыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.
9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо таблицада берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилерине ылайык жүргүзүлөт. Максаттуу көрсөткүчтөр ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу менен байланышкан конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлер же багыттамалар функциясын аткарат. Стратегияны бекемдөө жана аны ишке ашырууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик карыздын орто мөөнөттүү стратегиясынын (Medium-Term Debt Management Strategy же MTDS) кийинки жаңыланышында кайра каржылоо жана пайыздык тобокелдиктер менен байланышкан жаңы көрсөткүчтөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрү
| ||||||||||||||||||||||||||||||||