Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтомуна)
Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, каза болгон жарандарды муниципалдык көрүстөндөргө көмүү, ошондой эле мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин жөнгө салат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин тургундарынын жергиликтүү каада-салттарын, улуттук үрп-адаттарын жана дин тутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Нускамада жөнгө салынбаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди белгилөөгө укуктуу.
3. Сөөк коюу ырым-жырымынын тигил же бул түрүн өткөрүүгө күч колдонуп мажбурлоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ырым-жырымын (анын ичинде каза болгондун эркинин негизинде) өткөрүүгө жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө инсандыгы аныкталбаган каза болгондорду, таанылбаган жана талап кылынбаган өлүктөрдү жана биологиялык калдыктарды көмүү (кремациялоо), ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларында жазаны өтөө мезгилинде каза болгондорду жубайы, жакын туугандары же башка туугандары жок болгон учурда же болбосо алар көмүүдөн баш тарткан учурда каза болгон адам ушул Нускамада белгиленген тартипте көмүлүүгө (кремациялоого) тийиш.
Денеси талап кылынбаган, каза болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды көмүү (кремациялоо), эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Нускамада белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2-глава. Көрүстөн үчүн жер участогун бөлүп берүү
5. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинде белгиленген талаптарды жана тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Мында жергиликтүү мамлекеттик администрация тийиштүү мамлекеттик органдарга жер участогун бөлүп берүү үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын жана жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн корутундуларын берүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылат.
6. Көрүстөндү жайгаштыруу үчүн зарыл болгон аянтты эсептөө төмөнкү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт:
1) калктуу конуштун тургундарынын саны жана анын өсүү келечеги. Калктын келечектүү саны калктын шаар түзүүчү жана шаар тейлөөчү топторунун жана демилгелүү эмес калктын салыштырмалуу салмагын белгилөө менен бул топторду эсепке алып аныкталат;
2) көрүстөн мезгилдери - көрүстөндү эксплуатациялоо үчүн эсептик убакыт кыртыштын мүнөздөмөсүнө жараша 30 жылдан кем болбоого тийиш;
3) көмүүгө эсептелген бир аянттын дифференцияланган ченеми (10 жаштан улуу баланын жана чоң кишинин, 9 жашка чейинки баланын мүрзөсү, ошондой эле ардактуу жана үй-бүлөлүк мүрзө үчүн жай);
4) жашылдандыруу үчүн аянттар, жолдор, аллеялар, ошондой эле көрүстөндөрдүн участогунда жайгашкан имараттар.
7. Көрүстөндүн участогунун рельефине, аймагындагы бак-дарактарга жана башка табигый шарттарына жараша төмөнкүдөй типтеги көрүстөндөр долбоорлонот жана курулат:
1) туруктуу - тынч рельефтүү участоктордо;
2) ландшафттык көрүстөндөр-парктар - ландшафттык архитектуранын ар кандай ыкмаларын пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү рельефи татаал жана табигый бак-дарактары бар участоктордо;
3) аралаш - аймактын бир бөлүгүн ландшафттык түзүлүштөр үчүн бөлүп берүү жана мүрзөлөрдү туруктуу тип боюнча жайгаштыруу менен.
8. Көрүстөнгө участок бөлүп берүү үчүн кайрак жана сугат суу чыкпаган жерлерди, тегиз, дөбө, саздак болбогон аймакты колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык тандоо керек.
Көрүстөн үчүн бөлүнгөн участок төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек:
1) калктуу конуштун жана чарбалык-тиричилик максаттар үчүн пайдаланылуучу ачык көлмөлөрдүн карама-каршы тарабына 0,5-5% чегиндеги эңкейиши бар. Тоолуу райондордо террасаларды жана жолдорду 5%га чейинки эңкейиш менен милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен 30%га чейинки эңкейишке жол берилет.
Табигый эңкейиш жок болгон учурда, суу бурулушун жана топурактын ашыкча нымдалуусун алдын алууну камсыз кылган тик пландоо жүргүзүү зарыл. Зарыл болгон учурда лотокторду, кюветтерди куруу, түтүктөрдү салуу жана башка инженердик иш-чаралар каралышы керек;
2) жаан-чачын жана кар эриген мезгилде суу ташкынына же жер бетинде суунун пайда болушуна жол бербөө;
3) участоктогу жер астындагы суулар эң бийик деңгээлге жеткен учурда жер бетинен 2,5 метрден төмөн болушу керек. Бул талапка жооп берген участоктор жок болгон учурда, көрүстөн үчүн бөлүнгөн участок кургакталып турушу керек;
4) ыңгайлуу, көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган кире бериштери бар.
9. Көрүстөн үчүн участоктун жайгашуусу жана анын өлчөмү калктуу конушту пландоо жана куруу долбоорунда каралат. Көрүстөндү жайгаштыруу калктуу конуштун аймагын андан ары кеңейтүүгө тоскоолдук жаратпашы керек.
Көрүстөндөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин (22-тиркеме) 190, 191-пункттарынын талаптарын сактоо менен жайгаштырылат.
10. Көрүстөндүн түрлөрү:
1) ачык (иштеп жаткан) көрүстөн - бош орун болгондо көмүү жана мүрзөнүн жанына көмүү, ошондой эле эксгумация жана кайра көмүү жүргүзүлөт;
2) жабык көрүстөн - эксгумацияны жана кайра көмүүнү кошпогондо, көмүүнүн жана мүрзөнүн жанына көмүүнүн бардык түрлөрүнө тыюу салынат.
Ачык (иштеп жаткан) көрүстөндөр өз кезегинде диний жана аралаш көрүстөндөргө бөлүнөт.
Диний көрүстөндөр - диний жана улуттук каада-салттарды эске алуу менен бир диндеги өлгөндөрдүн сөөгү коюлуучу жерлер. Диний көрүстөндөр жергиликтүү каада-салттарды, улуттук үрп-адаттарды, дин тутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлонот.
Аралаш көрүстөндөр - диний ишенимине карабастан каза болгон жарандар, ошондой эле талап кылынбаган өлүктөр көмүлүүчү жерлер.
11. Көрүстөндүн эксплуатацияга киргизүүгө даярдыгы жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу иши маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан дайындалган комиссиянын атайын акты менен таризделет.