Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 54
2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоону өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдарын даярдоо боюнча комплекттөө планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар:
1) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 2025-жылга Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык даярдоо пландарын иштеп чыксын;
2) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык иш-чараларды уюштурсун;
3) пландарды ишке ашырууну тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тиешелүү жылга бекитилген штаттык санынын жана каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 25 "2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Ким тартылат | Датасы |
Кыргыз Республикасынын Президентинин - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилигинде өткөрүлүүчү иш-чаралар | |||
1 | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын 2025-жыл үчүн ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга тапшырма коюу боюнча жыйналышын өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысы - Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын төрагасы жана комиссиянын мүчөлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, республикалык деңгээлдеги Жарандык коргонуу уюмдары | Декабрь |
2 | Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Чүй облусунун аймагында "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери" темасында командалык-штабдык машыгуу | Республикалык, облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилик жана команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуу объекттери, Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан облустун аймагында жайгашкан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер, министрликтердин жана административдик ведомстволордун ыкчам курамы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ыкчам топтору | 12-14-март |
3 | Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Нарын облусунун аймагында "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери" темасында командалык-штабдык машыгуу | Республикалык, облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилик жана команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуу объекттери, Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан облустун аймагында жайгашкан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер, министрликтердин жана административдик ведомстволордун ыкчам курамы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ыкчам топтору | 16-18-апрель |
4 | Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Баткен облусунун аймагында "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери" темасында командалык-штабдык машыгуу | Республикалык, облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилик жана команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуу объекттери, Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан облустун аймагында жайгашкан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер, министрликтердин жана административдик ведомстволордун ыкчам курамы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ыкчам топтору | 10-12-сентябрь |
5 | Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Бишкек шаарынын аймагында "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери" темасында командалык-штабдык машыгуу | Республикалык, облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилик жана команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуу объекттери, Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү муниципалдык администрациялары. муниципалдык аймактык башкармалыктары, шаардын мэриясы, менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер, министрликтердин жана административдик ведомстволордун ыкчам курамы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ыкчам топтору | 22-24-октябрь |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын биринчи орун басарынын жетекчилигинде өткөрүлүүчү иш-чаралар | |||
6 | "Кыргызаэронавигация" МИнин Жарандык коргонуу абалын баалоо | "Кыргызаэронавигация" МИнин команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуу штабы жана түзүмдөрү | 2-4-апрель |
7 | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Жарандык коргонуу абалын баалоо | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын команда-башчылык курамы, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакуациялык органдары, Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, ӨКМдин облустук башкармалыгы, облустардын жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, шаар мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер | 14-16-май |
8 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин - Жарандык коргонуунун радиациялык-химиялык коргоо кызматынын Жарандык коргонуу абалын баалоо | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жарандык коргонуунун жетекчилик жана команда-башчылык курамы, эвакуациялык органдары, штабы жана түзүмдөрү, Жарандык коргонуунун түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, облустук, шаардык жана райондук кызматтары | 24-26-сентябрь |
9 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин - Жарандык коргонуунун транспорт кызматынын Жарандык коргонуу абалын баалоо | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык коргонуунун жетекчилик жана команда-башчылык курамы, эвакуациялык органдары, штабы жана түзүмдөрү, Жарандык коргонуунун түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, облустук, шаардык жана райондук кызматтары | 4-6-ноябрь |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - эвакуациялык комиссиянын төрагасынын жетекчилигинде өткөрүлүүчү иш-чаралар | |||
