Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-февралы № 72-т
Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рыноктун туруктуулугун жана толтурууну камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, 2025-жылы ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул тескеме менен бекитилген Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турсун;
2) ушул тескеме менен бекитилген Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 46-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