Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-февралы № 101-т
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылга төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү артыкчылыктуу катары аныкталсын: жаздык жана күздүк буудай, жаздык жана күздүк арпа, күрүч, жүгөрү, картошка, пахта, май өсүмдүктөрү, соя, беде жана эспарцет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
- 2025-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча сунуштарды 3-тиркемеге ылайык жетекчиликке алсын.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактарынын бирикмесине 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюу бекеттеринде дизель отунун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 4-тиркемеге ылайык топтоону камсыз кылуу;
- "Кыргыз жер семирткич ташып келүүчүлөр ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн минералдык жер семирткичтерди ташып киргизүүнү 5-тиркемеге ылайык көлөмдө камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте оруп-жыйноо иштеринин башталышы менен жер-жерлерде дан камдоочу убактылуу жайларды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү мөөнөттөрдө берсин:
- 2025-жылдын 15-мартына чейин - жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн айыл чарба техникасынын даярдыгы, үрөндөрдүн жана минералдык жер семирткичтердин болушу тууралуу;
- 2025-жылдын 15-майына чейин - жазгы-талаа иштеринин жүрүшү жөнүндө;
- 2025-жылдын 25-июлуна чейин - жазгы-талаа иштеринин аяктагандыгы жөнүндө;
- 2025-жылдын 25-декабрына чейин - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оруп-жыйноо иштеринин жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн аяктагандыгы жөнүндө
7. Бул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга бекитилген каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-февралы № 101-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т тескемесинин редакциясына ылайык)