(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна)
Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салыктык базасын аныктоо жана колдонуу жол-жобосун регламенттейт.
2. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;
2) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашыруучу, жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак;
3) тобокелдиктерди башкаруу системасы (мындан ары - ТБС) - салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугунун тобокелдиктерин аныктоо үчүн багытталган ыйгарым укуктуу салык органынын системасы;
4) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы - товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу КНС салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ЕАЭБ Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 10 белгиден турган цифралык коду бар товарларына белгиленет.
4. Тизмек ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
5. Ташып киргизилген товар үчүн эсептешүүлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттин валютасынын курсу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолгон товарларды эсепке кабыл алган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.