10 | Эвакуациялык комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү: - эвакуациялык иш-чаралар боюнча жыйналыштарды өткөрүү; - 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга тапшырмаларды коюу | Республикалык эвакуациялык комиссиянын курамы, облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы эвакуациялык комиссиялардын төрагалары, административдик ведомстволордун, республикалык деңгээлдеги Жарандык коргонуу объекттеринин жетекчилик курамы | Жылына эки жолудан кем эмес |
Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар | |||
11 | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдары менен "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери" темасында штабдык машыгуу | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдар борбору, Кыргыз Республикасынын ӨКМдин жетекчилик жана ыкчам курамы, Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ӨКМдин облустук башкармалыктары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер | 12-13-февраль |
12 | "Өзгөчө кырдаалдар шартында Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу" темасында Америка Кошмо Штаттарынын улуттук гвардиясы менен "Ак-Шумкар - 2025" биргелешкен эл аралык машыгуу | Кыргыз Республикасынын ӨКМдин ыкчам тобу, Кыргыз Республикасынын ӨКМдин бөлүмдөрү (КДМБ, "Авиациялык издөө-куткаруу кызматы" МИ, Апааттык медицина кызматы ж.б.), Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ыкчам топтору | 23-27-июнь |
13 | Жарандык коргонуунун жетекчилик, команда-башчылык курамын, түзүмдөрүн жана калкты окутууну уюштуруу | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери | Комплекттөө планы боюнча |
14 | Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана чарбалык объекттер | Өзүнчө план боюнча |
15 | Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы авто жолдоруна жанаша жайгашкан кар көчкүлөрдү, таш кулоолорду мажбурлап түшүрүү боюнча алдын алуу иштерин даярдоо жана жүргүзүү (КР ӨТ 2011-жылдын 29-июлундагы № 435) | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Жыл ичинде |
16 | Жайкы жана кышкы өрт кооптуу мезгилдерге өрттүн алдын алуу иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, башка чарбалык субъекттердин жетекчилери | Жыл ичинде |
17 | Жайкы туристтик сезондо суу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу (КР ӨТ 2011-жылдын 13-августундагы № 466) | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоочу же спорттук максатта, ошондой эле жарандардын массалык эс алуусу үчүн пайдаланган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, башка чарбалык субъекттердин жетекчилери | Жыл ичинде |
18 | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилиндеги планын тактоо жана түзөтүү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары | 1-квартал |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өткөрүүчү иш-чаралар | |||
19 | Жарандык коргонуунун ыкчам даярдоо боюнча негизги иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү: | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары, Жарандык коргонуу түзүмдөрү |
|
- штабдык машыктыруу; | Жылына 1 жолу | ||
- штабдык машыгуу; | Жылына 1 жолу | ||
- Жарандык коргонуу түзүмдөрү менен тактикалык-атайын машыгуулар; | Жылына 2 жолу | ||
- объекттик машыктыруу; | 3 жылда 1 жолу | ||
- комплекстүү машыгуу; | 3 жылда 1 жолу | ||
- командалык-штабдык машыгуу; | 3 жылда 1 жолу | ||
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн (объекттердин) Жарандык коргонуу абалын баалоо | Жылына кеминде 2 объект | ||
20 | Жетекчилик жана команда-башчылык курамды, жумушчуларды жана кызматчыларды окутуу жана даярдоо | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Өзүнчө план боюнча |
21 | Жыйналыштарды өткөрүү: | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын, облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын, райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары жана эвакуациялык комиссиялары |
|
- Жарандык коргонуу боюнча комиссия; | Кварталына 1 жолу | ||
- эвакуациялык комиссия | Жылына 2 жолу | ||
22 | 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга тапшырмаларды коюу | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилик жана команда-башчылык курамы | Декабрь |
23 | Жарандык коргонуу жаатында окуу-материалдык базаны түзүү жана өркүндөтүү | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Жыл ичинде |
24 | Табигый кубулуштарга жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Дайыма |
25 | Калкты жана аймактарды коргоо боюнча алдын алуу (превентивдүү), профилактикалык иш-чараларды, авариялык калыбына келтирүү иштерин уюштуруу | Жарандык коргонуу кызматтары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Дайыма |
26 | Экономика объекттеринин жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системаларынын өзгөчө кырдаалдар шарттарында туруктуу иштешин жогорулатуу боюнча иш жүргүзүү | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Дайыма |
27 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдарын жана калкты кабарлоо системасын өркүндөтүү | Министрликтердин жана ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Дайыма |
28 | Өрт коопсуздугунун эрежелеринин талаптарын аткарууну контролдоо жана камсыз кылуу | Министрликтердин жана ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Дайыма |
29 | Колдонуудагы коргоочу курулмалардын (баш калкалоочу жайлардын, радиацияга каршы баш калкалоочу жайлар ж.б.) талаптарына ылайык сакталышын жана колдонулушун контролдоону камсыз кылуу | Министрликтердин жана ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Дайыма |
30 | Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү үчүн, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резервдерин жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу жана сактоо | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчылары | Дайыма |