Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 29-ноябрындагы             №29-1/6                                               

 

Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын чакыруу жѳнʏндѳ         

 Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2024-жылдын 20-сентябрындагы, №271 « III Элдик Курултайды чакыруу» жѳнʏндѳгʏ Жарлыгынын негизинде, кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруунун жана ѳткѳрʏʏнʏн календарлык планына ылайык, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын I сессиясы,

                                                                 токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо ʏчʏн, Каракол шаары боюнча жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ чогулушу, 2024-жылдын 7-декабрында, саат 10-00 го чакырылсын. Курултайды ѳткѳрʏʏ жайы катары, Ысык-Кѳл областтык К.Жантѳшев атындагы музыкалык драма театры белгиленсин.
  2. Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын уюштуруу жана ѳткѳрʏʏ боюнча жумушчу тобу, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын, бекитилген графикке ылайык ѳткѳрʏʏнʏ уюштурсун.
  4. Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, тургундарды ММКлар, расмий сайттар аркылуу, бекитилген графикке ылайык, ѳтѳ турган жыйындардын орду, датасы, убактысы боюнча маалымат беришсин.
  5. Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏ, Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча, жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын ѳткѳрʏʏдѳ коомдук тартипти камсыз кылсын.
  6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  7. Токтом ММКларда жарыялансын.
  8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын мэри Ф.А.Алжамбаевге жана Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасына  жүктөлсүн.

 

    Тѳрага                                                                                             А.А.Сапарбеков