АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2023-жылдын 13-марты № 95
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №89-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №89-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №89-токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин жана төмөндөгүдөй окулсун:
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун Торкен айылындагы сугат жерлерин ижарага берүүдө төмөндөгүчө берилсин:
-Торкен айылынын сугат аянттары Рабкооптун арты жер комиссиясы аркылуу аукцион менен, баштапкы баасы ар гектарына 5000 сомдон, кадамы 500 сомдон кепилдик төлөмү 2000 сомдон мөөнөтү 5 жылга;
-Торкен айылынын шартуу сугат аянттары болгон Аэропорт участогундагы жерлер жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 4000 сомдон, мөөнөтү 5 жылга;
-Торкен айылынын К-6 жана Айгыржал участогундагы шартуу сугат жерлери жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 2000 сомдон мөөнөтү 5 жылга берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | Таалайбек уулу Курсант |