Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXIV СЕССИЯСЫ

 (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 10-сентябры  № 240

“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №22 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге ылайык;

-жер участогун ижаралоонун типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;

-муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү 3-тиркемеге ылайык.

 

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С.С. Назылбеков

 

 

 

Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы кезексиз XXXIV сессиясынын№ 240 токтомуна 1-тиркеме

“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган

жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын

акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө”

Жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул жобо Ош шаарында жер участокторун ижара шартындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө   (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”,“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына,                    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”                   № 571 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Жобо Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тооруктарды өткөрүүсүз түз сатуу жолу менен берүү тартибин регламенттейт.

3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин                     32-статьясында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жер участокторун акысыз берүүгө жайылтылбайт.

 

2. Терминдер жана түшүнүктөр

 

4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:

тоорук - муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;

түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;

жерлерди ижаралоо – менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер тийиштүү мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;

ижарага берүүчү – Ош шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

ижарачы – жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен ушул                          Жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;

башкы план – шаардын аймактарын өнүктүрүүнүн келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толук пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;

шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участогунун максатынын, функционалдык арналышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;

шаар куруу регламенти - белгиленген шаар куруу документтеринин жана жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу иш-аракетин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;

жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;

жалпы пайдалануудагы жерлер - калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, жашыл бак-дарактар, газондор, арык жана башка авто унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тарамдары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр);

чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:

а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;

б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;

в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонот же башкарылат;

г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;

д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;

шаар курууну жөнгө салуу сызыктары - ченемдик талаптарга ылайык анын чектеринде өзгөчө режимдер жана аларды пайдалануу эрежелери колдонулган аймактардын чек аралары;

ак ниетсиз атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгерде мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:

а) аукциондун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;

б) коррупцияга;

в) аукциондо бааны жасалма төмөндөтүүгө;

г) потенциалдуу атаандаштардын аукционго катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасантай аракеттерге;

д) аукциондун катышуучулары менен комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосундагы макулдашууга;

онлайн-жыйын - жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартибин жана шарттарын ачык талкуулоонун катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн, реалдуу убакыт шарттамында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйындарын трансляциялоону карайт;

жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке же юридикалык жактардын буюмдук укугу;

жер участогуна укуктарды берүү - муниципалдык менчикте турган жер участогунун ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке же юридикалык жактарга пайдаланууга берилиши;

жер участогун уруксат берилген пайдалануу - шаар куруу документтери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле                               Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, анын ичинен сервитуттарга ылайык пайдалануу;

сервитут - менчигинде же башка жактын пайдалануусунда турган жер участокту чектелүү максаттуу пайдаланууга адамдын укугу;

жер участогунун баштапкы наркы - жер участогунун баштапкы баасы;

ыйгарым укуктуу орган - Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген түзүмдүк бөлүмү;

архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укук берилген орган;

жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Ош шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;

жерлердин максаттуу дайындалышы - жер участокторун жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

жерлердин функционалдык дайындалышы - шаар куруу жана /же жерге жайгаштыруу документтерин эске алуу менен, жерлердин максаттуу дайындалышына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык, жер участогунун дайындалышы;

жер участогун түзүү - Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык, чектерди аныктоого, максаттуу, функционалдык дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси.

 

3. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрүүсүз берүүнүн шарттары

 

5. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкү учурларда түз сатуу жолу менен берилиши мүмкүн, эгерде:

а) жер участогу социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;

б) жер участок 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрүнө ылайык, курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.

 

4. Жер участогун түз сатуу жолу менен түзүү жана ага укуктарды берүү тартиби

 

6. Ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет.

Жер участок төмөнкү учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде: