Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен
аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү
(тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 632 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1. Аскердик-дарыгердик күбөлөндүрүү тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугунун абалы боюнча аскердик жана альтернативдик кызматтарга жарактуулугунун категориясын аныктоо максатында, ошондой эле жарандар тарабынан алынган жаракаттардын (контузиянын, жаракаттын, мертинүүнүн) аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу, оорулардын аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө менен себептик байланышын (мындан ары - жаракаттын (контузиянын, жаракаттын, мертинүүнүн), оорунун себептик байланышы) аныктоо максатында өткөрүлөт.
Медициналык күбөлөндүрүү деп жарандардын аскердик кызматка, кээ бир аскердик-каттоо адистиктерине окутууга (кызматка) жарактуулугун аныктоо максатында күбөлөндүрүү учурунда алардын ден соолугунун абалын жана физикалык өнүгүүсүн изилдөө жана баалоо, ушул Жобо менен каралган башка маселелерди жазуу жүзүндөгү корутунду чыгаруу менен чечүү түшүнүлөт.
Аскер кызматчыларын, аскердик жыйындарды өтүп жаткан жарандарды, аскердик кызматты (органдардагы кызматты) өтөө убагында жаракат (контузия, жаракат, мертинүү) алган, ооруп калган башкаруучу курамдагы адамдарды (кызмат адамдарын) медициналык күбөлөндүрүү, аныкталган дарыгерлик-эксперттик жыйынтыктан чыгып, алардын аскердик кызматка (органдардагы кызматка) жарактуулук категориясын аныктоо үчүн өткөрүлөт.
2. Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизаны жана медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү үчүн Куралдуу Күчтөрдөгү аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертиза (тынчтык жана согуш мезгилинде) органдары жөнүндө жобого ылайык аскердик-дарыгердик комиссиялар жана аскердик-учкучтук комиссиялар түзүлөт.
Кээ бир учурларда аскердик-дарыгердик комиссиялар мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча аскер кызматчыларды медициналык күбөлөндүрүү жана дарылоо өткөрүлгөн мекемелерде түзүлүшү мүмкүн.
Ушул Жобону Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жана согуш мезгилинде түзүлүүчү атайын түзүлүштөрдө колдонуу тартиби тиешелүү органдар тарабынан аныкталат.
Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизага методикалык жетекчилик кылуу Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссияга жүктөлөт.