Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) аңчылык, мергенчилик чарбасын жүргүзүү, мергенчилик продукциясын пайдалануу чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат жана аңчылардын жана аңчыларга теңештирилген адамдардын укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
Эрежелер аңчылык кылуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Эрежелерди аңчылык кылган (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу) жана мергенчилик чарбасынын ишин жүргүзгөн бардык адамдар сактоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасында аңчылык кылуу укугу белгиленген тартипте аңчы статусуна ээ же ага теңештирилген адамдарда гана болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3. Аңчы статусуна ээ болгон жеке жактардын же ага теңештирилген адамдардын аңчылык кылуу укугун ишке ашыруу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жөнгө салынат.
4. Белгиленген тартипте аңчылык кылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимге ылайык кимдир бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде гана жол берилет.
5. Мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирбеген мергенчилик кылуучу жерлерде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында ок атуучу, пневматикалык жана ыргытма курал, алгыр жырткыч канаттуулар, капкандар жана башка аңчылык куралдары же болбосо аңчылык продукциясы менен болуу аңчылыкка теңештирилет.
6. Эрежелерде колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
- аңчылык - олжолоо максатында аңчылар тарабынан издөөнү, аңдууну, артынан түшүүнү жүзөгө ашыруу процессин жана табигый эркиндик абалындагы, же жарым-жартылай эркин шарттардагы жапайы айбанаттарды жана канаттууларды иш жүзүндө олжолоонун (кармап алуу же атып алуу жолу менен) өзүн билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрү;
- аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке адам же аңчыга теңештирилген адам;
- мамлекеттик мергенчилик ырастамасы - жеке жактын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ;
- аңчылык кылынуучу жаныбарлар - аларды сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынган, табигый жаратылыш шарттарында же аңчылык питомниктеринде жүргөн, түрдүк таандыктыгы боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн (жапайы жаныбарлар жана канаттуулар) өкүлдөрү;
- аңчылык кылынуучу жаныбарларды олжолоо - аларды атып алуу же кармап алуу жолу менен аңчылык жаныбарларын табигый чөйрөдөн алуу;
- мамлекеттик аңчылык фонду - аңчылык кылынуучу жаныбарлардын алардын жашоо чөйрөсү менен бирдиктүүлүгү;
- аңчылык ресурстары - аңчылык кылынуучу жаныбарлардын түрдүк жана сан жагынан жыйындысы;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин, козу карындардын биологиясы, таралышынын абалы жана жашоо чөйрөсү, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
- лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген түрлөрдүн чектелген саны;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу ченемдери - популяциялардын туруктуу жашоого жана кайра көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, белгилүү бир мезгилге конкреттүү мергенчилик кылуучу жерлерге же бир мергенчиге белгиленүүчү табигый чөйрөдөн алууга карата жол берилген аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген өзгөчөлөнгөн түрлөрүнүн чектелген саны;
- олжолоонун (алып коюунун) квотасы - аңчылыкты пайдалануучулардын өтүнмөлөрү боюнча конкреттүү аңчылык кылынуучу жерлердин аймагында (мергенчилик чарбасы, аңчылык кылынуучу жерлердин участогу) аңчылык ресурстарын пайдалануунун белгилүү мөөнөтүнө жана түрүнө бөлүнүүчү лимиттин бир бөлүгү;
- аңчылык олжосу - аңчылыктын продукциясы (олжолонгон жапайы жаныбарлар жана алардын дериваттары);
- чет өлкөлүк аңчы - жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран.