Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 31-январы ПЖ № 34
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу
фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимдерине ылайык башка кирешелер багытталышы мүмкүн.";
- 11-пунктта "он" деген сөз "он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Байкоочу кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат: